ПРЕЗИДЕНТ БИШКЕКТИН БАЗАРЛАРЫН КЫДЫРДЫ

Президент Садыр Жапаров 8-февралда Бишкектеги “Дордой”, “Ош базарын” кыдырды. Себеп – соодагерлерге кассалык көзөмөлдөөчү жабдыктарды (ККМ) ишке киргизүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Өлкө жетекчиси бул жаатта Министрлер кабинети элге кеңири маалымат жеткире албаганын белгилеп өттү.

– Бүгүнкү күндө 1 сомдон 5 миң сомго чейин патент аласыздар. Биз эгер ишкердин товар жүгүртүүсү 8 миллион сомго жетпесе, анда патентсиз эле иштесин деп жатабыз. Мисалы, күнүнө 10 миң сомдон соода кылсаңыз, жылдык жүгүртүүңүз 8 миллион сомго жетпейт. Ушинтип жардам берип, элдин жашоо турмушун көтөрөлү деп турабыз,- деди Жапаров сатуучулар менен баарлашып жатып. Соодагерлер ККМ системинин ишке киришине каршы эместигин, бирок бизнести текшерүүнү азайтуу керектигин айтышты. Президентти Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев жана район акимдери коштоп жүрүштү.

Айта кетсек, 2022-жылы күчүнө кирген жаңы Салык кодексине ылайык соодагерлер КММ аппаратын колдонууга тийиш. Максат – көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу. Буга чейин аталган системдин ишке кирүүсүнө каршы “Дордой” базарында иштегендер, Токмок жана башка аймактардагы ишкерлер митингге чыгып нааразычылык билдиришкен эле.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1001, 11-17-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан