Адатта, дары таблеткасын суу менен ичебиз. Кээде шире, кофе, муздак чай менен ичкендер кездешет, адистер буга каршы. Бул жаатта нутрициолог жана диетолог Теңирберди кызы Жазгүл маалымат берет.
ДАРЫНЫ СУУ МЕНЕН ИЧКЕНДЕ ГАНА РЕАКЦИЯ ЖҮРБӨЙТ
Дары-дармектин курамындагы химиялык заттар ичилген суюктуктар (суудан башкасы) менен реакцияга кирип, дарынын таасирдүүлүгүн азайтып же көбөйтүп организмге зыян келтириши мүмкүн. Суу менен ичкенде гана реакция жүрбөйт.
Ичимдик + дары
Кофе + дары
Кофенин курамында танин жана кофеин бар. Кофеин сергитүүчү, уйкуну ачуучу касиетке ээ, ашказандагы кычкылды жогорулатат, канды суюлтат. Нервди тынчтандыруучу дарыны кофе менен ичкенде ашказанда эрозияны, ашказан жарасы барларда кан агууну жаратат.
Чай + дары
Кара жана көк чайдын курамында танин бар. Танин витамин жана минералдар комплексин ичкенде алардын таасирин азайтат. Чөп чай менен бойго бүтүрбөөчү дары таблеткасын ичкенде дарынын таасири жоголот.
Сүт + дары
Дарыны, өзгөчө антибиотиктерди сүт менен ичкенде сүттүн курамындагы кальций, магний, темир дарынын күчүн төмөндөтөт.
Креон же фестал дарысы менен ичкенде дарынын натыйжасы өтө аз болот. Лактозаны сиңире албагандар сүт менен дарыны ичкенде дары сиңбейт, түз чыгып кетет.
Газдалган суусундуктар + дары
Газдалган таттуу суусундуктарда кант жана көмүр кычкылы көп. Булар дарынын сиңишин начарлатат.
Цитрус ширеси + дары
Цитрус, мисалы, апельсин, грейпфрут ширелери ашказан, ичегиде дарынын сиңишине керектүү ферменттин иштелип чыгышын токтотуп коёт. Бул аллергияга, талмага каршы, оорутууну басуучу, кандагы холестериндин деңгээлин түшүрүүчү дарылардын таасирин төмөндөтөт. Грейпфруттун курамында фуранокумариндер бар, алар дарынын таасирин күчөтүп жиберет.
Эгер жүрөк-кан тамыр оорусунун дарысын, вируска жана аллергияга каршы дарыны, антибиотикти грейпфруттун ширеси менен ичсеңиз абал кескин оорлойт, ооруканага түшүп калууңуз ыктымал.
Эскертүү: Анемияда ичилүүчү курамында темир бар дары каражаттарын лимон кошулган суу же томат, апельсин ширеси, же ит мурун чайы менен ичүү кажет. Анткени алардагы C витамини темирдин организмге жакшы сиңишин шарттайт.
Гипертониктин 1 апталык менюсу
Жогорку кан басым илдетинен жапа чеккендер үчүн №10 стол диетасы сунушталат. Муну интернеттен таап окуп, эмнелерди жесе болорун жана болбошун билип аласыз. Тамакты 1 порциядан гана ичип, анын өлчөмү 200 граммдан ашпашы зарыл. Бир апталык болжолдуу меню:
1-күнү. Эртең мененки тамак – гречка, сулудан ботко, 50-60 грамм майлуулугу аз быштак.
Түшкү тамак – суюк тамак сунушталат. Аны канаттуунун же уйдун этинен, катуу буудай сортунан жасалган камырдан азыраак кошуп жасаса болот. Же фрикадельки тамагы.
Кечки тамак – бууга бышырылган балык.
2-күнү. Эртең мененки тамак – сууга бышырылган омлет, катуу буудай унунан жасалган 2 кесим нан.
Түшкү тамак – борщ же фаршталган болгар калемпири.
Кечки тамак – тооктун төш этинен жасалып бууга бышырылган котлет.
3-күнү. Эртең мененки тамак – күрүч ботко.
Түшкү тамак – катуу буудай унунан жасалган камыр кошулган суюк тамак же эт кошулган гречка.
Кечки тамак – рагу же бууга бышкан балык. Йогурт, банан кошулган майлуулугу 5 пайыздык быштак.
4-күнү. Эртең мененки тамак – сулу акшагынан ботко, буга кургатылган как, жаңгак кошуп жасаса даамдуу, витаминдүү болот.
Түшкү тамак – кызылчадан суюк тамак (свекольник), же бууга бышкан котлет (гарнирине күрүч).
Кечки тамак – тоок же уйдун этинен жасалган тефтели.
5-күнү. Эртең мененки тамак – омлет же таруу ботко.
Түшкү тамак – эт, козу карын кошулган суюк тамак же рагу.
Кечки тамак – тоок этинен тефтели, кургатылган нан.
6-күнү. Эртең мененки тамак – ашкабак кошулган күрүч ботко.
Түшкү тамак – фольгада бышкан тооктун төш эти.
Кечки тамак – балык этинен котлет, электр мешинде бышырылган жашылчалар.
7-күнү. Эртең мененки тамак – сууга бышкан омлет, майлуулугу аз сыр.
Түшкү тамак – щи шорпосу же борщ, кургатылган нан.
Кечки тамак – бууга бышкан балык же котлет, кургатылган жемиш.
Эскертүү: тамакты сөзсүз жашылча салаты менен кошуп жеш керек. Боткого майлуулугу төмөн сүт аз эле кошулат. Салатты түрлөп жасоого болот. Мисалы, помидор менен бадыраңдан, капуста менен сабизден, кызылчадан. Винегрет да жакшы. Бирок салаттарга майонез колдонулбайт. Суусундуктарга ит мурун чайы, суу, лимон кошулган суу, компот, үйдө жаңы сыгылган жемиш ширеси сунушталат.Тамак жасалчу эт майсыз болушу зарыл. Саат 11деги шам-шумга анча таттуу эмес йогурт же майлуулугу аз айран же жемиш сунушталат. Бирок йогурт менен таттуу жемиш кант диабети барларга болбойт.
Кан басымды түшүрүүчү жана калыптандыруучу татымал, көк чөптөр: укроп, жалбыз, пияз, сарымсак, долоно, мышык тамыр (валериана), имбирь, корица эсептелет. Буларды тамакка кошуп жесе жакшы. Эртең менен турганда 1 стакан жылуу суу ичүү керек, бул гипертониянын күчөп кетишинен сактайт. Магний, калий, кальций менен байытылган минералдык сууларды аптасына 2-3 ирет ичүүгө болот. Ачыткы кошулбай жасалган нанды жесе жакшы. Коёндун эти да пайдалуу.
Канымжан Усупбекова