ЖЕҢИШ МОЛДОКМАТОВ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРЫЛДЫ

Cаясатчы, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди 2-февралда Бишкек шаардык соту чыгарды. Сот залынан бошотулган саясатчы “271 күн камакта отурупмун. Элге кызмат кылууга даярбыз, позициямдан кайтпайм” деп билдирди. Жеңиш Молдокматов азыркы бийликке оппозициялык маанайдагы саясатчы. Мисалы, ал Кыргыз-Өзбек чек арасын тактоо ишиндеги Кыргыз тараптын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча позициясын кескин сындап чыкканы белгилүү.

Эскерте кетсек, Жеңиш Молдокматов 2020-жылкы октябрь окуялары боюнча кылмышка шектелип кармалган. Ушундай эле негизде камакка алынган Курсан Асанов да үй камагына чыгарылды. Молдокматовго тагылган айып менен кармалган дагы бир фигурант Фарид Ниязовду сот үй камагына чыгаруудан баш тартты.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1000, 4-10-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан