БАШ ПРОКУРАТУРА МАДУМАРОВДУ ЖООПКО ТАРТУУ ҮЧҮН ПАРЛАМЕНТТЕН УРУКСАТ СУРАДЫ

"Башкы прокуратура "Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Жогорку Кеңешке уруксат сурап кайрылды. Прокуратуранын сунуштамасы 10-февралда түштү. Мыйзамга ылайык, сунуш түшкөндөн кийин парламент 48 сааттын ичинде атайын комиссия түзүүгө тийиш эле. Депутаттар Мадумаровду кылмыш жообуна тартуу маселеси дыкат иликтенүүгө тийиш экенин белгилешти. Мадумаров өзү "мыйзамда кандай жазылган болсо, ошону аткаралы. Кеп мен жөнүндө болуп жаткан жок. Комиссия түзүш керек болсо түзгүлө, иликтеп, адилет чечим чыгарасыңар деген үмүттөмүн" деди. Депутат Балбак Түлөбаев учурда УКМК менен Башкы прокуратуранын жетекчилерин кайраштыргысы келген күчтөр бар экенин, УКМК төрагасы да, азыркы президент да убагында куугунтук көргөнүн айтып, аларды өткөндөн сабак алууга чакырды. Жыйынтыгында ар бир фракциядан бирден депутат кирген атайын депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссия 1 айдын ичинде жагдайды териштирип, парламентте маалымат берет.

Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1001, 11-17-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан