Нурайым Бактияр кызы, төкмө акын: “САХНА АРТЫНАН ШОЛОКТОП ЫЙЛАП, САХНАГА ЖАДЫРАП-ЖАЙНАП ЧЫККАМ”

Бир жыл мурун Элмирбек Иманалиевди эскерүү концертинде алгачкы жолу сахнага чыгып, өнөр сүйүүчүлөр арасында дароо эле аты таанылган төкмө акын кызыбыз Нурайым Бактияр кызы менен тааныштырабыз. Каарманым бул жолго кантип түшкөнүн, тобокелчиликтери, кыйналган, кубанган учурлары тууралуу айтты.

Туулган жери: Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кызыл-Жар айылы

Туулган жылы: 1996-жыл, 12-октябрь

Билими: ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган

Учурда: Баластан телеканалынын эфир көзөмөлдөөчүсү

Үй-бүлөлүк абалы: Бойдок

Эң көп колдонгон сөзү: Кудайга шүгүр

– Нурайым, саламатсызбы? Талант кан аркылуу өтөт дешет. Сизге кимден өткөн?

– Саламатчылык. Менин ата-энем чыгармачыл адамдар эмес. Бирок тар чөйрөдө комузду кыңылдатып ырдап калышат. Мага өнөр тай жагымдан өтсө керек. Себеби таятам комуз чертет. Жаш кезинде жайлоолордо комуз чертип ырдачу экен. Таякелерим мыкты ырдашат, бирөө гитара чертсе, экинчиси комуз чертет. Таенем да жакшы ырдайт, санжыра, жомок, уламыштарды жакшы билет, биз үйүнө барганда көп айтып берет. Муну менен катар таенем мыкты кошок кошот. Анын бул өнөрүн айыл эли баалайт.

– Сиз чыгармачылыкка кантип аралашып калдыңыз?

– Төкмө акын Изат Айдаркулованын атасы Абдыжапар Айдаркулов агай мыкты обончу, мыкты комузчу, мыкты математик. 6-классымдан баштап агай бизге комуз, дастан, термелерди үйрөтө баштады. Ошондо эле коомдук иштерге активдүү катышчумун. Абдыжапар агай комуз черткен балдарды чогултуп алып райондук, облустук сынактарга алып барчу. Күү чертип, ырдап байгелүү орундарды алып келчүбүз. Чыгармачылыкка аралашуума Абдыжапар агай себепчи болду. Агай “кыздардан акын жокко эсе, акындыкка аракет кылгыла, силерден чыгат” деп айтып калчу. Негизи эле кыргыздын оозеки чыгармачылыгына ашык болуп чоңойдум. Адабий китептерди сүйүп окучумун, музыка сабагын жакшы көрчүмүн. Ошко барып жогорку окуу жайда окуп жүргөндө 3-курстан ЭлТРде кабарчы болуп иштеп калдым. Ошондо 2019-жылы Болот Назаров байкенин концертин коюп Элмирбек Иманалиев агайлар Ошко келишкен. ЭлТРге түз эфирге келгенде агай менен сүйлөшүп, “кичинемден комуз чертип, жамактап ырдап калам. Төкмө акын болгум келет. Сизди кумир тутам, айтыштарыңызды калтырбай көрөм” деп айтып, номерин алып калгам. Анын айтыштарын калтырбай көрүп, ушундай инсан болсом деп кыялданчумун. Жазышып жүрдүк, ал мага кеп-кеңештерин берчү. Жазган ырларымды жөнөттүм. Агай “борборго кел, окутабыз” деди. Анан күзүндө эмгек өргүүсүнө чыгып, бир ай агайдан сабак алып, "кайра келем” деп кеткем. Анан 2020-жылдын башында бардык жумушумду, Ошту таштап толугу менен өзүмдү айтыш өнөрүнө арнайын деп чечип борборго келгем. Тилекке каршы, ошол жылдын апрелинде устатты жоготуп алдык. Мени төкмө акындыкка шыктандырган устатым болду. Өнөргө баш багып, бирок толук киришүү үчүн тобокелге бара албай жүргөм. “Үй-бүлөм каршы болуп жатат. Менин үнүмдө көйгөй бар, жумушумду таштап кете албай жатам, Бишкекке барсам каякта жашайм?” деп көр тириликтен ашпаган көйгөйлөрдү ойлончумун. Устатты көргөндөн кийин кызыгуум миң пайызга өскөн. Ал “сенде бир эле көйгөй бар, ал үнүң, үнүңдү тууралап келсең башкасы көйгөй эмес” деген эле. Ошол сөзү мага дем-күч берген. Борборго жаңы келгенде дагы сүрөп, колдоп, жакшы мамиле кылган. Тагдыр экен, атасынан эрте жетим калган кыздай болуп же мээримине бөлөнө албай калып калдым. Чыгармаларынан таасир алып, ошол чыгармалары мени окутат деп өзүмдү сооротуп жүргөн кезим. Ушундай устаттын акыркы шакирттеринен болуп калганыма Кудайга миң мертебе шүгүр кылам.

