2022-ЖЫЛ ТООЛОРДУН ЭКОСИСТЕМИН КОРГОО ЖЫЛЫ ДЕП ЖАРЫЯЛАНДЫ

2022-жыл Кыргызстанда тоолордун экосистемин коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону 2-февралда маалымдалды.

– Президенттин жарлыгына ылайык, министрлер кабинетине 2022-жылдын 1-мартына чейин Тоолордун экосистемин коргоо жана климаттык туруктуулук жылын өткөрүү боюнча жол картасын иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды. Жол картасын иштеп чыгуунун алкагында айыл чарба, энергетика, өнөр жай тармактарында экологиялык жана климаттык иш-чараларды жана долбоорлорду ишке ашыруу маселелери, ошондой эле токой чарбасын, экотуризмди өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды, илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү каралат ,- деп айтылат президенттик аппарат тараткан маалыматта.

Айта кетсек, Кыргыз өлкөсүнүн демилгеси боюнча 2021-жылдын 16-декабрында Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары 2022-жылды "Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы" деп жарыялоо жөнүндө резолюциясын бир добуштан колдошкон.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1000, 4-10-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан