Мезгил үнү
Жакында эле “милициянын лейтенанты жол эрежесин бузуп, анысы аз келгенсип, тартипке чакырган Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматындагы кызды сабаптыр” деген маалымат тараган. Окуядан аз күн өтпөй, жабыр тарткан МАИчи кыз Нурзат Разаковага “иш кандай болду? Жол эрежесин бузган Нурлан Шералиев өз жазасын алдыбы?” деген суроо менен кайрылганбыз. Бирок Нурзат “кереги жок эле, кереги жок. Менин атымды таптакыр атабагыла” деп так секирди. Нурзаттын суранычын эске алуу менен ал окуяны гезит бетине чыгарган жок элек. Бирок окурмандар “ошол окуя жөнүндө эмнеге жазбайсыңар? Милиция кызматкерине чара көрүлдүбү? Жыйынтыгын билгибиз келет” деген суроолору менен телефонду тындырышкан жок.
ЧЕХИЯДА ЛЕЙТЕНАНТ ЭМЕС, МИНИСТР ДАГЫ ЖАЗАЛАНАТ
“Комсомольская правда” гезитинин 25-ноябрда чыккан санында мындай деп жазылат: “Чехиянын Транспорт министри Вит Барта жарым жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажырады. Эмнеге дебейсизби? Анткени машинасын үйүнөн номери жок айдап чыккан”.
Чехияда мыйзамдын катуу иштегенин жана массалык маалымдоо каражаттары күчтүү экенин ушундан билиңиз. Журналисттер “полиция башчысы Владислав Гусак өзү мыйзам бузбайт бекен?..” деп эки күн артынан калбай аңдышкан. Чын эле полиция башчысы машинасын катуу ылдамдыкта айдап, жол эрежесин бузган. Буга күбө болгон журналисттер окуяны коомчулукка жар салышкан. Владислав Гусак күнөөсүн моюнуна алып, өз ыктыяры менен айдоочулук күбөлүгүнөн 3 айга айрылган. Андан сырткары 10 000 крон (350 евро) айып төлөп берген.
А БИЗДЕЧИ?
Чехия Республикасында мыйзам кандай роль ойноорун, министрлери мыйзамды кандай сыйлашарын жогорудагы маалыматтардан эле билсек болот. Бакыйган министрлерге “сиз эреже буздуңуз” деп ачык айтып, айыпка жыгууга тиешелүү кызматтын күчү да жетет. А биздечи? Жол эрежесин көз көрүнөө бузуп, анан күнөөсүн көзгө сайып көрсөткөн МАИчиге кол көтөргөн адам, жөн гана адам эмес, мыйзам бузгандарды тескөөчү, тартипке чакыруучу кызматкер жаза албай калып жатпайбы?! Анда кеп башынан болсун.
5-ноябрда Бишкектеги Москва көчөсүндө карама-каршы тилкеге түшүп, мамлекеттик номуру жок, жол эрежесин одоно бузуп келе жаткан автоунааны МАИчи кыз Нурзат Разакова токтоткон. Маалыматка караганда, токтотулган Ауди С 4 үлгүсүндөгү унаанын рулунда Ички иштер министринин 1-орун басары Мелис Турганбаевдин жардамчысы, лейтенант Нурлан Шералиев болгон. Ал өзүн токтоткон инспектор кызды жаман сөздөр менен сөгүп, ал гана эмес, башка эки жолу чаап жиберген. МАИчи кыз окуя тууралуу ИИМдин жетекчилигине рапорт менен кайрылып, чара көрүүсүн суранган. ИИМдин борбордук аппарат кызматкеринин иши иликтөөгө алынып, жыйынтыгында Нурлан Шералиевди министрдин 1-орун басарынын жардамчысы эмес, катчылыктын инспектору деп билдиришкен.
“Анда "Мелис Турганбаевдин жардамчысы" деген сөз кайдан чыкты?” деген сурообузга ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары Рахматулло Ахмедов төмөндөгүчө жооп берди:
– “Министрдин орун басарынын жардамчысы” деп биздин кесиптештер туура эмес маалымат беришкен. Чынында, мындай кызмат орундун өзү жок.
– Балким, МАИчиге "министрдин жардамчысы" деген күбөлүгүн көрсөткөн чыгар?
– Андай жалган күбөлүк жасалышы мүмкүн эмес.
Кызматтык териштирүү иштери жүргөн соң жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин буйругуна ылайык, Нурлан Шералиев ээлеген ордунан четтетилген.
ТЕЛЕФОНДУН ЖАНЫН ТЫНДЫРБАГАН ОКУРМАНДАР
Биздин окурмандардын биринин артынан экинчиси телефон чалып тынчсыздангандарынын да жөнү бар. Биринчиден, Шералиев өзү тартипти көзөмөлдөөчү органда иштеп туруп одоно мыйзам бузду. Экинчиден, ошого жараша жаза алган жок. ИИМдин сайтында “ээлеген ордунан бошотулду” деп жазылып турат. Милдетин туура аткарып жаткан кесиптешин сабап жатса, эмнеге кылмыш иши козголбойт, эмнеге жазаланбайт? Бул сурообузга Ахмедов: “Башкы тергөө башкармалыгынын жыйынтыгында “Шералиевдин кыймыл-аракетинде эч кандай кылмыш болгон эмес” деп айтылат. Анткени тигил кыз өзү “дооматым жок” деп жазып берген. Анан медициналык кароодон да өткөн эмес”,- деп жооп берди.
Мына ушул жерден да чоң суроо пайда болот. Окуя болгондон кийин олуттуу маселе катары көтөрүлдү да, кайра дым-дым болуп эле басылып калды. Эмнеге МАИчи кыз “мен жөнүндө таптакыр эч нерсе жазбагыла, атымды атабагыла” деп жан далбастады? Демек, ИИМдин чоңдору тарабынан кызга кысым көрсөтүлдү да! Болбосо, эмне үчүн жабырлануучу өз ишин мыкты, так аткарып жатып жабыр тартты да, кайра “дооматым жок” деп отуруп калды. "Шералиев иштеген ишинен кеткени менен, башка орунда отурат" деген кептин чындыгы 90 эмес, 100 пайыз бар окшойт. “ИИМден таптакыр айдалдыбы?” дегенибизде Ахмедов: “Шералиев мурдагы ээлеген кызматында иштебейт. Жоопкерчилиги азыраак жумушка отурушу мүмкүн”,- деди.
Деги бизде качан мыйзам иштейт? Иштегенди коё тур, орган кызматкерлери өздөрү тебелеп-тепсеп жатса, качан мыйзамды тааныйбыз да, сыйлайбыз?
Сүйүн Кулматова
koom@super.kg