– Алгачкы жолу айтышып чоң сахнага чыкканыңызды эстесеңиз?

– Алгачкы жолу 2021-жылы Элмирбек Иманалиевди эскерүү концертинде Мундузбек Усупбек уулу менен айтышып филармониянын сахнасына чыккам. Андагы сезимдерди айтыш кыйын, бир жагынан агайды жоготуу күйүтү болгон, бир жагынан биринчи жолу сахнага чыгып жаткандыгым үчүн толкундангам. Сахнада обондуу ыр болуп жаткан. Ошондон кийин чыкмакпыз. Устатты эстеп аркада шакирттери шолоктоп ыйлаганбыз. Сахна артынан шолоктоп ыйлап, сахнага жаркылдап күлүп чыкканым эсимде. Кантип ыйлабай коёсуң, атабыздай болгон устаттан айрылып жатсак? Бир чети балалыктан берки эң чоң кыялым ишке ашкандай сезилген.

– Акын кыздардан Изат Айдаркуловадан кийин сиз чыктыңыз. Изат айымдан эмнелерди үйрөндүңүз?

– Мен устаттан аз эле сабак алып калдым да. Устат каза болгондо катуу кайгырып стресс болуп, өнөргө кызыгуум басаңдай түштү. Кимди устат кылам, ким жол көрсөтөт деп кабатыр болдум. Ошол стресстен алып чыккан, кайра өнөргө багыт берген Изат эже, айтыш фондундагы акындар болду десем жаңылышпайм. Азыр да Изат эжеден үйрөнүп жатканым көп. Ал жашоодо да, чыгармачылыкта да жол көрсөтүп кеңешин берет. Экөөбүз бир туугандайбыз. Эмне сурасаң баарына жооп берип, туура багыт берип келет.

– Сизде айтышта баланча акынга туш келсем экен деген тилек болобу?

– Ооба, болот. Мен жаңы чыгып келе жатам да. Андыктан менден тажрыйбалуу, мени жетелеп кете ала турган, ыры мыкты, айтышта менин кыйшыгымды түздөп, жаманымды жашырып, кемтигимди толуктап жакшы айтыш куруп бере турган акынга туш келсем деп дайыма тилек кылып жүрөм.

– Мундузбек Усупбек уулу менен айтышканыңыз элде жакшы кабыл алынды окшойт...

– Ооба, көпчүлүк “Мундузбек Усупбек уулу менен жакшы айтышкансың, ошол айтышың жагат” деп калышат. Негизи эле жүзүмдү кичине болсо дагы таанытып берген ошол айтыш болду.

– Акын кыздарыбыз аз деп калабыз. Кыздарды төкмө акындыкка кызыктыруу үчүн кандай аракеттер жасалышы керек?

– Кыздар көбөйүп келе жатат, буюрса. “Айтыш” фондго келген кыздар көп. Таланттуу, менден да жакшы төккөн кыздар бар. Буюрса, алар да такшалып сабак алып эл алдына чыгышат. Бирок өнөрдүн жүгү оор деп коюшат го, өнөрдү алып кетиш кыз бала үчүн кыйынбы, билбейм, өнөрдүн түйшүгүнө чыдай турган кыздар азбы деп калам.

– Жеке жашооңузда абал кандай?

– Өткөндө Арген Биймырза уулу менен айтышканда “ашыгым азыр ак комуз, ашыкпайм эрге тийгенге” дебедимби. Азырынча элдин жүгүн көтөрүү үчүн, элдин эсинде калуу үчүн, акындык өнөрдү кийинки муунга өткөрүү үчүн болгон күчүмдү жумшап, өнөр деп жашап жаткан кезим.

– Кандай мырзалар жүрөгүңүздү багындыра алат?

– Бир сөздүү, жоопкерчиликтүү, чечкиндүү, айткан сөзүнө турган мырзалар жагат.

– Эмнени кыялданасыз?

– Устатыбыз “улуттун жүгүн көтөргүлө, улутка кызмат кылгыла” деп бизге чоң аманат таштап кетти. Аманатка кыянат кылбай эл-журтка кызмат кылып, устаттын үмүтүн актап эл сөзүн сүйлөгөн, элдин муңун ырдаган жакшы акын болгум келет. Негизги максатым ушул. Мындан башка да кыялдарым көп.

– Кыялдарыңыз ишке ашсын, ийгиликтер болсун!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
akmanai
2022-02-08 22:58:07
Мандайы жарык, жылдыздуу кыз. Анан сахнада кыз адебин кылып, назданып, озунун баасын билип, акылдуу айтыш курганы жагат. Уну конгуроодой угулат кээде. Унунун устунон, дагы иштесе мыкты кылып таптап алса болот. Азамат кыз! Изаттын жолун улоочу. Алдыда дагы коп ийшиликке жетээрине ишенем. Коп окуп, талбай эмгектенуусун, таштап салбай онорун омур бою онуктуруп остуруп алып журуусун каалайм. Ден соолукта бол, бактылуу бол алтын кыз!
0
№ 1000, 4-10-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан