Рустам Сагыналиев, ырчы: “АТАМ ЖАЛГЫЗ АТЫН САТЫП МАГА “ЯМАХА” АЛЫП БЕРГЕН”

“Жамалың жаз гүлүндөй нурун чачып,
Ачылган кызыл гүлдөй жытың аңкып...” деп ырдап эл оозуна алынган ырчы Рустам Сагыналиев биздин маек төрүбүздө. Ырчы менен чыгармачылык жолу, балалыгы тууралуу сүйлөштүк.

– Арыбаңыз, Рустам мырза. Алгач байланышканымда Таластамын дедиңиз эле, жакшы келип алдыңызбы?

– Жакшы, рахмат. Мен Талас облусунун Кара-Буура районундагы Бакайыр айылынан болом. Жумуштар менен кичи мекениме барып келдим.

– Анан келип эле көк бөрү ойногону жөнөп калдыңыз...

– Көк бөрү – бир азарт. Манасчы, ырчы, акын, тамада, айтор, чыгармачыл чөйрөнүн башын бириктирген “Маданият” деген көк бөрү командабыз бар. 3 жылдай болуп калды. Маданият өкүлдөрү экиге бөлүнүп алып жума сайын оюн уюштуруп турабыз. Ортого өзүбүз чыгарып кызыктыруучу сыйлык коюп алабыз. Бүгүнкү оюнда биздин команда жеңишке жеттик.

– Жакшы экен. Жыл жаңыргандан кийин концерт берем деп жаттыңыз эле, планыңыз күчүндө элеби?

– Ооба, ырлардын топтомдорун даярдап, февраль айында концерт берейин деп пландап жаткам. Бирок баягы күндөрү оору күчөп кетпедиби, жумуштан да бизди бир аз убакытка таратты. Ошондон улам күзгө жылдырдык. Кудай буюрса, күтүрөгөн күздө болот.

– Алымкул Үсөнбаев атындагы “Эл шайырлар” тобуна мүчө эмессизби, ал жакта иштеп жатканыңызга канча убакыт болду?

– Кичинемден эле филармонияга кызыкчумун. Ошол жерден залкарлар өткөн, азыр да залкарлар иштейт. Ошолордун жашоосуна аралашып, көргүм келчү. Анан эбепке-себеп болуп “топко солист керек” дегенди угуп барып, ошол жакта эмгектенип калдым. Билинбей эле жети жыл болуп калыптыр. “Эл шайырлар” тобу Жаңы жылдын алдында концерт бердик, элдин кабыл алуусу абдан сонун болду. Жандуу үнгө эл тойбой калды. Жазга маал дагы концерт берели деген пландарыбыз бар. Жандуу үн менен коюлган концерт элге жагымдуу болот. Келген эл дагы шашпай отуруп уккулары келет, ошон үчүн биз жандуу үнгө басым жасайбыз.

– Чыгармачыл жолду тандооңузга эмне түрткү болду эле?

– Мен бала кезимден чыгармачылыкка жакын болчумун. Мектепти бүткөндөн кийин бизнес кылам деп Астанага, Москвага барып келдим, бирок чыгармачылыкка жакын адам баары бир болбойт экен, чыгармачылыкка тартып кетти. Келип филармониянын алдындагы эки жылдык студияга тапшыргам. Анан чыгармачыл чөйрөгө аралашып кеттим. Бирок баары бир диплом керек экен. Былтыр Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетинин аккордеон бөлүмүн аяктадым.

– Чыгармачылыкка аралашуу деле оңой болбосо керек?..

– Чынында, элге алыныш өтө оор. Ырдап чыкканга чейин үч жылдан ашык убакыт бир телеканалда алып баруучу болуп иштедим. Ал кезде мени алып баруучу катары таанышчу. Чыгармачылыкка аралашуума ошол жер дагы түрткү болуп, “Өтүнүч” ырын жаздырдым. Чыңгыз Мырзаев “радиого ушул ырдын аккордеон менен ырдалган вариантын алып кел” деди. Алып баргам, комиссиядан бат эле өтүп, мени таң калтырып радиодон бериле баштаган. Менин ырчылыкка болгон жолумдун башталышына радио тармагынын салымы чоң болду. Ошол ырдын күйөрмандары көп болуп, менин ырчылык багымды ачты. “Өтүнүч” чыккандан жарым жылдай өткөндө Спорт ордосунда аккордеон менен жандуу ырдап, коноктордун коштоосунда чоң концерт бергем. Болбосо өзүмдүн 5 эле ырым бар болчу. Эл толо келген. Кийин Чыңгыз Мырзаев экөөбүз дуэттерди жаздырып, филармонияда чогуу концерт бердик. Репертуарымдагы ырларды көбөйттүм.

– Кийинчерээк чыгармачылыгыңыз солгундай түшкөндөй болду...

– Ортодо бир аз тыныгуу болуп калды. Концерт берем деп оолугуп турган маалда атам дүйнөдөн өтүп кетти. Ошону менен маанайым жок жүрүп, чыгармачылыгым токтоп турду. Өзүм дагы обон жаратып калам. Учурда ошол обондордун үстүнөн иштеп жатам, “бышырыш” керек. Жок дегенде бир кайрыгы элдин жүрөгүндө калышы шарт. Мисалы, “Өтүнүч” деген ыр кайрыгы менен эсте калган башкача чыгарма болгон. Ошол сыяктуу жеке обон жаратсам дейм.

– Эргүү кандай учурда келет?

– Кээде улак ойноп жүргөндө, көбүнчө таңга жуук жакшы кайрыктар келип калат. Кээде түшүмдө кайрык тапкан учурлар болот. Ошондо тура калып дароо жаздырып калбай, эртең менен турганда аккордеонго салам деп, бирок эсиңден чыгып кетет.

– Балалыгыңыз тууралуу кеп кылбайлыбы?

– Мен 1984-жылы 21-январда жарык дүйнөгө келгем. Беш бир туугандын кенжесимин. Балалыгым айылда өттү. Кичинемден эле чыгармачылыкка жакын болчумун. Кароо-сынактарга катышып ар кандай сыйлыктарды алгам. Айылда той-топурда эле ырдап жүрчүмүн, ямаха ойночумун. Сабакта жүргөндө той чыгып калса сумкамды класска таштап коюп кетип калчумун. Ал кезде эл алдына ырдоо мага кызык эле. 8-классымда “бул баары бир болбойт экен” деп ыраматылык атам жалгыз атын сатып мага "ямаха" алып берген. Атам Сагындык Шалпыков мектепте директор болчу, апам Гүлбү Миңбаева үйдө директор болчу. Атам Бакайырда, кийин кошуна айылдагы мектепте директор болуп иштеп жүрдү.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз.

– 2010-жылы үйлөндүм. Келинчегим Наргиза медицина кызматкери. Учурда эки уулду тарбиялап жатабыз. Улуусу Бектур 4-класста, кичүүсү Ариет 2-класста окуйт.

– “Өтүнүч” ыры менен сизге популярдуулук келген, ошол учурду кандай өткөрдүңүз?

– Ал кезде жаш эле болчумун. Бирок атактуу болуп жатам деп “жылдыз оорусу” менен деле ооруган жокмун. Жөнөкөй эле бойдон калдым. Мен азыр деле өзүмдү жарнамалоого, социалдык тармактарда активдүү болууга кызыкпайм. Кудайга шүгүр, өзүмдүн угармандарым бар. Ошолор менен эле оокатымды кылып жүрөм. Чыгармачылыктын артынан жакшы ага-ини, досторду таптым, үй-бүлөмдү багып жатам, үйлүү, унаалуу болдум.

– Сизге чыгармачылык эргүү каалайбыз! Маегиңизге рахмат.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
bosmos77777
2022-02-07 10:35:41
Динара Акимова Бар болунуз! "Арыбаныз" дегениниз. Кыргызды бир даражага которуу. Арабкулдуктан аарылуу.
0
№ 1000, 4-10-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан