(Башы өткөн сандарда)
Тунжурап оттун учкундарын карап отурду Аскар. Ушул учурда Гүлүмдүн тамак жасап жүргөнүн, Алмаз от жагып берип экөө күлүмсүрөй сүйлөшүп жатканын карап жашоосу өзү ойлогондой “вау” болбогонун байкады. Жөнөкөй эле, жүзүнө карап ага чын дилден күлгөн адам жок экенин сезди. Ичи эңшериле түшүп жатты. Чарчаганын сезди, туюкка капталганын сезди. Ойлору жабалактап жатты. Эриктин атасы оңбогондой акча сурады, кеп акчада деле эмес, балким, акчададыр... Айтор, ичи бопбош. Каңгыраган калайдай эле бопбош. Ичинде эч бир жашоо болбогондой, эч кимге керек болбогондой боштук сезилди. Кызык, эмнеге? Алмаздыкындай эле балдары, аялы, андан да бийик мансабы, акчасы, кудурети бар го мунун?.. Мурун өзүнүн чечимдерин, кылган иштерин туптуура деп ойлочу. Биринчи жолу ичине шек түштү. Азыр жок болуп кетсе да аркасынан издей турган эч кимиси жоктой сезди өзүн. Жалгызсырады. “Эч кимге кадырым өтпөдүбү, эч кимге керегим жокпу?” деди ичи сыйрыла...
– Эркинди биздин балдар менен тааныштырсаң боло, чогуу жүрсө жаманбы?- деди Алмаз.
– Ия?- өз ойлору менен отурган Аскар укпай калды.
– Эркинди, уулуңду дейм, биздин балдар менен тааныштырсаң жакшы болмок.
– Атаңды оозун урайын ошону, ошонун ботко кылган нерсеси үчүн башым катып отурат.
– Ии, эмне кылды?
– Ээй, узун кеп, бул иштен кутулганда бир айтып берермин,- деди Аскар. Куурдак даяр болуп, жаркыраган дасторкондо отурса да Аскардын көкүрөгү ачышканы ачышкан. Тамак да жей албай ордунан турду.
Үйүнө бара жатканда Альфия телефон чалды. “Өх, бул да бир куурагыр экен, менден эмне тапты?” деди ичинен кейип. Улам эле артка сүйрөй бергенде эмне, бүтүрүшү керек бул маселени. Бүгүн, азыр. Эртеңкиге калтырганга болбойт. Альфия эшикти ачып алдында турган Аскарды көрүп бактылуу жылмайып алды.
– Келдиңби?
– Келдим.
Тамак-ашын жайнатып жүргөн аялды колунан кармай калды Аскар.
– Мен тамак ичпейм, кел отурчу мындай, сүйлөшөлү.
– Эмне болду?
– Мен башынан эле сага бир үмүт берген эмесмин, туурабы? Сен менин табиятымды билесиң, мен бир жерге, бир үйгө, бир аялга көпкө байлана албаган адаммын. Бизде жакшы күндөр өттү. Бирок ар бир нерсенин аягы болот да.
– Эмне деп жатасың, Аскар?
– Токтотолу мамилебизди деп жатам, Альфия, мага ашыкча болуп кетти. Тоюп кеттим баарына, кокомо чейин тойдум. Мындан ары издебе, телефон чалба, мени коё бер.
– Сен кечээ эле аялым менен ажырашам, документтерди топтоп жатам дедиң эле го...
– Ооба, ажырашам, бирок сага келем деп айттымбы?
– Кандайча?
– Кетем, башка жакка, эч кимиңер жок жакка, менден эч ким эч нерсе талап кылбай турган жакка, көз көргүс, кулак уккус жакка. Иши кылып кетем!
Альфиянын ансыз да чоң көздөрү чоңоюп кетти. Оюнда жашоосу эми бир жолго түшкөндөй сезилген. Коркуу тез эле жүзүнөн сүрүлүп, текебер жылмая берди.
– Сен мени таштап кеткени жатасыңбы?
– Ызы-чуунун кереги жок, Альфия, экөөбүз тең чоң эле адамбыз го.
– Ызы-чуусуз жөн гана жок болуп кетишимди каалап жатасыңбы? Хм, мен антпейм, Аскар. Сен менин жашоомду астын-үстүн кылып кете бер, а мен унчукпай отура берейин. Мен эң кымбат адамдарымдан сен үчүн баш тартайын, бул батирде жалгыз жашайын, а сен эч нерсе болбогондой жолуңду ула... Андай болбойт!
– Мен сени “акылыңа кел, Анвар менен жашай бер” деп айткам, туурабы?
– Аскар, сен чыныгы Альфияны тааныбапсың, эгерде жөн гана басып кете турган болсоң эртең сенин жоруктарыңды элдин баары билет. Мен Ютуб каналы болобу, сайты болобу, гезит-журналы болобу, баарына барып сенин кандай абийири жок акмак экениңди айтам. Мени кантип үй-бүлөмдөн ажыратып алдап ара жолго таштаганыңды айтам. Мен таптаза репутацияңды көөдөй кир кылам.
Аскардын башы айланып калды. “Мына, ушундай болмок, көп баскан аяк бок басат деген ушул. Эми эр болсоң муну токтотуп көр. Аялыңдай кылып эки жолу уруп өпкөсүн үзүп отургузуп коё албайсың. Муну деген Альфия дейт. Акылы да, куулугу да, таасири да бар аял. Кана, Аскар, эми бул оюндан чыгып көр”. Ичинен абалына күлкүсү келди. Эч нерсе дебей ордунан турду да чыгып кетти. Көңүлү иренжип чыкты. Альфиядан кадимкидей кускусу келди, өзүнөн жийиркенди. Рулга башын жөлөй көпкө отура берди. Тез эле Аскар Эриктин атасынын сунушуна макул болуп, бул ишти ага чачыратпай бүтүрүшү үчүн каалаган акчасын берди. Эрик тез арада убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аскар ушуну менен баары бүтүп калчудай сезген, бирок бүттү дегенде баары башталарын кайдан билсин...
ххх
Иш күнү бүтүп, Анвар кабинетинен эми чыгып бара жатканда бойлуу, адамга ишенбей тиктеген капкара киши кирип келди.
– Саламатсызбы?
– Анвар сенсиң, ээ?
– Ооба, менмин.
– Отур, сөз бар.
Зекий сүйлөгөн тиги адамды кабинетинен кууп чыгайын деп ойлоду да, кайра токтоп калды.
– Мен Эриктин атасымын. Сен тааныбашың мүмкүн, бирок көптөр мени таанышат. Кызыңдын абалын уктук, кечирим сурайбыз. Бирок сөзгө келсең, иш башкача да чечилиши мүмкүн.
– Кандай чечилиши мүмкүн?- өзүн араң колго алган Анвар тигини тиктеп калды.
– Акча! Акча баарын чечет эмеспи.
– Хм, баарын акча чечет деңиз!
Токтоо болчу Анвар. Бирок бул жолу... Муштумдары чыңала түшүп өзүн токтото албай калды. Алдында текебер тиктеп турган адамды ээктен ары уруп калды. Күтүүсүз отурган адам отургучу менен чалкасынан кетти.
– Келесоо го мына бул...
– Акча баарын чечет, ээ? Менин кызымдын тагдырын акчага бычканы турасыңбы? Эй, айбан, мына бул колдорду көрдүңбү, сендей айбандардын далайынын өмүрүн сактап калган хирургдун колу бул, уктуңбу? Сендейлерди кайра тиги дүйнөгө да жиберип коё турган кол ушул!
Эшиктен кирип келген эки-үч кесиптеши кармап калбаса Анвар дагы эмне кылмак бир Кудайдын өзү билет эле. Тиги киши ордунан шашпай турду да, ээгиндеги канды сүрттү.
– Ажалың жакын калыптыр сенин, доктор,- деди да чыгып кетти.
Анварга кийин дагы далай кишилер келип ортого түштү. Бирок эч эле сөзгө келген жок. Эрикке эң көп жыл беришин талап кылып туруп алды. Сот аны 10 жылга эркинен ажыратканда гана жеңил дем алды. Бирок сот болгондон кийин Эрик кайдан-жайдан анын телефон номерин таап, аны сүйлөшүүгө чакырды. Барбайт болчу, бирок анын “чыныгы күнөөкөрлөр сенин жаныңда жүрөт” дегени ойлонтуп койду. Жолугууга барды. Бою узундугу, текебер караган көз карашы, үксүйгөн кашы баягы кабинетине келип “акча чечет баарын” деген атасына окшош экен.
– Ооба, мен күнөөлүүмүн. Бирок мен сенин кызыңды тааныбайт болчумун. Мага заказ беришти.
– Ким?
– Эркин деген жигит. Депутат Аскарды таанысаң керек. Хе-хе, сен аны чындап жакшы тааныйсың да, туурабы?
– Оозуңду жап, Эркин деген ким, ошону айт.
– Эркин деген Аскардын баласы! Атасы сенин аялыңа да ыраазы болбой, кызыңа көз артып жатканын байкап калып кызыңды жазалады. Энеңди урайын, кийин атасынын аркасына жашынып мени бул жакка тыгып салды.
– Эмне-е?
– Ошондой болду. Мен атамдан коркуп сотто кыңк дей албадым. Анткени мен үчүн жакшы акча алды атам. Атам мени тез эле чыгарып алат, бирок сен чыныгы кызыңдын убалына калган адамдарды билишиң керек.
– Мен сенин сөзүңө эмнеге ишенишим керек?
– Өз эркиң, ишен же ишенбе деп айта албайм, өзүң бил. Бирок эч нерсеге карабай мени бул жакка тыкканыңа караганда тигилердин да жанын сууруп аласың деп ойлодум.
Анвар ойлонуп калды. Тигинин айткандарына бир ишенип, бир ишенбей турду.
– Жанын сууруп ал, доктор. Болгону мен айтканымды эч кимге билдирбе. Болбосо атам бул жакта жатканыма да карабай өлтүрүп коёт.
Бир-эки сүйлөп туруп эле каркылдап күлө берген адаты бар бул жигитти Анвар тиктеп турду. Бир уруп тынчытып койгусу келип жатты, бирок өзүн кармады.
– Сен бул ишке Эркин аркылуу аралаштым деп жатасың, ээ, ал ким?
– Досум... болчу. Крыса десе, эркиндикке чыкканда өзүм кармап туруп башын чымчыктай жулуп ыргытам анын. А сен доктор, өчүңдү Аскардан ал. Уктуңбу, Аскардан ал!
Анвар бул жерден эңги-деңги болуп чыкты. Уккандарын сиңире албай жатты. Эгерде мунун айтканы чындык болсо Альфия дагы да болсо ошол акмак менен жашап жатат да. Көзүн туман басып калган ал аялга кантип Аскардын жүзүн көрсөтүшү керек. Эң негизгиси, бул дөөдүрөп койдубу же чынбы?
ххх
Айсулуу врачтын кабылдамасында отурган. Бутун кайрып сындырып салгандан бери канча убакыт өтсө да жакшы боло албай койду. Рентгенди карап туруп врач башын чайкады.
– Кызым, сен мындан ары кесибиңди таштоого туура келет. Бул жарака менен бийлей албайсың. Билем, сонун бийчисиң, каалооң да күч. Бирок ден соолугуң жарабайт. Андан көрө...
Айсулуу алдындагы врач эмне деп жатканын андан ары уккан жок. Башы кеңгиреп кетти. Өзүнүн келечегин ал ушул кесип менен гана байланыштырып алган. Анвар кирип келгенде да ушундай абалда отурган эле.
– Айсулуу?
– Ата, мен мындан ары бийлей албайт экенмин...- деп ыйлап жиберди.
(Уландысы кийинки санда)