БИР БҮРКҮМ. ПРЕЗИДЕНТ КЫТАЙГА КЕТТИ...

  • Кыргызстандык ишкерлердин бири жүргүнчү ташуучу автобус чыгарды, унаа европалык DAF компаниясы менен бирге Бишкекте куралган.
  • Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолундагы туннель казылып бүттү.
  • “Эйр Манас” авиакомпаниясы: 6-февралда Бишкек-Жидда багытындагы аба каттамы боюнча Бишкектен алгачкы учак учат.
  • Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова кызматтан кетип, ордуна Замирбек Базарбеков шайланды.
  • Парламент депутаттары мектеп окуучуларына кичи автобустарда жол кирени 10 сом кылууну сунушташты.
  • 2021-жылы Кыргызстанда өспүрүмдөргө зомбулук кылуу боюнча 264 окуя катталганы айтылды.
  • Кыргыз өлкөсү менен Түштүк Кореянын ортосунда дипломатиялык алаканын түзүлгөнүнө 30 жыл толду.
  • Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев отставкага кетип, ордуна Эмил Өскөнбаев шайланды.
  • Токтогул районунун тургуну 1,5 килограмм баңгизат менен кармалганы маалымдалды.
  • Кыргызстандын шахмат федерациясы бул спорт түрүн мектепте башталгыч класстардын окуу программасына киргизүүнү көздөп жатат.
  • Экс-премьер Игорь Чудинов Башкы прокуратурага суракка чакырылды.
  • Түп районунун 2 тургуну газга ууланып каза тапканы маалымдалды.
  • Президент Садыр Жапаров 3-февралда иш сапары менен Кытай өлкөсүнө кетти.
  • 2-февралга карата Токтогул суу сактагычында 8 миллиард 995 миллион метр куб суу калды.
  • 19 жаштагы кыз Бишкекте имараттын 5-кабатынан кулап түшүп, учурда ооруканада.
  • Нарын шаарынын мэри Жаныш Курбанов ээлеген кызматынан бошотулду.
  • Өмүрбек Текебаев Кыргыз өлкөсүнүн Германиядагы элчиси болуп дайындалды.
  • Рустам Кошонов Түркиянын Анталия шаарына башкы консул болуп дайындалды.
  • Дарыгерлер өлкөдө балдардын нерв системинин оорулары күчөп баратканын айтып чыгышты.
  • Жогорку Кеңештин депутаттары парламентти мыскылдаган сөздөрдү айтып жатат деп министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго чара көрүүнү талап кылышты.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1000, 4-10-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан