АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)

(Башы өткөн сандарда)

Бул иш, балким, Аскар каалагандай “кар жаады, из басты” болуп жабылуу боюнча калмак. Бирок жашоодо адилеттик деген нерсе бар эмеспи. Анвар үйүнүн алдында скамейкада отурган эле. “Эмне кылуу керек? Ушинтип эле кызымдын канатын кырккан адамдар жазасыз калабы?” деп отурган. Жанына 14-15 жаштардагы өспүрүм бала келди. Жалтаңдай карайт. Бир нерсени айта албай тургандай. Бул бир кабат ылдыйда жашаган Азамат деген бала болчу. Анвар аны жакшы көрө турган. “Аза мырза” деп эркелетип калчу.

– Ии, Аза мырза, кандай жүрөсүң?

– Жакшы, Анвар байке...

– Окууларың жакшыбы?

– Ии...

Анвар кайра өз ойлоруна чөмүлүп кетти. Айсулуу да ушул короодо чуркап ойночу эле, ушундай нерсе башына келет деп ким ойлоптур? Азыр кабарлардан окусаң запкы көргөн эле балдар, зордукталган, таяк жеген, өлтүрүлгөн... “Эмнеге адамдар минтип калдык, дүйнөдө балдардан ыйык эмне бар?” Азамат Анвардын ойлонуп кеткенин байкады, чачы аппак болуп кетиптир аз убакыттын ичинде.

– Анвар байке, мен...

– Ии, Аза мырза, кулак сенде...

– Мен ошол күнү ошол жерде болчумун...

Аза мукактанып көзү жашылданып кетти. Анвар баладан бир нерсени шектене түштү.

– Ой, баатыр, эмне болду сага?

– Мен Айсулуунун... Айсулуу эженин бийлегенин караганды жакшы көрчүмүн. Көп жолу аркасынан барып... Мен мындай эле, жаман оюм жок.

Анвардын түсү өзгөрүлүп кетти. Ордунан тура калып Азаматтын колун кармай калды.

– Эмне деп жатасың сен?

– Мен...- деп барып өспүрүм ыйлап жиберди. Көзүнүн жашын сүртүп туруп Анварга тике карады.

– Мен кимдер экенин билем. Ошол күнү терезеден Айсулуунун бийлеп жатканын карап тургам. Видеого тартып жаткам, анткени...

– Анан?

– Телефондун видеосуна тартып жаткам. Сонун бийлеп жаткан. Анан эки жигит кирип келди. Мен баарын көрдүм, Анвар байке, бирок айта албадым.

Анвардын колдору титиреп кетти.

– Коркпо, Аза, мен эч кимге айтпайм. Кимдер эле алар, көрсөң тааныйсыңбы?

– Тааныйм. Анвар байке, телефондо видео бар...

– Ия?

– Мен айтып жатпаймынбы Айсулууну тартып жаткам деп, шок болгонумдан телефонду өчүрбөй тура бериптирмин. Баары видеодо бар.

– Кана видео, барбы азыр жаныңда?

– Бар.

Азамат видеону телефонунан көрсөттү. Маска кийген экөө! Бири эңгезердей чоң, экинчиси кичине. Болгон окуя тартылыптыр! Анвар бул акмакчылыкты көрүп миң өлүп, миң тирилип турду. Видеонун аягында тиги эргул жүзүндөгү масканы чечип так камераны карап ыржайгандай болду. Бүттү! Жүзү даана түшкөн экен. Эми бул эч кайда качып кутула албайт. Анвардын түйүлгөн муштумдары жазылды.

– Анвар байке, апам жалгыз чоңойтту мени, билесиз, ал менин мындай иштерге аралашканымды билсе...

– Аза мырза, сен эч камтама болбо, апаң укпайт. Жан адам бул видеону сен тартканыңды билбейт.

– Айсулуу дагыбы?

– Ал дагы. Эркекче сөзүм!

– Мен башында корктум, бирок муну кылгандар жазасын алышы керек деп ойлодум. Сизге айтышым керек деп чечтим.

– Сен эң туура кылдың! Билесиңби, сен мыкты жигит болосуң.

– Апам сиздей хирург болсун дейт...

– Болосуң, болосуң...- күбүрөгөн Анвар акыркы сөздөрүн эмне деп сүйлөп жатканын деле билбеди. Дароо ишти карап жаткан тергөөчүгө жөнөдү.

ххх

“Иштеп жатабыз” дегенден башка эч нерсени айтпай эле безелене берген тергөөчү Касымов Анварды көргөндө каштары бириге түштү. “Кудай ушундан куткарбайт экен го” деди ичинен сөгө. Сыртынан кадимкисиндей жылмая берди.

– Ии, келиңиз.

– Келдим. Эми бул адамды кармай албасаңар анда башкача сүйлөшөбүз, бул видеону караңыз.

Тергөөчүнүн тамагы кургай түштү.

ххх

Эрикти атасы өтө мыкаачылык менен урчу кичинесинен. Эмнеден экенин ким билет, берки балдарына андай деле эмес, бирок Эрикке катаал болду. Башында коркок бала таяктан, шылдыңдоодон улам акырындап жаныбарга айланып бара жатты. Ооба, атасы кыйын кызматта иштечү, ооба, жетиштүү үй-бүлөдө чоңойду, каалаганын кылды. Бирок түпкүлүгүндө өтө бактысыз адам эле. Бирок аны сыртынан эч ким бактысыз деп ойлочу эмес. Милиция кызматкерлери келгенде атасы үйдө болчу. Иштин чоо-жайын укканда көздөрү чакчайып кетти.

– Уулум менен сүйлөшүп алганга уруксат бергиле,- деди ал катаал үн менен. Аркы бөлмөгө кирди да Эрикти желкеден алды.

– Эй, иттин баласы, эмне ишке аралашып жүрөсүң?

– Мен эмес, мен деген...- биринчи жолу чындап коркту Эрик.

– Ким анан?

– Эркин айтты, өч алышым керек деди.

– Аскардын баласы Эркинби?

– Ооба.

– Окшошкон гана иттер десе!- деди да эшикти шарт жаап, милиция кызматкерлерине сылык үн катты.

– Мага ишенгиле, жигиттер, өзүм жетелеп барам. Жактоочуларыбыз менен эки саатта барып сурак беребиз. Эки гана саат...

Аскар машинесинде сыбызгыган музыка коюп алып Бишкектин көчөлөрүндө келе жаткан. Телефон чалынды. Эриктин атасы экен. Бирин-бири жакшы билишет. Бул жөн телефон чалбайт.

Тез алды.

– Алло...

– Аскар, кандайсың? Биздин иттер кылган иштен кабарың бар экен, билишимче.

Эч нерсе дей албай калды.

– Милиция келди эшигимдин алдына. Тез кел, уулуңду ала кел.

Аскар сөгүнүп алды. Бирок Эркинге телефон чалган жок. Уулунун кыялын билип калды, мындай иштерге аралаштырбай эле коюшу керек. Тез бурулуп Эриктин атасынын үйүнө жөнөдү.

– Кел,- деп сустайып орун көрсөттү.

Эшикти жаап алып көпкө сүйлөшүп жатышты. Бирде үндөрү көтөрүлсө, бирде басаңдайт. Бир нерсени макулдаша албай жаткандай. Уулдарынын тагдыры чечилип жатты. Кимисинин тагдырынын ташы оор, кимдики жеңил болору азырынча белгисиз болчу.

ххх

Аскар өзүнүн авторитетин, аброюн баарынан бийик койчу. Жогорку Кеңеште аныкындай таптаза репутация эч кимде жок эле. Ошол оюн ал баарына сиңирип койгон эле. Кандай баага болсо да өзүнүн атын сактап калат болчу. Муну Эриктин атасы да билчү. Аскардан айырмаланып ал акчага ач көз болчу. “Эл эмне дейт?” дегендерден эмес эле. Ошондуктан Аскардын аты чыкпашы үчүн эч кимдин оюна келбей турган сумманы сурады. Аскар макул болбогонго айласы жок эле, ошентсе да ойлонгонго бир күн сурады.

Ошол күнү ойлонуп жатып Аскардын башы ооруп чыкты. Эркинге барып мурункусундай көк ала кылып сабагысы келди. Бул оюнан кайра айныды. Уулунун кашкөй көз карашын эстегенде кол шилтеди. “Эмне дейт энеңди урайындын баласы, мен күнөөлүүмүн демек беле, мени күнөөлөйт. Жарым эс энеси үчүн ушуну кылдым дейт. Тигиниси бышактап отуруп берет, өзүмдөн башка бул иштин ичинен эч ким чыга албайт”. Жан дүйнөсү тынч ала турган жерди издеди. Ойлонуп отуруп Гүлүм менен Алмаздын үйүнө баргысы келди. Телефон чалды.

– Ой, эргул, сен да кабарлашат экенсиң, ээ?

– Кайдасың, Алмаз?

– Устаканада, тынч элеби?

– Тынч эле, сени менен сүйлөшкүм келди. Бирдеме ичелиби?

– Жинди го бул, мен намаз окуйм.

– Аа, унутуп коюпмун, билбейм бир сүйлөшкүм келди.

– Кел, эргулум, кел. Гүлүмгө куурдак даярдатып коём.

Чакан устакана. Алмаздын бүтүндөй дүйнөсү ушул жерде. Ээр жасайт, комуз чабат, эмерек жасайт. Күнү кечке ушул жерде. Аскар жыгач, темир жыттанган устакананы айландыра карап турду. Жеңилдене түштү.

– Мага жакшы бир ээр чаап берчи,- деп калды кызыга. Өзүнүн көптөн бери ат минбегенин эстеди.

– Макул, жол тандабасың турганда ээрди эмне кыласың?

– Ой, досум берген деп деле эстелик кылбаймынбы.

– Эстелик деп мен эртең өлүп калчудай сүйлөйсүң го,- деп күлүп калды Алмаз.

– Ким билет?..- деди ийинин куушурган Аскар.

– Сага эмне болгон, ойго тунуп калыпсың?

– Эмнесин айтасың, ичимди көрө турган болсоң жүрөгүң түшмөк, досум. Жакшысы сен көрбө.

– Аскар, токтоло турган учуруң деле болду, бирок токтоло албай эле жүрөсүң. Бир айтып коёюн дедим эле. Токтоп, кыз-келиндерди азайт, аяшка деле убал.

– Ой, эмне болуп кетти?

– Байкаганымды айтып коёюн дедим. Маселе болсо, демек, ал жерде кыз-келиндер бар.

“Көзү ачык болуп кеткенин мунун” деп таң кала күлүп калды Аскар. Эгерде Альфияга жакындабаса, Айсулууга суктана калбаса, ушул иштер болот беле? Адам өзүн күнөөлөгөн кандай жаман, ээ?

– Жактырбай калдың, тиги дүйнөдө да сурак болот экен, Аскар. “Алмаз, Аскар досуңдун адашып баратканын көрүп туруп эмнеге кой дебедиң?” десе мен эмне дейм?

– Мен да мени ойлоп жаткан го десе, өзүнүн сурагын ойлоп жаткан тура,- деп күлүп алды Аскар.

– Сени ойлоп жатам. Үй-бүлөдөн башка эмне бакыт бар?

Аскар жыгач жонуп отурган досун жакшы да көрүп, жек да көрүп турду. “Мен өмүр бою сүйгөн аял сенин үйүңдө отурганын сен кайдан билесиң? Бактылуусуң, албетте, Гүлүм менен... А мен?”

Ичи тардыгы кайра кармап кетти...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Mubarak
2022-02-07 10:36:40
Жакшы чыгарма
+1
Peri.jan
2022-02-07 13:45:19
Эх сонун чыгарма
+1
№ 1000, 4-10-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан