Курманкул Зулушев: “СОТ ЧЕЧИМИСИЗ ЖАРАНДАРДЫ ТЫҢШООГО КАРШЫМЫН”

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кыргызстанда соттун уруксатысыз жарандарды тыңшоого жана видеобайкоого алууга каршы. Мындай пикирин Зулушев 9-февралда маалымат жыйынында билдирди. Бул жаатта УКМК сунуштап жаткан мыйзам долбоору менен толук тааныша электигин айткан баш прокурор буларды кошумчалады:

– Кечээ биздин кызматкерлер парламент комитетинин жыйынына катыша албай калды. Бул мыйзамды карап чыгып көз карашымды киргизем. Адам укуктары бар, аларды бузууга болбойт. Жеке мен кимдир бирөөнү соттун уруксаты жок аңдууга каршымын.

Айта кетсек, ушул аптада Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде УКМК демилгелеген “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” мыйзам долбоору каралган. Анда депутаттар долбоордо адам укугун бузуучу нормалар көп экенин белгилешти. Мисалы, жарандарды соттун уруксаты жок тыңшоого болот деген нормага каршы пикирлер айтылды. Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясын негиз катары кабыл алып, документти 2-окууда комитет толуктап иштеп чыга турган болду.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1001, 11-17-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан