ЭЛЕКТРОМОБИЛЬ АЛЫП КЕЛҮҮГӨ БЕРИЛГЕН ЖЕҢИЛДИКТИН МӨӨНӨТҮ УЗАРТЫЛАБЫ?

Депутат Марлен Маматалиев ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге электромобилдерди алып кирүүдө бажы алымы алына баштаганын, бул төлөмдү жоюу керектигин 10-февралда парламент жыйынында айтып чыкты.

– Дүйнөдө экологияга зыяны жок электромобилдерди колдонууга өзгөчө басым жасалып жатат. Бирок бизде электромобилдерди киргизүүгө ЕАЭБдин алкагында бажы алымы киргизилип, тоскоолдук жаралууда. Бул тоскоолдукту тез арада чечүү керек,- деди депутат. Буга чейин электромобилдерди алып кирүүдө каралган жеңилдик мөөнөтү бир нече жолу узартылган. ЕАЭБдин талаптарына ылайык, бажы алымы 2022-жылдын 1-январынан тарта алына баштады. 2021-жылы ЕАЭБдеги өлкөлөргө электромобилдерди бажы алымысыз киргизүү мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүү жүрүп, жыйынтык чыккан эмес.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1001, 11-17-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан