БАЛДАР ҮЙҮНӨН ЧЫККАН МИЛЛИОНЕР ДАНЯ МИЛОХИН

Бул жаш жигиттин айланасында түрдүү кептер айтылат. Айрымдар анын ишмердүүлүгүн “маанисиз” атап, жаш балдарга терс таасирин тийгизет дешсе, дагы бирөөлөр ар бир адам өзү каалаган иш менен алек болууга укуктуу экенин белгилешет. Эки жаат аны сөз кылып жатканы менен иши жок Милохин болсо 18 жашында миллионер болуп, учурда Орусиядагы эң популярдуу адамдардын катарында турат. Даня Милохинди тааныйсызбы? Тааныбасаңыз төмөнкү макаладан таанышасыз.

Аты-жөнү: Даниил Милохин

Туулган жери: Орусия, Оренбург шаары

Туулган жылы: 2001-жыл, 6-декабрь

Жылдыз белгиси: жаачы

Бою: 172 сантиметр

Кесиби: TikTok-блогер, ырчы, алып баруучу

Ырлары: «Я дома», «Ты со мной», «Лав»,«Дико тусим», «Лисичка», “So Low” жана башка

Тиктоктогу катталуучуларынын саны: 16 миллион 400 миң

Инстаграмдагы катталуучуларынын саны: 3 миллион 600 миң

БАКТЫСЫН ТИКТОК АЧКАН

Интернеттин, техниканын, социалдык тармактардын өнүгүшү менен адамдардын да көз карашы өзгөргөнү талашсыз, айрыкча жаш муундун. Азыр ата-апаларыбыз жактырган музыканы угуп, кинону көрүп же китепти сүйүп окуган жаштар аз экенине сиз деле кошулсаңыз керек. Учурда Тиктокто кыйшалаңдап бийлеген видеолор, эффекттердин жардамы менен сулууланган сүрөттөр модада. Биздин каарман дал ушул Тикток тиркемесине кыскача видеолорду жүктөп жатып популярдуу болуп кеткен адам. Анын тарткан видеолорун улуу муун көрсө “ушунун эмнеси популярдуу?” деп чалкасынан кетмек. Бирок Даня Милохин жөнөкөйлүгү, жасалмасыз күнүмдүк кыймыл-аракети, кызыктуу жоруктары менен күйөрман топтой алды. Анын Тиктоктогу баракчасына 16 миллиондон ашык адам катталуу. Арасында кыргыздар да бар. Миллиондогон катталуучуга жарнама берүүчүлөр да кызыгат эмеспи. Даня өзү байкабай маркетингдин эффективдүү жана оңой багытын таап алган.

БАЛДАР ҮЙҮНӨ ТАШТАЛГАН БИР ТУУГАНДАР

Данянын азыркы жашоосу медалдын жакшы тарабы. Эми анын балалыгына көз чаптырсак. Даня үй-бүлөдө жалгыз бала эмес, өзүнөн 3 жаш улуу Илья аттуу агасы бар. Жолдошунун аракечтигинен, үй-бүлөнү багууга каражаттын жетишсиздигинен тажаган аял 2 баласын Оренбург шаарындагы балдар үйүнө таштап кете берген. Ал кезде Даня 3кө чыга элек эле... Балдар үйүндө катуу тартипте, бирок курсагы ток, кийими бүтүн жашашты. 13 жашка чыкканда 2 бир тууганды багып алууга макул болгон үй-бүлө чыкканда Даня аябай кубанганын эскерет. Бирок агасы Илья балдар үйүнөн кетүүгө каршы болгон. Анткени ал футбол, хоккей, андан сырткары шахмат боюнча мыкты көрсөткүчтөргө жетип, өз чөйрөсүнүн “жылдызы” эле. Аны көндүрүү үчүн Даня агасына уюлдук телефонун берүүгө аргасыз болгон. Спорт азыктарын сатуу менен алектенген Тюленевдердин үй-бүлөсү Даня менен Ильяны жакшы кабыл алышкан. Оренбургда бир жыл жашагандан кийин үй-бүлө Анапа шаарына көчүп кеткен. Мына ушул жерден келишпестиктер башталган. Үй-бүлө кожоюну Даняны “билим алышың керек” деп техникумга тапшыртат, анын болсо окууга кыпындай каалоосу жок эле. Жашы жетип колуна паспорт алар замат жигит түйүнчөгүн түйүп Москвага багыт алган.

ИЧИМДИК, БАҢГИЗАТ

“Москвага келсем көптөн күткөн эркиндикке жетем дегем. Жеттим. Бирок эркиндик менен спирт ичимдиктери, баңгизаты кошо жашоомо аралашты. Жашоомдун бул этабын эч кимге айтпай, үлгүлүү адаммын десем мени карап турган адамдарды эле эмес, өзүмдү да алдаган болуп калам. Баңгизаттын жаман экенин ашыкча колдонуп алып өлүп каларда гана түшүндүм. Азыр өз башымдан өткөн үчүн башкаларга да мындай жолго барбагыла деп кеңеш айта алам”,- дейт Даниил. Чоңойгону интернет жашоосуна аралашкан жигит блогер болом деп кыялданчу. Атактуу болору тууралуу ойлончу эмес, болгону өзү үчүн тартып баштады. “Мындай тематикада тартайын деп ойлонгон жокмун. Элге бул жагат, бул жакпайт деген да жокмун. Болгону өзүмдү тарттым. Уят болуп калам, шылдыңдайт деп баш оорутпадым. Менден журналисттер “атактуулугуңуздун сыры эмнеде?” деп көп сурашат. Чынында билбейм. Балким, жасалмасыз болгонумдадыр...” деген Милохин Орусиядагы алгачкы “Dream Team” аталган TikTok-үйүн негиздеген.

FORBES’тун ТИЗМЕСИНДЕ

Блогер болуп ар кайсыны тартуу менен ийгиликке жеткен Даня 2020-жылы өзүн ырчылыктан да сынай баштаган. Анын аткаруусунда ондон ашык ыр бар. Орус шоу-бизнесинин Николай Басков, Тимати, Джиган, Escape, “Мумий Тролль” тобунун солисти Илья Лагутенко баштаган популярдуу өкүлдөрү Даня менен дуэт жаздырышты. Ксения Собчак, Иван Ургант сындуу журналисттер анын ийгилик сырын билгенге аракет кылышты. 2021-жылы “Муз доору” шоусуна катышкан Даня Олимпиада медалчысы Евгения Медведева менен өнөктөш болуп, муз үстүндө чимириле бийлегенди үйрөндү. Жыйынтыгында 3-орунду багындырып, кошумча көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү катары атайын белектин ээси болушту. Баса, Милохин Forbes’тун “30 жашка чейинки таасир берүүчү адамдарынын” тизмесинде сыйлуу орунда.

АЙЫНА 3 МИЛЛИОН РУБЛГА ЧЕЙИН ТАБАТ

Маектеринен үзүндү:

– Миллиондорду тапкан жигитке каржы тармагында ким жардам берет?

– Продюсерим Ярослав Андреев, мен ага толугу менен ишенем. Чоң суммадагы каражат короткону жатсам ал эмнеге деп менден сурайт, туура эмес болсо бетке айтат.

– Айына канча табасың да, канча коротосуң?

– 1 миллиондон 3 миллион рублга чейин, кээде андан көбүрөөк табам. Башында аябай көп коротчумун, азыр акча коротконго убактым жок.

– Биологиялык ата-энең сени менен көрүшкөнгө аракет кылды, баш тарттың. Кечире элексиңби аларды?

– Кечиргендей мен аларга таарынган эмесмин. Болгону алар мага чоочун адамдар. Эгер башынан ата-эненин мээримин көрүп, үй-бүлөгө байланган адам болсом таарынып, жаман болмоктурмун. Өткөндү чукуп, бири-бирибизди күнөөлөгөндөн пайда жок. Ар ким өз жашоосу менен алек болгону туура. Агам Илья алар менен жолукту, мен видеодон эле көрүп койдум. Илья менен да мамилем жаңыдан оңолуп келе жатат, ортодо чоң эле келишпестиктер болуп кеткен. А бизди багып алган адамдар жөнүндө айтсам, аларды ата-апа дейм. Акчалай жардам берип турам.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1001, 11-17-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан