Толгонай Арзыкеева, ырчы: «БАЛКИМ, КАЙРА ТАБЫШАБЫЗ»

Ырчы Толгонай Арзыкеева жашоосундагы чоң бурулуштан кийин алгачкы ирет маек берип жатат. Өзү, жашоого болгон көз карашы өзгөрүп калганын айткан ырчы менен сүйүү мамилесиндеги өйдө-ылдый учурлар, чыгармачылыктагы жаңылыктары тууралуу кеп кылдык. Баса, ырчы 11-февралда 24 жашка толду.

– Толгонай, салам! Туулган күнүң кут болсун! Туулган күндү кантип белгилөөнү жакшы көрөсүң?

– Салам, рахмат.

Көбүнчө күндүз үй-бүлөм менен, кечинде досторум менен тосом. Ар кандай тематикадагы кече өткөргөндү жакшы көрчүмүн. Быйыл тынч жерде курбуларым менен чогуу өткөрөлү деп жатабыз. Туулган күнүмө карата “Махабат” аттуу жаңы ырымды, ага тартылган клиптин бет ачарын өткөрдүм. Биринчи жолу ушундай иш-чара уюштурдум. Буга чейин мен татыксызмын деген ойлор келе берчү. Бир ишти баштасам, баарын идеалдуу кылганга аракет кылам. Идеалдуу жасайм деп жүрө бергенче жашым 24кө келип, убакыт өтүп бара жатканын сездим. Ушинтип жүрүп анан өмүр да өтүп кетет экен. Мунун баарын ойлонуп отуруп, ыр менен клиптин бет ачарын өткөрүүнү туура көрдүм. Ырдын обону мага, сөзү Тимур Салиевге таандык.

– Жакшы. Буга чейин жалгыз убакыт өткөргөнү бир айга Алматыга барып келиптирсиң...

– Ооба, жалгыз жашап көрүп өзүмдү тааныгым келди. Ал жактан режиссёр, ырчылар менен тааныштым. Жакшы жерлерди көрүп эс алдым, алдыга кыялдарды коюп келдим. Буюрса, ал жакта да киного тартылып калышым мүмкүн. Алматыдан келгенден кийин баалуулуктарым өзгөрдү. Ата-энеме, өзүмө, өлкөмө болгон көз карашым азыр башкача.

– Анан өзүңдү тааный алдыңбы?

– Азыр да изденүүнүн үстүндөмүн. Адамдар сени өздөрү каалагандай образда көрөт экен. Анан өзүбүз дагы “ушундай адам турбаймынбы” деп ойлоп калат экенбиз. Мени тааныбаган адамдар менен жолукканда алардын мага кылган мамилесинен өзүмдү тааныдым. Мурда эл берген образга ылайыктап жашап көнүп алган экенмин.

– Буга чейин болуп өткөн окуялар тууралуу күйөрмандарың деле сенден комментарий күтүп жатышса керек. Дегеним, Нурсултан мырза менен 4 жыл кыз-жигит катары сүйлөштүңөр, өткөн жайда ал сага сөйкө салды эле. Анан эле жагымсыз кабар тарады...

– Ооба, Инстаграмга жүктөгөн сүрөттөрүм, жазгандарым, берген интервьюларымдын баары чындык. Бирок мен айтпаган сөздөрдү айттырып, кылбаганымды кылды деп ашырып жазгандарга ошол учурда таарынган болчумун. Көп жаман сөздөр жазылды. Буга чейин жеке жашоом тууралуу дайым ачык-айкын айтып келчүмүн, жаш болчумун дебейминби (күлүп). Азыр деле жашмын. Ал учурдагы Толгонайды кабыл алам, эмоцияларым менен бөлүшүп, сүйүүмдү жарыялаганыма өкүнбөйм.

Сөйкө салууну чоң маараке кылып, ага туугандарыбызды чакырып, элге жарыялаганыбыз үчүн көпчүлүк мени күйөөгө тийди, ак жоолук салынып, жубай катары жигиттин үйүнө кирди деп түшүнүп алышыптыр. Андай болгон эмес. Ортобузда чоң чатак болгон жок, эки жолго түшкөнүбүздүн чоң себеби деле жок. Балким, кайра сүйлөшүп калабыз, балким, сүйлөшпөйбүз, ар кандай болуп кетиши мүмкүн, жашоодон көп нерсени күтсө болот. Эми жеке жашоомду айта бербейин деп чечтим. Бирок күйөрмандарыма жооп берип коюшум керек экенин түшүнөм.

Башында мен да ишене албай жүрдүм, 4 жылда ага жакын болуп калыптырмын. Өзүмдөн “эмнеге андай кылдың?” деп сурап жаттым. Көп ойлонуп, “багымды ач, күч бере көр, ыйман бер” деп Кудайга жалындым.

Бирок ал кишини жек көрүп же таарынган жокмун. Сиздер ойлогончолук оор болгон жок. Ошол учурда аябай жыргагам же азыр жыргап жатам дебейм. Муну кадимкидей күндө болуп турчу окуядай кабыл алдым, мындан чоң маселе көргөн жокмун. Күйөрмандарым "көзүң аябай капалуу, кантип бул этаптан өттүң?” деп жазышат. Андай жазгандарды окуп аябай кыйналышым керек беле, жаман нерсе болдубу деп ойлонуп жаттым. Жашоо уланып жатат, буюрса, баары жакшы.

– Бул окуядан кандай сабак алдың?

– 2021-жыл мен үчүн сонун жыл болду деп эсептейм. Себеби ошонун баары болбосо, балким, азыр ушундай ойлорго келмек эмесмин. Ар дайым Кудай деп туруш керек экен деп калдым. Жан дүйнөңдөгү тынчтык өтө маанилүү экен. Эч убакта жан дүйнө тынчтыгын ниет кылып Кудайдан сурайм деп ойлогон эмесмин. Бул тынчтыкты сезген адам аябай бактылуу деп ойлойм. Өзүм өзгөрдүм, баалуулуктарым өзгөрдү. Ар бир адамды кандай болсо ошондой кабыл ала баштадым. Жаман комментарий жазгандарды да түшүнүүгө аракет кылып жатам. Мурда таарынып, “мен андай кылган эмесмин” деп айткым келчү. Мурда эл укса экен, күйөрмандар билсе экен деп ыр жаздырсам, "азыр мага жагып жатат" деп жаздырууга өттүм.

– Таанышууга батына албай жүргөн жигиттер эми активдешип, аракет көрүп жатышса керек...

– Менин хейтерлерим аз болчу. Баарына жагат окшойм деп ойлочумун. Көрсө, андай эмес экен. Биз эки жолго түшкөн учурда өзгөчө эркектер аябай жаман сөздөрдү жазып жатышты. Сиз айтып жаткандай, баары эле Толгонайга күндө гүл берчүдөй, көзүн карагандай ойлошот окшойт. Жок эч ким. Айтыңызчы, ким бар экен (күлүп)? Балким, мен айланага “азырынча даяр эмесмин” деген сигнал берип жаткандырмын же жигиттер кичине коркуп жатышабы, билбейм. Азыр чыгармачылыгыма, үй-бүлөмө көңүл буруп жатам. Ушундай абал жүрөгүмө жагып жатат. Балким, азырынча чын эле жаңы мамилеге даяр эмесмин.

Перизат Музуратбекова

 Кыстарылган видео 
"Балким кайра табышабыз" дейт Толгонай Арзыкеева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
voennyi88
2022-02-17 07:39:39
Балбылдаган көздөр менен карашкыла, урушсанар батыраак табышкыла,эрди катын деген статусту жок эттирбей, түндөсү бир жуурканды талашкыла. Табышкыла Толгонай табышкыла.
-2
№ 1001, 11-17-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан