БИР БҮРКҮМ. АКЫЙКАТЧЫ СУРАККА ЧАКЫРЫЛДЫ...

  • Башкы прокурор: УКМКнын мурдагы жетекчиси Орозбек Опумбаев менен ИИМдин экс-башчысы Кашкар Жунушалиевге кылмыш иши ачылган эмес.
  • Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча кылмыш иши сотко өттү.
  • Акыйкатчы Токон Мамытов Башкы прокуратурага суракка чакырылды.
  • УКМК: Бишкек мэриясында акча уурдоо схемасы аныкталды.
  • Бишкекте 1-класстын окуучулары 14-февралдан 19-февралга чейин каникулга чыгары күтүлүүдө.
  • Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттоону пландап жатат, бул сунушту Кытай тарап иликтейт.
  • 10-15-февраль аралыгында Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топтору жолугушат.
  • “Бишкек лифт” ишканасы: 2022-жылдын алгачкы 6 айында Бишкекте эскилиги жеткен 25 лифтти алмаштыруу пландалууда.
  • Өзүн “УКМК кызматкеримин” деп тааныштырып, жарандын 7 миң долларын алдап алып кеткен адам кармалганы маалымдалды.
  • Жалал-Абад шаарында аз камсыз болгон 2282 үй-бүлөгө жардам катары бир мүшөктөн ун таратылды.
  • Жазага тартуунун мөөнөтү өтүп кеткен деп сот Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматовго ачылган кылмыш ишин кыскартты.
  • Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү пара талап кылууга шектелип кармалды.
  • ИИМ жарандарды Кыргыз-Тажик чек арасы тууралуу такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.
  • 2021-жылдын жыйынтыгында Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү 46 пайызга өскөнү маалымдалды.
  • Өлкөдө учурда Улуу Ата Мекендик согуштун 146 ардагери бар.
  • Бүгүнкү күндө Кыргыз жеринде 3391 жаран коронавирустан жабыркап жатат, анын ичинен 324 жаран оор абалда.
  • Бишкекте 9-февралда троллейбус бир кызды сүзүп кетип, жабырлануучу ооруканага жаткырылды.
  • Монголиялык авиакомпаниялардын бири 6-марттан тарта Улан-Батор – Бишкек багыты боюнча аба каттамын ачууну пландап жатат.
  • Жогорку Кеңештин депутатына 1 жардамчы жана 1 консультант берүү боюнча чечим кабыл алынды.
  • 2021-жылы 9 бала бакча мамлекеттин карамагына алынганы маалымдалды.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1001, 11-17-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан