МММ... ТАМШАНТКАН ЖАШЫЛЧАЛАР!

Кышында көпчүлүк азыктардын баалары көтөрүлүп кетет эмеспи. Ошондуктан бул сапар колдо бар жашылчалардан жасалчу тамшандырган өзгөчө даамдардын рецептин сунуштайбыз. Жасап, даамын сезип көрүңүз.

ГАРМОШКА КАРТОШКА

Керектелүүчү азыктар:

Картошка – 3 даана (чоңу)

Каалооңузга жараша жашылча (капуста, козу карын, пияз) же эт, сыр, помидор, баклажан кесимдерин кошсоңуз болот – 200 грамм

Сарымсак – 3 тишче

Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Укроп – жарым боо

Туз, татымалдар – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Картошканы аарчып, жууп, туурасынан аягына жеткизбей гармошка сымал кесип чыгуу керек. Оңой болсун десеңиз эки капталына таякчалардан коюп кесүүгө болот.
2. Тандап алган жашылчаны, сарымсакты майда төрт чарчы туурайбыз. Көмөч казанда ысып турган өсүмдүк майына салып бир аз кууруп алыңыз. Майдаланган укропту, туз, татымалдарды кошуп аралаштырып, картошка кесиминин ар бирине салып чыгабыз. Эгер эт, колбаса, сыр кошом десеңиз жука кесип, татымалдардан себелеп ортолоруна тизип коёсуз. Фольгага картошкаларды салып, ар бирине тегиз өсүмдүк майын куябыз. Фольганын четтерин өйдө кайрып, буу чыкпагыдай кылып үстүнө да фольга жабабыз. 180 градуста ысып турган электр мешине 20 мүнөт коюп, үстүнкү фольганы алып, дагы 20 мүнөт бышыруу кажет.

ШИРЕЛҮҮ САБИЗ

Керектелүүчү азыктар:

Сабиз – 300 грамм

Соя соусу – 5 аш кашык

Бал – 2 аш кашык

Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Ичке сабиздерди жууп-тазалап узунунан тең экиге бөлөбүз. Эгер сабиздер чоң болсо кыйгачтатып 1 сантиметр калыңдыктагы бөлүктөргө бөлөбүз.
2. Соя соусуна бал, өсүмдүк майын, туз, мурч кошуп аралаштырабыз. Розмарин же тимьян болсо кошуп койсоңуз эң сонун даам берет. Көмөч казанга сабизди салып, соустун жарымын куябыз да, 10 мүнөттөй кызартып, экинчи тарабынан оодарып, калган соусту куюп кызартып чыгарабыз. Же болбосо соустун баарын куюп, 180 градуста ысып турган электр мешине 20 мүнөткө коюп бышырууга болот. Ысык кезинде жеген жакшы, эт азыктарына гарнир катары берсеңиз жакшы айкалышат.

ФАРШТАЛГАН АШКАБАК

Керектелүүчү азыктар:

Ашкабак – 1,5-2 килограмм (бүтүн)

Тоок эти – 200 грамм

Пияз – 2 даана

Сабиз – 1 даана

Түстүү капуста – 100 грамм

Өсүмдүк майы – 50 миллилитр

Ашкөк – 1 боо

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Кичирээк ашкабакты жууп, баш жагын капкак сымал кесип, ичин тазалап чыгуу кажет. Туз, мурч татытып, 200 градуста ысып турган электр мешинде 20 мүнөт бышырабыз.
2. Тоок этин орточо бөлүктөргө бөлүп, көмөч казанда ысып турган майга салып 5 мүнөттөй кууруйбуз да, үстүнө майда тууралган пиязды, андан соң сабизди кошуп 2-3 мүнөттөн кууруйбуз. Туз, мурч татытып, түстүү капуста менен каалаган ашкөктү чоңураак туурап аралаштырып, оттон чыгаруу керек.
3. Ашкабакка куурмачты салып капкагын жаап, сыртын өсүмдүк майы менен майлап коюңуз. Табага салып 200 градуста ысып турган электр мешинде 50 мүнөт бышырабыз.

БРОККОЛИ МЕНЕН ЗАПЕКАНКА

Керектелүүчү азыктар:

Брокколи – 300 грамм

Пияз – 1 даана

Жумуртка – 4 даана

Сүт – 100 миллилитр

Катуу сыр – 100 грамм

Ун – 4 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Брокколини тутамынан ажыратып жууп, манты касканга салып 2-3 мүнөт бууда кармоо керек.
2. Жумурткаларды чегип, үстүнө сүт, унду кошуп чалабыз. Туз, мурч салып аралаштырабыз. Горчица болсо 1 аш кашык кошуп койсоңуз даамы өзгөчө болот.
3. Майланган электр табасына брокколини салып, суюк аралашманы куябыз. Үстүнө сырды сүргүчтөн өткөрүп себелеп, 180 градуста ысып турган электр мешине 15-20 мүнөт бышырабыз.

Асел Ишенбай кызы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1001, 11-17-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан