КИЛКИЛДЕК – ООРУГАН МУУНДУН ДАБАСЫ

Оорудан жабыркаган муундарды калыпка келтирүү кыйын. Керектүү тамак-аштар кемирчек ткандарынын иштөөсүн жакшыртып, сезгенүүгө кабылуусунун алдын алат. Муундарды сактоо жана муун оорусу барлардын да оорусуна дарылар менен кошо жакшы таасир берүүчү төмөнкү азыктарды травматолог-ортопед окумуштуулар сунушташат.

Желатин. Бул курамында коллаген (белок) бар жаныбарлардын тарамышын, кемирчегин, байламта, сөөк, терилерин кайнатуу менен алынуучу зат. Коллаген болсо муундарга керек. Ал муундар жаракатка кабылганда, сөөк сынганда, муундар ооруганда оорутууну басаңдатат, кол муундарынын кырсылдашын токтотот.

Гидролизделген коллаген. Муну БАД катары чыгарышат. Гидролизделген коллаген булчуңдардагы жана муундардагы оорутууну басаңдатып, бел, бут ооруларынын да алдын алары аныкталган. Андыктан муун, буттарынан жаракат көп ала турган спортчулар башкаларга караганда көбүрөөк колдонушат.

Килкилдек. Муну жасаш үчүн эл көбүнчө уйдун буттарын териси менен кошо кайнатышат. Килкилдектин курамындагы заттар чыканак, тизе жана башка муундарды майлап, муундардын бири-бирине тийишип, жешилүүсүнүн алдын алып туруучу заттардын иштелип чыгышын жакшыртат.

Куркума. Бул татымал муундардагы сезгенүүнү азайтары илимде аныкталган. Андыктан муундардагы оорутууда чени менен колдонсо болот.

Сүт. Мунун курамындагы кальций муундардын, бел, кол-буттун түзүлүшү өзгөрбөй, мисалы, кыйшайбай жана бекем болушуна шарт түзөт. Сүт муун оорусуна дары катары эмес, айыгууда кошумча азык катары гана колдонулат. Ошондой эле муун, сөөк ооруларынын алдын алууда да ролу чоң.

Зыгыр майы. Курамындагы омега-3 май кычкылы муундардын кыймылдуулугун арттыра тургандыгы менен баалуу.

Витаминдер. Булардын организмдеги тартыштыгы муундарды алсыздандырат. Алсыз муундар жаракаттарга, сезгенүүлөргө көп кабылат. Андыктан курамында витаминдер көп жашылча-жемиштерди үзбөй жеш керек.

Эскертүү: желатин, гидролизделген коллаген, куркума жана зыгыр майын муун оорусу барлар врачтар уруксат берсе гана пайдаланышы шарт. Анткени адамдын башка оорулары, мисалы, ашказан, уйку бези болсо терс жыйынтык бериши мүмкүн.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1000, 4-10-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан