“ЧЫРДЫ КҮЧКӨ САЛЫП ЧЕЧСЕ, ЭКИ ЭЛ ТЕҢ УТУЛАТ”. Баткендеги соңку чыр күбөлөрдүн көзү менен

27-январь күнү Баткендеги чек ара чырында Кыргыз тараптан ондон ашык жоокер, 1 жергиликтүү тургун жаракат алды. Жылдын 12 айы, күндүн 24 сааты бою кооптонууда жашаган жергиликтүү жашоочулар ошол күнкү окуя кандай болгонун, үмүт-тилектерин баяндап беришти.

Разия Өсөрова, Көк-Таш айылынын башчысы: “ТӨРТ-КӨЧӨНҮ АЧЫП-ЖААП, ЧЫР ЧЫГЫП КЕТТИ”

– Биздин Көк-Таш айылыбыздагы Төрт-Көчө жолу 27-январда Тажикстан жарандары тарабынан тосулуп, машиналар өтө албай көчөдө тизилип калышты. Саат 19:30дарда кыргыздын чек арачы аскерлери, эл барып жолду ачтырышты. Көп өтпөй жолду кайра жаап алышып жатпайбы. Эки тараптын айтышуусунун аягы чоң чырга айланып кетти. Кырдаал курчуп, Тажик тарап чек арадагы блокпостту көздөй ок чыгара башташты. Кыргыздар эч нерсе кылган жок. Ал жакта мен да бар элем, ок атылып баштаганда эле эл уу-дуу болуп “качтык, качтык” деп калышкан. Бир карасам балдардын баары качып кетиптир, мен да октордун үнүнүн коштоосунда качтым. Ок атышуу 19:30дарда башталган, ошо менен түнкү 3кө чейин уланды. Түнү менен милиция кызматкерлеринин унаасы менен чек арага 50-100 метр жакын жашаган кыргыз үй-бүлөлөрүн айылдын башка жагына көчүрдүк. Тажик тарап ушинтип тынчтык бербесек, жарандар тажап, үй-жайын таштап кетишет деп ойлошот окшойт. Андай болбойт, ата-бабабыздан калган жер, мекендин чеги, аны таштап эч жакка кетпейбиз. Чек ара маселеси биротоло чечилсе минтип жаңжалдашпай тынч жашап калат элек.

“БИЗДИН АЙЫЛДЫН ЭЛИ БААТЫР ЭЛ”

– Көк-Таш айылында түнү менен мылтыктын үнү токтогон жок. Тажик тарап миномёт колдонушту. Муну Кыргызстандын Чек ара кызматы деле маалымдады го. Айылдагы электр чубалгыларын аткылашты. Жарык өчтү, айыл эли караңгыда калчылдап отурдук. Ошого карабай эч кимиси башка жакка кетип калган жок, биздин айылдын тургундары чек араны коргоп турган баатыр эл. Кыргыздарды коркутуп-үркүтүп жерин алабыз дегендер болсо жаңылышат. Биз эч жакка кетпейбиз, бизде Манастын каны бар, жерибизди коргоо үчүн кашык каныбыз калгыча күрөшөбүз. Канча жылдан бери уруш-талаш тыйылбай келе жатат, айылдаштарыбыз далай сыноону баштан өткөрүштү.

Кечээги жаңжалда бир сарайды өрттөшкөн экен, тургундар малды алып чыкканга жетишип калыптыр. Дагы бир тургундун сарайы мал-жандыгы менен кошо күйүп кетти. Үйлөрдүн терезе-эшиктери талкаланды, сыртта жайылып турган кийимдер менен тепшини да ок тешип кеткенин көрдүк. Ошончо ок тийген үйдө бирөө-жарым болсо соо калмак беле? Чек ара маселеси чечилмейинче бизге тынчтык беришпейт. Бирок биз чегинбейбиз, аягына чейин турабыз.

Акылбек Назаров, Көк-Таштын тургуну: “ЧАБУУЛДАН КОРГОНУУГА ШАРТ ТҮЗҮП БЕРИШСИН”

– Көк-Таш айылынын Дахма тилкесинде жашайм. Кыргыз-тажик чыры чыккан күнү үйдө элем. Ок атышуу башталганда эл менен бирге биринчи кезекте аялдарды, бала-чаканы айылдагы коопсуз жайга алып бардык. Бирөө-жарымына ок тийбесин деп чочуладык. Түнкү саат 12де да ок атышуу токтогон жок, коопсуз жайдагы балдар үшүп кеткендиктен аларды кайра айылдын мечитине алып бардык. Айыл тургундарын башка айылга көчүрүү иши түнкү саат 3тө башталды. Биздин өкмөт ушундай чукул кырдаалда бат реакция кылганды билбейт. Элди эвакуациялоочу унаалар таңкы саат 5ке чейин ташышты. Ок атышуу кечки саат 7лерде эле башталган, элди эртерээк көчүрүп кетсе болот болчу. Өзүбүздүн унаабыз менен жүрөлү десек кооптуу, каалаган жерден кырсык болуп кетиши мүмкүн. 28-январь күнү "өкмөттөн келдик" дешип бирөөлөр бүт чыгымдарды эсептеп, сүрөткө тартып кетишти. Биздин тилкеден 2 сарай, 2 автоунаа өрттөлдү, 2-3 үйдүн терезе-эшиктери талкаланды. Айыл элинин бир эле талабы бар, ал – чек ара көйгөйүн тезирээк чечүү. Бирок бул бат эле чечилип калчу иш эмес экен. Тажик тарапка деле тынчтык керек, алар деле “биз деле тынчтыкты каалайбыз, баарын бийликтегилер кылып жатат” деп Тажик бийлигин күнөөлөшөт. Чек ара маселеси чечилбей жатса, айыл элине ар кандай чабуулдардан коргонуу үчүн шарт түзүп беришсин. Андай учурда баш калкалай турган коопсуз жайларды курууга жардам бериши керек. Айрым чек арага жакын айылдардын тургундары бетондоп, сактануучу жайларды куруп жатышыптыр.

Алимбек Сабиров, Ак-Сай айылынын тургуну: “УШУЛ ТҮНҮ ӨЛҮП КАЛАБЫЗБЫ ДЕП КОРКТУК”

– Ак-Сай айылынын тургунумун, окуя болгон күнү Көк-Таш айылында болчумун. Ошол күнү пикир келишпестик чыгып, коңшу өлкөнүн жарандары Ош-Исфана жолун бууп салышты. Ал ортодо эки өлкөнүн аскер кызматкерлери келип окуяны жөнгө салганга аракет кылышкан, бирок болгон жок. Тажик тарап электр чубалгыларын көздөй атайын аткылашты. Айылда жарык өчкөн маалда тигилер аскерлерин алып келип позицияда турганга жетишип калыптыр. Бул иш алдын ала пландалган деп ойлойм. Аялдарды, балдарды коопсуз жайга алып бардык, бирок алар суукта тоңуп калышты. Ызы-чуу, ыйлап, бакырып “бир күндө эле өлүп калабызбы?” деп коркуп жатышты баары. Элди таңкы саат 4кө чейин эвакуацияладык. Ар кандай тоскоолдуктарга, коркунучтарга карабай кадимки кичи автобустар менен ташып жаттык. Аскерлердин атайын брондолгон унаасы менен элди башка айылга көчүрдүк. Үйүнөн бирөө да бир кадам чыга албай калды, анткени абал коркунучтуу эле. Бул жерде кыргыз эли да, тажик эли да кыйналды. Бир аз пикир келишпестик жаралса эле аскерлердин ок чыгарганы туура эмес деп ойлойм. Чек ара маселесин дипломатиялык жол менен эмес, күчкө салып чечем дешсе, анда эки тараптан тең карапайым эл утпайт. Элге эле кыйын болот. Маселе карапайым элде эмес, башка жакта болуп жатат деп ойлойм. Чек ара талашы эртерээк чечилсе деген эле тилек.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1000, 4-10-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан