КОҢУРУК ТАРТКАН БАЛА ОЙ ЖҮГҮРТҮҮДӨН АКСАЙТ

Айрым ата-энелер баланын коңурук тартуусун оору катары кабыл алышпайт. Бул туура эмес. Эгер дарылатпаса башка олуттуу оорулар келип чыгат. Андан тышкары баланын өсүшү, эс-тутуму, ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү начарлайт. Андыктан балаңыз коңурук тарта баштаса дароо балдардын отоларинголог врачына көрсөтүңүз. Бул жаатта Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун ЛОР бөлүмүнүн жетекчиси Чолпон Бейшеева кенен маалымат берди.

КОҢУРУК ТАРТУУНУН 1-СЕБЕБИ – АЛКЫМ БЕЗДЕРИНИН ЧОҢ БОЛУШУ

Балдардын коңурук тартуусунун бир нече себеби бар.

1-себеби. Бардык адамдар туулганда эле кеңилжээринде алкым бездери (аденоид) бар болуп туулат. Ал бездер аба аркылуу организмге бактерия, вирустардын кирип кетишинен сактап, алар кирип кетсе өлтүрүп турат. Айрым балдар ошол бези тубаса чоңураак болуп төрөлөт. Ал без бала 7-8 жашка чыккыча кичирейип, калыптагыдай болуп калышы керек. Бирок айрымдарда ал без кичирейбей, тескерисинче, өсүп баштайт. Бул медицинада аденоид оорусу деп аталат да, мурун көңдөйү аркылуу абанын өтүшү оор болот. Аденоиддин 3 деңгээли бар. 1-2-деңгээлинде бала уктаганда оозун ачып дем алат. Вирустук оорулар менен, мисалы, сасык тумоо менен ооруганда мурундун былжыр чели шишип, баланын дем алышы ого бетер кыйындайт да, бала коңурук тартат. Сасык тумоодон арылганда коңурук тартпай калат, бирок оозу менен дем ала берет.

3-деңгээлде бала уктабаган маалда, башкача айтканда, күндүз деле оозун ачып дем алат, мурду менен сүйлөйт. Оозу менен дем алгандан улам бет-жаак сөөктөрү алды жакты көздөй өсүп кетет. Андан тышкары кулагынын угушу начарлайт. Анткени алкым бездери мурун көңдөйчөсүнөн кулакка кеткен түтүкчөнү жаап калат да, ортоңку кулактагы аба алмашуу бузулат. Бул акырындап ар кандай кулак ооруларынын жаралышына себеп болот, мисалы, эксудативдүү отит оорусу. Мындан тышкары мурун көңдөйүндө инфекция жана бактериялар топтолуп кала берип, бала улам-улам сасык тумоолойт. Иммунитети төмөндөйт. Түнкүсүн уктаганда абанын жетишпестигинен улам ойгонуп, уйкусу бөлүнөт. Жаман түштөр көп кирет. Ошондуктан күндүзү уйкусурап жүрөт. Ушундан улам мектепте окуган балдардын сабакты өздөштүрүүсү, эс-тутуму, ой жүгүртүүсү, организминин өсүүсү начарлайт. Тили эми чыгып баштаган балдардын сүйлөөсү бузулат, оозу менен дем алгандыктан айрым тамгаларды туура эмес айтат.

Баланын тубаса алкым бездеринин чоң болуп туулуп калышына бала курсакта кезинде апасынын вирустук оорулар (кызамык, сасык тумоо) менен катуу ооруп, ошондон улам инфекциянын балага өтүп кетишинен болушу ыктымал.

Диагноз

Риноскопия. Атайын аспап, күзгү менен мурун көңдөйлөрү, аденоиддер текшерилет. Рентгенография. Рентген сүрөтү менен аденоиддердин абалы билинет. Эндоскопиялык текшерүү. Мурун аркылуу ичке түтүкчө киргизилип, монитор аркылуу кеңилжээр, аденоиддер текшерилет. Аудиометрия. Бул угууну текшерүү ыкмасы.

Лабораториялык анализдер. Буга кан, заара жана башка анализдер тапшырылат.

Дарылоо

Оорунун 1-2-деңгээлинде бала ЛОР-врачтын каттоосунда турат жана дарыланат, физиотерапия да сунушталат. Ата-эне баласын вирустук оору менен ооруп калуудан сактап, алдын алып турушу зарыл.

Дарттын 3-деңгээлинде баланын жаагынын туура эмес өсүп баштаганы, оор дем алганы, жакшы укпай баштаганы билинсе, ЛОР-сурдологго текшертүү кажет. Эгер дарылоого болбой турганы билинсе, операция жасалып аденоиддер алынат. Кулагына да операция жасалып калышы мүмкүн.

Операциядан кийин 1 айдан кийин ЛОР-сурдологдон угуусун кайрадан текшертүү кажет.

2-СЕБЕБИ – МУРУН ТОСМОСУНУН КЫЙШАЙЫШЫ

Бала жыгылганда, мушташканда, спорттук машыгууда же турнир учурунда мурдунан жаракат алып, мурун тосмосу кыйшайып калышы ыктымал. Мурун тосмосу – бул мурундун үстүңкү жагынан мурунду экиге бөлүп туруучу кемирчек-сөөк ткандарынан турган пластина. Бул абанын таноолордон бир калыпта кирип турушун шарттайт. Айрым балдардыкы азыраак кыйшайып ден соолугуна зыянын тийгизбейт. Көбүрөөк кыйшайып калса, анда маселелер жаралат. Белгилери төмөнкүдөй: дем алуунун оорлошу, уктаганда коңурук тартуу, ооздун кургап турушу, баланын сасык тумоого бат-бат учурашы, мурундун бүтүшү, жыт билүүсүнүн начарлоосу жана башка. Эң чоң коркунуч – кычкылтектин организмге, анын ичинде баш мээге жетпей баштап (гипоксия), мээнин иштеши начарлайт. ЛОР-врач текшерүүлөрдөн өткөрүп, анализдерин тапшырткан соң жыйынтыгына карап дарылоо жүргүзөт. Дарылоо жардам бербеген учурда операция жасалып, кыйшайган мурун түздөлөт. Бирок муну 16 жашка толгондо жасатуу сунушталат, анткени ага чейин баланын организми, анын ичинде мурду өсүп жаткан болот. Эгер дем алышы кыйындап, коңурук тартып жатып да дем алуусу канча бир секундга кармалып жатса, анда бала 16га чыга электе эле операция жасалат.

3-СЕБЕБИ – МУРУН КӨҢДӨЙЧӨСҮНҮН ТУБАСА ТУЮК БОЛУШУ

Мындай балдар туулганда эле мурду менен дем ала албай, оозу менен дем ала баштайт, уктаганда коңурук тартат. Организминде кычкылтек тартыштыгы жаралып, мээнин иштеши бузулат, бала эмчек эме албайт. Анткени эмчек эмүү мезгилинде дем ала албай калат. Андыктан мындай балдарды төрөлөр замат төрөт үйүнөн балдар ооруканасынын ЛОР бөлүмүнө кечиктирбей которуп, операция жасатуу зарыл. Операцияда мурундун туюк көңдөйчөсү ачылат. Үйүнө чыгарылган соң жашаган жериндеги эмкананын ЛОР-врачынын каттоосуна коюлуп, текшерилип турат.

4-СЕБЕБИ – МУРУН ЭТИНИН ӨСҮП КЕТИШИ

Баланын мурдунда эт (полип) көбүрөөк өсүп кеткенде мурдунан аба жакшы өтпөй бала коңурук тарта баштайт. Эт өсүп отуруп мурун көңдөйчөсүн жаап калса операция жасалат. Эт өсүп кетишине мурундан суунун агышы (ринит), иммунитеттин төмөн болуп бат-баттан сасык тумоолоо, гайморит оорусу себеп болот. Ошондуктан ринит, гайморитте баланы учурунда дарылатуу зарыл.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1000, 4-10-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан