АКЫНДАР АЙТЫШЫ

Поэзия

Ыр жандуу окурмандарыбыз үчүн кайрадан “Акындар айтышы” долбоорубузду улантабыз. “Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгү аркылуу өтөт” дегендей, коомду түйшөлткөн нерселерге акындар кандай пикир кошот болду экен? Калеми курч, сөзүндө мурчу бар жаш акындарга бир нече сүрөт берип, сындан өткөрдүк. Натыйжасын өзүңүз баамдап көрүңүз.

АЛТЫНБЕК ИСМАИЛОВ
Жашы – 28де
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Жарык көргөн китептери – “Таш күзгү”, “Сүйүүнүн султаны Юнус Эмре”
Сыйлыктары – Түрк элдеринин Эл аралык VI поэзия фестивалынын, Эл аралык «Шабыт» поэзия фестивалынын дипломанты. Жолдошбай Абдыкалыков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты.
Учурда – Кыргыз-Түрк "Манас" Университетинин окутуучусу

Абийир түтөйт
Кайран аял туура жолду таба албай,
Канат какса багыты жок шамалдай.
Сыр билгизбей Ак үй турат майданда,
Сырты аппак, ичи кара адамдай.
Туу көтөргөн жигиттерди жок кылып,
Түтөйт байкуш өз абийирин жага албай.


ВЕНЕРА АКМАТОВА
Жашы – 25те
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Жарык көргөн китеби – “Табылгам”
Сыйлыктары – Азырынча жок
Учурда – “Нур борбор” жаштар бирикмесинин мүчөсү

Эненин калкан жүрөгү
Эл күчөдү чамынып, эл күчөдү,
Эзилгенден эт жүрөк эч түтпөдү.
Эбин таап, элин бийлик сатар кезде,
Алтын такты, Ак үйүм, эх, түтөдү!
Коргоп өзүн кожолор качкан кезде,
Калкан болду эненин эт жүрөгү.


КУБАНЫЧ ЗАЙНИДИНОВ
Жашы – 26да
Үй-бүлөлүк абалы – Бир уулдун атасы
Жарык көргөн китептери – Жок
Сыйлыктары – “Чечен айтыш” сынагынын, “Нукура кыргыз” теледолбоорунун баш байге ээси
Учурда – Эркин журналист

Ак үйдүн ала салышы
Муздак дубал, мупмуздак, муздак эле,
Сырты көрктүү, а ичи супсак эле.
Сыбызгысы тумчуккан саясаттар,
Сырт тарапка таптакыр тумсак эле.

Темир тосмо сүр берчү, темир тосмо,
Тебелебейт дешчүбү, темир тоссо?
Темирге эмес, Теңирге сыйынган эл,
Тебелесе күр этти, Теңир кошо.

Ыш-түтүнгө чулганып күйүп жатты,
Ынтымак бүт ыдырап бүлүк салды.
Ырыскысын көтөрбөй көпкөндөргө,
Ызалуу журт муштумун түйүп жатты.

Заңгырачу Ак үйүң, заңгырачу,
Заң мыйзамдан куру кыял, шаң куралчу.
Заматта эле кейпинен кетти дагы,
Заманасы куурулуп аң кулады.

Бир жолу эмес, эки ирет өрт чулгады,
Бир жасаган иши да өр жылбады.
Канча кыргыз эр уулун жутуп алып,
Кара кийди кан ордо, көрк булгады.

Азыр санаам тынч эмес, төрт бөлүнөт,
Алда кеткен кыялдар көңтөрүлөт.
Ак мрамор чулгаган алтын ордо,
Ак үй эмес, ал жерден өрт көрүнөт.


ЖЫЛДЫЗБЕК ТУРСУНБАЕВ
Жашы – 28де
Үй-бүлөлүк абалы – Бир уулдун атасы
Жарык көргөн китептери – Жок
Сыйлыктары – "Чыңгыз Айтматов" фонду уюштурган Дебют 1-жайкы мектебинин бүтүрүүчүсү
Учурда – "Манас FМ" радиосунyн диктору

Ак үйдүн арманы
Мен Ак үймүн, дартым ичке жыйылган,
Менменсинбейм, туум көктө жыгылган.
Турган элем хан-бектерге чеп болуп,
Турдакундун заманында курулган.

Айланам бүт бак-даракка чулганып,
Ак мрамор таза, тыкан, нур жанып,
Сүрөт тартып чет элдиктер жанымда,
Сүйлөшчү эле келбетиме суктанып,

Эки ажо тең аткарбастан талапты,
Эл мүңкүрөп, муңу күчөп баратты.
Эзилгендер жасап кандуу төңкөрүш,
Эки жолу мени келип талашты.

Так төбөмө чарк дей түшүп чагылган,
Туш-тушумдан оттор чыкты жагылган,
Тирүү жандай эч ким мени аябай.
Түндүк түшүп, талкаланды кабыргам.

Эстей келсем дале жүрөк ачышат,
Эптеп оңдоп колдонушуп жатышат.
Эзелкилер душман менен кармашса,
Эмкилериң мага келип басышат.


КАЛЫСТАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Меңди Мамазаирова, акын, жазуучу. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери:
– Төрт ырдан тең жакшы табылга көрө алган жокмун. Ак үйдүн сүрөттөлүшү менен кыргыздын тагдырын бириктирген бир көпүрө жок. Чыныгы патриоттук сезим, күйүп- жануу анчалык байкалбайт. Техникалык жактан да айрым мүчүлүштөр бар. Ошого карабай мен өз добушумду Жылдызбек деген жигитке бердим. Анткени ал ойду толук түшүндүрүп, окурманды ойго салган, түйшөлткөн нерсени бере алган. Башка акындардын да саптары жакшы деген баага татыйт, бирок...

Жыпар Исабаева, акын:
– Мага Венера деген кыздын эки сап ыры өзгөчө ынандырды. Менимче, таамай салыштыруу. Сүрөттөгү аял менен “Коргоп өзүн кожолор качкан кезде, Калкан болду эненин эт жүрөгү” деген саптар өтө окшошуп турат. Башка саптардагы кемчиликтерди ушул эки сап жаап кеткен. Ошондуктан мен Венеранын ырын жакшы деп бааладым. Бирок мени Кубанычтын ырындагы ойлор жаңычылдыгы менен өзүнө тартты. Учурда чын эле элдин санаасы тынбай турбайбы. Ошондуктан Кубанычты жеңүүчү деп атадым.

Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Мика
2010-12-08 12:42:53
калыстар ойлонтуп коюшту го. мен добушумду кубанычка бермекмин. Анткени жылдызбектикине караганда Кубанычтын ырында коп ойлор ачык айтылып, кенен суроттолуп, ритм жана башкалар кенен сакталыптыр. Чынында калыстардын ой бир укмуш ырын эстей да албайт экем
0
alisam
2010-12-09 12:11:21
Капа болушпасын бирок, калыстар тобуна эч эле ичим чыкпады. Башка сындай турган чон акындар жок бекен. Сооронбай Жусуев, Суйунбай Эралисе деген сыяктуу. Алтынбек, Жылдызбек, Кубаныч, Венеранын жазгандарын Менди Мамазаирова жана Жыпара Исабаева да жаза албайт. Чынын айтыш керек.Мисалы учун Алтынбек Исмаиловдун Таш кузгу деген китебин окуп туруп Жырап Исабаеванын бир китебин окусанар Алтынбек Исмаиловдун денгээли алда канча жогору экенинине ынанасынар! Торт акын силерге ийгилик!
0
akylzirek
2010-12-15 11:25:45
Салам достор!Менин угушума караганда бул таймаштын жобосунда 20 мунот убакыттын ичинде суротту карап ыр жазыш керек деген эреже бар турбайбы.Нуржамалдын катасы заголовокко ошону жазбаганы.Мурда кийин такшалып так жазып жургон акындардын неге мучулуштук кетиргенинин себебин ушундан улам тушундум.20 минут ичинде жазылган жогорудагы бардык ырга баа берсе болот.Негизи жакшы ыр 20 айда, балким 20 жылда жазылат деп ойлойм.Силерге ийгилик жаш калемгерлер.А калыстар тобу калыстыгынарды жакшы аткаргыла!
0
№ 422, 3-9-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан