ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 7-февралдан 13-февралга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Апта күтүлбөгөн окуяларга бай болот. Ал окуяларда сиздин сабырдуулугуңуз, кокусунан пайда болгон көйгөйлөрдү чече билүү жөндөмүңүз сыналат. Чет өлкөгө узакка саякатка чыгууга же иш сапарга кетүүгө камданып жаткандардын иш сапары ийгиликтүү болот. Жалгыз бойлорду жагымдуу таанышуу күтөт. Кечеде же расмий мааракеде жолуккан таанышыңыз болочоктогу жарыңыз болуп калышы толук мүмкүн.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Буга чейин пландап жүргөн тилектериңизди ишке ашырууга убакыт келди. Аптада тобокелчилик кылып аракетти баштасаңыз, өзүңүздөгү жаңы таланттарды ачасыз. Аптада ишенчээктикти таштаңыз, болбосо буга чейин чогулткан каражатыңыздан куру жалак калышыңыз ыктымал. Мүнөзүңүздөгү терс сапаттардан улам жакындарыңыз сиз менен убактылуу мамиле куруудан баш тартышы мүмкүн. Бош убактыңызда спорт менен машыгып, жөө басып, чарба иштери менен алектенсеңиз болот.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Жумуштан чогулган негативдүү эмоцияларды үй-бүлө мүчөлөрүнөн чыгарбаңыз. Бул апта сизден чечкиндүүлүктү, ашыкча энергияны талап кылат. Балдары барлар алардын ийгилигине кубанып төбөсү көккө жете сүйүнүшү мүмкүн. Жылдыздар аптада бирөөдөн карыз же банктан насыя алууну сунушташпайт. Ден соолугуңузга убагында кам көрүңүз, суук тийип же тумоолоп калсаңыз дароо дарыгердин жардамына кайрылганыңыз оң.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Жакындарыңыз менен мамилени жакшыртууга жакшы шарт түзүлөт. Жумушта жетекчиңиз менен талашып-тартышпай эле койгонуңуз туура, себеби натыйжасы сизге каршы иштеп калышы ыктымал. Аптада сиздин материалдык абалыңызды жакшыртуучу мыкты бизнес идеялар келет. Эс алуу күндөрүн үй-бүлөлүү бөйөндөр балдары менен өткөрүп, аларга тарбия берүү менен алектенгени туура.


АРСТАН (23.07-23.08)

Аракетиңизге жараша ийгилик коштойт. Жумушта чыдамкайлыгыңыз, иштөө жөндөмдүүлүгүңүз күчөп, лидерликке умтуласыз. Өзүңүз тууралуу жагымсыз кептерди угуп көңүлүңүз чөгүшү ыктымал, сиз бул жагдайды “ийгиликтүү адамды сөз ээрчийт” деп кабылдашыңыз керек. Аптада ири суммадагы каражатка соода кылсаңыз болот. Мисалы, үйүңүзгө тиричилик буюмун же эмерек сатып алып. Жалгыз бой арстандар виртуалдык таанышуудан оолак болгону жакшы, келечеги жок.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Бардык жумуштарыңызды бүтүрүүдө бекем тартип, иреттүүлүк талап кылынат. Айрым майда-чүйдө кемчиликтерди эске албаганда бул апта сиз үчүн ийгиликтүү болот. Кирешеңиз көбөйүп, маянаңыз көтөрүлүшү мүмкүн. Көйгөйлөрүңүз өзүнөн-өзү чечилет. Үй-бүлөдө көз карашыңызды коргойм деп түгөйүңүз менен араздашуудан алыс болуңуз. Үлпөт тойго даярданып жүргөн бийкечтер ушул апта тойдун датасын белгилешсе болот.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жумуш ордун алмаштырууну каалаган таразаларды ийгилик коштойт. Жаңы жамаат, жетекчилик менен оңой тил табышып, өзүңүздөгү жаңы жөндөмдөрдү ача аласыз. Материалдык абалыңыз жакшырып, карыздарыңыздан кутуласыз. Эс алуу күндөрү алыстан келген туугандарыңызды коноктошуңуз мүмкүн. Жалгыз бой таразалар романтикалык жолугушуу уюштуруп, сүйүктүүсүнүн колун сурашы мүмкүн.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Жумушта карьералык өсүү күтүлөт. Каржылык көйгөйлөр чечилип жеңилдеп каласыз. Сүрөт тартууга, чыгарма жазууга кызыккан чыгармачыл чаяндар аракетинин акыбетин көрүшөт. Түгөйүңүз менен таарыныч болсо аралыкты көпкө узартпай элдешүүнү өзүңүз баштаңыз. Эс алуу күндөрү алыстан кубанычтуу кабар угуп сүйүнүшүңүз мүмкүн. Бош убактыңызда спорт менен машыгуу, таза абада жөө басуу мээңизди сергитет.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Апта эмоционалдуу өтөт. Көп окуяларда сабырдуу болуп, эмоцияңызды көзөмөлдөгөнгө аракет кылыңыз. Унаа башкарууда этият болуңуз, кокустуктун айынан жаракат алып калышыңыз мүмкүн. Жалгыз бой жаачылар кайсы бир кечеден болочоктогу жары менен кезигип калышы ыктымал. Оңдоп-түзөө иштерин баштап коюп, аягына чыгара албай жүргөн жаачылар ушул аптада аягына чыгарып, жумушунун жыйынтыгынан эргүү алышат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Жалгыз бой текечер айымдардын аптада түгөйүн табууга мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Алар мырзалардын көңүл чордонунда болушат. Сизди зериктирген, жакпаган жумушту кылгыңыз келбесе андан баш тартып, чечкиндүү кадамдарга барыңыз. Үй-бүлөлүү текечерлер өмүрлүк түгөйүнө ишеним артып, анын ою менен болсо түгөйүнүн көп ийгилик жаратуусуна шарт түзүшөт. Бул жумада күтүүсүз сюрприздерге да даяр туруңуз, лотереядан байге утуп алышыңыз мүмкүн.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Сизди буга чейин катуу таарынткан адам кечирим сурап келет. Суу куярлар аптада түгөйү менен чыр-чатакка барбаганы оң. Талашып-тартышууда эски жаралар козголуп, бири-биринен биротоло көңүлү калып калуусу ыктымал. Материалдык абалын жакшырткысы келгендерди ийгилик коштоп, каржы маселесине байланыштуу көп көйгөйлөрдү чечип алышат. Эс алуу күндөрү жакындарыңыз менен жагымдуу жолугушуу күтөт.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Балыктар үчүн бул апта ийгиликтүү жана жемиштүү болот. Топтолгон жумуштарды жана тапшырмаларды убагында бүтүрүп, кошумча иш алганга да жетишесиз. Илимдүү, билимдүү адамдар менен таанышканга аракет жасаңыз, келечекте алар аркылуу көп нерсени үйрөнүп, колдоосуна ээ болуп калууңуз мүмкүн. Үй-бүлөлүү балыктарда түгөйү менен келишпестик жаралышы ыктымал, тереңдетпей өз убагында токтотуп калуу сизден көз каранды болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1000, 4-10-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан