Тагдыр
“Үмүт – коштошууга болбой турган жалгыз жакшылык” дешет. Эркин ага бардык эшикти каккылап бүтүп, чарчаганда “бир жардам болор бекен...” деп биздин редакцияга келген экен. 2-кабатка чыга албай энтиге дем алып, араң баскан аганын абалы чын эле оор экени көрүнүп турду. Башына түшкөн кырсыкты айтып берген маектешимдин баянына көңүл буруңуз.
“ДИАГНОЗДУ ЖОГОТУП ЖИБЕРИШИПТИР”
– Мен да бир учурда деним сак, көзүмдөн учкун чачыраган жигит элем. “Кырсык каш-кабактын ортосунда” деген чын экен, минтип жарым жан болуп калдым. Орто мектепти бүтүп, Баткен облусундагы Хайдаркен айылында жайгашкан “Хайдаркен” сымап комбинатына жумушка орношком. Менин милдетим газ менен сымап эритүү эле.
1988-жылы 29-августта кадимкидей эле жумушка баргам. Кранды көтөрүп, кайра түшүрүп иштеп жатып эле денем зырылдап, көзүмдөн чаар чымын учуп кетти. Көрсө, электр приборлорунун жакшы оңдолбогонунан 380 вольт электр тогуна урунган экем. Ошол жерден эсимди жоготуп коюптурмун. Ооруканадан эсиме келдим. Абалым оор болсо да, мени тез эле чыгарып жиберишти. Мен анда жанымдын аман калганына сүйүнүп, буга көп маани бербепмин. Ооруканадан эч кандай маалымдама менен ишим жок чыгып кеттим. Кийин билсем, комбинаттын жетекчилери мен жаткан оорукананын дарыгерлери менен сүйлөшүп коюшкан экен. Анткени аларга “өндүрүштүк жаракат (производственная травма) алган эмес” деген жыйынтык чыгаруу керек болуптур.
“ТӨӨ КӨРДҮҢБҮ, ЖОК, БЭЭ КӨРДҮҢБҮ, ЖОК”
– Карындашым, 380 вольт ток деген оюнчук эмес экен. Ошол токтун залалынан ден соолугумду жоготтум. Денемдин баары шишип кетип, жылына 6 литр суу сордуруп алышат. Жамбашымда үч тешик пайда болгон. Ал жерден дайыма кан аралаш ириң чыгып турат. Абалымдын оордугун көрүп турасың. Минтип таяк менен араң басып жүрөм. Албетте, мунун өндүрүштүк жаракат экенинде шек жок. Бирок комбинаттын жетекчилери караманча танып, “өз эрки менен жумуштан кетти” деп жазып, эмгек китепчемди булгап салышты. Аны да жалдыратып жүрүп, 1993-жылы гана беришти.
22 жылдан бери оорунун азабы менен гана алышып келе жатам. Мени майып кылган комбинат жардам бермек тургай, алымды да сурап койгон жок. Арыздансам, документтериңди даярдап кел дешкен.
Менин документтеримдин баары жайында. Дарыгерлер “катуу урулган токтун айынан жабыркаган” деген медициналык жыйынтык чыгарып беришкен. Керектүү документтерди топтоп, райондук сотко кайрылгам. Райондук сот сүйрөп жүрүп, облустук сотко өткөрүп жиберди. Акыры Жогорку Сотко да жеттим. Бирок эч натыйжа болгон жок. Райондук сотто комбинаттын жетекчиси мыскылдап: “Сен канча жерге барып арыздансаң да, тагдырыңды чече турган менмин. Он жерге кайрыл, бирок менин бир кайрылуум менен баары бүтөт. Жөн эле жүрсөңчү”,- деп чыгып кеткени көз алдымда.
Ал айткандай, чын эле менин сөзүмдү уга турган адам жок экен. Атам 85 жашка чыкты. Менин абалымды көрүп, ал да далай жолу комбинатка барды. Өзү ошол жерде 45 жыл эмгектенген эле. Анын да сөзүн укпай, сыртка чыгарып коюшуптур.
“УУЛУМ ДА МАЙЫП...”
– Жубайым, 3 уулум бар. Жанагы кырсыктан кийинки төрөлгөн уулум да майып болуп калды. Балким, бул менин ден соолугумдун начардыгынан болуш керек. Буту жакшы баспайт. Чуркап бара жаткан жеринен эле жыгылып, боюн токтото албай калат. 9-класска чейин араң окуду. Теңтуштары мазактай беришип, окууну да таштап койду. Чындыгында, уулумду дарыгерлерге көргөзгөнгө убактым да, ден соолугум да болбоду. Өз оорум менен алапайымды таппай жүрүп уулума да убагында көңүл бөлө албадым. Эми анын келечеги кандай болот деп санааркайм.
2005-жылы Баткенде сел жүргөнүнөн кабарыңар болсо керек. Ошол селден үйүм да жабыркап, азыр кулайын деп араң турат. Айылдын жашоосу белгилүү да, бирде бар, бирде жок дегендей. Мендей майып адамдардын жашоосу андан да оор. Айтор, кыйналып бүттүм.
“УЧУРДА...”
– Мындан 4 ай мурда Бишкекке келгем, соттон бир айла болобу деп. Анын үстүнө уулумду тажрыйбалуу дарыгерлерге көрсөтөйүн дегем. Ичпей-жебей, эптеп 25 миң сом чогулткам. Мойнума илип жүргөн сумкеде документтерим менен бирге акчам да бар эле. Алдырарда жаздырар болуп, ошол акчам менен кошо чөнтөк телефонумду “Ош базарынын” жанынан уурдатып жибердим (Эркин байкенин көзүнөн жашы сызылып, ыйлап жиберди). Менин, уулумдун акыркы үмүтү болгон акчабызды алган адам оңбосун!
Бишкекте туугандарыбыз бар. Бирок алардыкында дайыма бара берген деле болбойт экен. Азыр Бишкектин четиндеги Озёрное деген жерде машинанын ичинде уулум экөөбүз жашап жатабыз. Дарыланганга да, жашоого да акчабыз жок. Аргабыз түгөнгөндө силердин редакцияга келдик. Мыйзам боюнча, 22 жылдан берки менин дарыма, жашоомо комбинат 3 миллион сомго жакын акча бөлүп бериши керек экен. Муну сот эсептеп берген. Жашоо мыйзамында да, шариятта да карып адамды кордогондор катуу жаза алышат деп угам. Эгерде бул чындык болсо, мени кордогондорду кандай жаза күтүп турду экен?
Сиздин сурооңузга Жогорку Соттун мурдагы судьясы,
Башкы прокурордун орун басары болуп иштеген,
учурда “Статут” юридикалык компаниясынын президенти,
профессор Назаркул Бопоев жооп берди.
Дареги: Турусбеков кєч., 86
Байланыш тел: 0543 94-05-90
Окурман, сиз укуктук жактан коргоого муктажсызбы? Анда биздин «Юристтин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган суроолорго тажрыйбалуу мыкты адистер жооп беришет. Кат жазыңыз, кеңеш сураңыз! Байланыш телефону: 32-33-26
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg