Нуржигит Кадырбеков, Жогорку Кеңештин депутаты: «КАБЫГЫБЫЗ КЫРГЫЗ, МАҢЫЗЫБЫЗ БАШКА БОЛУП КАЛБАСА...»

Башынан ак калпагы түшпөгөн, сөзү жугумдуу депутат Нуржигит Кадырбеков маектешим. Кызыктуу баарлаштык, 1 саат кантип өтүп кеткени билинбей калды.

– Саламатсызбы, Нуржигит мырза, “Ыйман нуру” фракциясынын Жогорку Кеңештеги ишмердүүлүгү кандай башталды? Мандаттын аздыгы сезилген жокпу?

– Саламатчылык, рахмат. Шайлоонун алдында командама “азыр элдин аң-сезими бийик, идеяга, тазалыкка карап шайлайт” деп шык бердим, Кудайга шүгүр, ошондой эле болду. Беш адам болсо да Кудай берекесин берсин. “Миңге тете бирөө” дешет го, мен да азыр командама “бешөө болсок да, көп кишидей иштейли” деп жатам. Байкасаңыздар, Жогорку Кеңештин сессияларында актуалдуу темаларды көтөрүүгө аракет кылып жатабыз. Парламенттин табияты ушундай экен, баары добуш берүү менен чечилет. Бирок биз азбызбы, көппүзбү, мааниге ээ эмес, өзүбүз туура деп эсептеген жолдо кете беребиз.

– Буга чейин мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштегенсиз. Өзүңүз кайсы кызматта турганда элге көбүрөөк пайдам тийди деп эсептейсиз?

– Министр катары бир тармакты эле карайсың. Экономика, айыл чарба, социалдык маселелерди көтөрө албайсың, кызматыңа туура келбейт. Административдик-саясий кызмат, бир жерге байлануусуң, ар бир кадамыңды уруксат сурап ташташың керек. Депутаттыкта эл менен түз иштешип, алардын үнүн бийликке жеткирүүгө мүмкүнчүлүк болот. Бардык тармак боюнча маселе көтөрө аласың, ал жаатта тажрыйбаң артат. Депутаттыкта эркиндик да, элге пайдаң да көбүрөөк.

– Сиздин фракциянын позициясы кандай? Бийликчилби же...

– Шайлоого баратып “оппозиция да, хоп позиция да эмес, ак позиция, нак, так позицияда болобуз” дедик. Азырынча ушул жол менен келе жатабыз. Мындай позицияда кармалуунун бир эле жолу бар –кабыл алынып жаткан чечим туура болсо колдоп, эгер туура эмес болсо, ошол чечимге оппозиция болуш керек. Негизи оппозиция, оңчул-соңчул деген түшүнүктөрдү саясат таануучулар ойлоп табышкан. Биз калыс позициядабыз.

– Жакында оорукананы “шыпаакана” деп атоо боюнча парламентте айткан сунушуңуз эл арасында талкууга жем таштады...

– Адегенде сөзү болот, анан өзү болот дешет. Сен ал жайга “шыпаа табайын” деп барасың да, туурабы? Тилиңден кандай сөз чыкса, ал программа сыяктуу орундала берет. Шыпаакана дегенди позитивдүү сүйлөгөн жакшы деген максатта сунуштаган элем. Негизи анда “мамлекеттик шыпааканага барарда жарандарды жеке клиникаларга жөнөтүп чөнтөгүн кагып алып жатышат” деп маселе көтөргөн элем. Бирок ага эмес, шыпаакана деген сөзүмө көп көңүл бурушту.

– Элдин руханий байлыгын өстүрүү жаатында күйүп-бышып, жүрөсүз. Саясатка активдүү аралашуу менен бул жаатта ишиңиз аксап калбайбы?

– Депутаттыктан башка менин адамдык да миссиям бар. Бул – элди жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу. Жакында Ноокенге, андан ары Чоң-Алайга барганы турабыз, адеп, ыйман, тарбия темасында жашоочулар менен баарлашабыз. Мен бул долбоорду “Саясатсыз сапар” деп атаганы жатам.

– Жеке жашооңуз тууралуу сүйлөшсөк. Жубайыңыз менен качан, кантип таанышып калдыңыз эле? Үйлөнүү сунушун киргизген учурду эстесеңиз...

– Негизи, жубайым жөнүндө айтчу эмес элем (күлүп). Билесизби, жигит кызга жакпай калса, эч нерсе болбойт, башкасын таап алат. Кыз киши жигитке жакпай калганын билсе, ага катуу тийет. Ал кезде жубайым банк системинде иштечү. Байкап көрөйүн деп журналист катары андан банк системи тууралуу маалымат алганы бардым. Алдын ала бир гезит менен “эгер кыз жакпай калса интервью чыгат, жагып калса чыкпайт, анда колун сурайм” деп сүйлөшүп алдым. Интервью чыккан жок. Салтты, наркты сактап, колун суроого апамды жибергем. 1-2 жумадан кийин той кылдык. Жубайым менден бир топ жаш кичүү. Негизи кыргызда акчанын, анан баланын санын айтпайт. Учурда кыздарыбызды тарбиялап жатабыз.

– Балдарды тарбиялоо иши кандай болуп жатат? Бул жаатта жаш үй-бүлөлөргө сизден кеңеш уксак...

– Бала ата-энесинин мамилесин көрүп, кийин өз бүлөсүнө ошондой мамиле кылат. Анан адал тамак өтө маанилүү. Баланын жүрөгү мерез болбош үчүн, ден соолукта, зирек, зээндүү, ыймандуу болуш үчүн адал эмгектен табылган азык берүү зарыл. Айрымдар тойдон балдарына таттуу алып барбайт. Ал той, балким, бирөөнү сыздатып алынган паранын акчасына уюштурулду, билбейсиң да. Анан бала төрөлөрү менен дароо эмизбеш керек. Бул – бул дүйнөгө келдиң, бир аз сабыр кыл деген тарбия. Төрөлөр замат оозуна эмчек салып, ыйласа каалаганын алып бере берсең, аны бала эмес эле, балээ кылып алышың мүмкүн. Баланын ойноо, окуу процессине көңүл буруу зарыл. “Эмнеге “эки” алдың?” деп күндөлүгүн мугалим деле текшерет. “Бүгүн сабактан эмнени үйрөнүп келдиң?” деп сураш керек, ошондо бала “атам сурайт” деп күндө бир жаңы нерсе үйрөнүп келет. Балага жумшак болуп, сырын уга билиш керек.

– Заман алмашып, бардык улуттар бара-бара түпкүлүгүнө кайтат деген пикир бар. Кыргыздын түпкүлүгү дегенде эмнени баса белгилеп айтат элеңиз?

– Түпкүлүгүбүзгө жөн эле барып калбайбыз. Азыр шаар араласаң, жалаң орус тилинде сүйлөгөн балдар. Тарбия бакчадан эмес, үйдөн башталат. Ата-энеге баары бир, сериал, футбол көрүш керек же достор менен шеринелеш керек. Тоскоол болбосун деп балага телефон карматып коюшат, ал жактан баланы Настя, Никиталар тарбиялап жатат. Бул жаатта ырааттуу саясат керек. Азыр ким баласына кыргыз жомокторун, Толубай сынчыны, Токтогул ырчыны айтып берип жатат? Азыр кабыгыбыз кыргыз, маңызыбыз башка болуп кетүү коркунучу турат. Биздин түпкүлүгүбүз – адебибиз, меймандостугубуз, айкөлдүгүбүз, пейилибиз, дастандарыбыз, манасыбыз, комузубуз, элдик жомокторубуз.

– Гитара менен ырдаган видеоңуз интернетке тарады, ырчылык чымыныңыз да бар окшойт?

– Ушул видеону эл-журт унутуп эле калса экен деп жүрдүм эле (күлүп). 1991-жылы республикалык музыкалык сынакка комуз ойноп катышып, мени КТРКдан көрсөтүшкөн. Менин сыналгыдан ырдап чыкканым айылыбызга чоң сенсация болгон. Бара-бара комузду эски деп чандымбы же кыздарга жагат дедимби, гитара үйрөндүм. 30дай обонум бар. Ал учур өттү-кетти, тарых. Кырчындай жаш кезди көргөндө өткөндү эстеп бир жыргап алам.

– Балалыгыңыз кайда өткөн?

– Балалыгым Кара-Кулжа районунун 1-Май айылында өттү. Чоң ата, чоң энемдин колунда өстүм. Айылда отун-суу ташып, жылкы тосуп келип, чөп чаап, кара жумушка аралашып чоңойдук. Ишенесизби, марттын аягынан октябрга чейин тынымсыз иштеп, кээде “бир күн иштебей бош отурган күнүм болор бекен?” деп ойлончумун. Атам “иштен адам өлбөйт” деп бизди бала кезден кара жумушка бышырды. Ошентип чарчаган учурда ичимден “шаарга кетсем жыргайм, айылга такыр келбейм” дейт элем.

– Кызыктуу маегиңиз үчүн чоң рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1001, 11-17-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан