Адилет Бектуров, фотограф: “АРЫКТАТЫП КОЙЧУ ДЕГЕНДЕРГЕ ЖИНИМ КЕЛЕТ”

Ар бир кесиптин өзүнө таандык кызыгы, түйшүгү жана азарты болот эмеспи . Бул жолу "Супер-Инфо" гезитинин башкы бетиндеги негизги каармандардын сүрөтүн тарткан фотограф Адилет Бектуров кесиби тууралуу айтып берет.

– Адилет, салам, бул кесипке кандайча келип калдың?

– Саламатсызбы, мен 17 жашымдан бери сүрөт тартып келе жатам. Мектепте окуп жүргөндө эле бул кесипке кызыгып калдым. Апам фотоаппарат алып берип, ага классташтарымды, үйдөгүлөрдү тартып жүрчүмүн. Ал кезде сүрөттү плёнкадан чыгарчубуз. 17 жашымдан өзүм жашаган Көк-Жар кичи районунда фотосалондо иштеп баштадым. Бакыт Мамаев деген ырчы байке менен кошуна элек, ал дагы фотограф болчу. Экөөбүздүн мамилебиз жакшы болуп кетти. Биринчи документ үчүн тартып жүрдүм, кийин Жаңы жыл же Нооруз майрамы болуп калганда сыртка чыгып сүрөт тартып баштадым. Ал кезде чөнтөк телефон жок, элдин баары сүрөткө түшүү үчүн фотографка келишчү. 30 миң сом ал кезде чоң акча болчу, майрамдарда ошондой акча таап калчубуз. Кийин Адил Карыбаев деген фотограф байке менен таанышып, аралашып кеттик. 2009-жылы Адил, Рокси, Талант деген байкелер менен чогуу “Мамонт” деген студия ачтык. Бишкекте ал кезде Валерий Дубовой деген фотограф жана биз бар болчубуз. Бишкекте эң чоң студиялардын бири болду, ачылышына ошол кезде жаңы чыгып келе жаткан жылдыздарды чакырдык. Анжелика, Урмат Усенов, Неля, Омар, Мирбек Атабеков, Султан Садыралиев жана башкалар менен иштешип калдык. Аркасынан эле башка жылдыздар дүркүрөп келип кезекке туруп, фотосессия жасатып калган учурлар болчу. “Супер-Инфо” гезитине жарнама берчүбүз.

– “Супер-Инфонун” башкы бети дегенде сени элестетебиз, гезит менен кантип иштешип калдың?

– Гезиттин башкы бетин тартуу үчүн студиябызга келишчү, биз тартып берчүбүз. Мени “убакытка так экенсиң, айткан сөзүңө турат экенсиң, кел иштешели, айлык коюп беребиз” деп гезиттин жетекчилери сунуш кылып калышты, макул болдум. 2009-жылдан бери гезиттин башкы бетинин сүрөтүн тартып келе жатам. Өткөн санда №1000 саны чыкпадыбы, мен №345 санында биринчи жолу башкы бетти тарткам. Жаттап калганымдын себеби – “3, 4, 5 сандары катары менен тизилип калыптыр” деп ойлоп койгом.

– Ошол учурда кайсы жылдызды тартканың эсиңде калды эле?

– Дайыр Исмадияровду эстеп калыптырмын. Жай мезгили болчу, студияга кум алып келип пляж кылып тартмакпыз. Ал жынсы чолок шым кийип келиптир, пляжга кетип бара жаткан образга окшошпой калып, менин ак түстөгү чолок шымымды чечип берип, фотосессия жасаганыбыз эсимде.

– Азыр кимдерге көп фотосессия жасайсың?

– Биз баштаган жылдары жалаң жылдыздар фотосессия жасатчу. Азыр социалдык тармакта соода-сатык өнүгүп жатпайбы, ошол себептен көп учурда кийимдердин жарнамасына фотосессия жасап калдык. 10 жыл сайын коом өзгөрүп турат дейт эмеспи, азыр жарнама менен алекпиз.

– Кесибиңдин сени кыйнаган жагы?

– Даярдыксыз келип алгандар, чыгара турган образды так түшүндүрүп бербегендер кыйнайт. “Менин бул жеримди кесип койчу, арыктатып койчу” дей бергендерге жиним келет. Мен тарткан сүрөттөр чындыкка жакын сүрөттөр деп ойлойм. Жасалмалуулукту жаман көрөм. "Обработканы" да табигый жасаганды жакшы көрөм. Өтө эле тазалап кесип салганда кызыктай сезе берем өзүмдү. Учурда технологиянын заманы эмеспи, сүрөттү адамды жапжаш кылып койсоң болот, бирок ал реалдуулуктан алыс болуп калат. Манекендей болгон сүрөттөр жакпайт, фотографтын жумушу адамдын ички дүйнөсүн жүзүнө чыгарып берүү деп ойлойм.

– Фотографтар деле илхом келишин күтүшөбү?

– Жок, илхомду сүрөтчүлөр күтсө керек. Мен сүрөткө түшө турган адамдын макияжын, кийимдерин көрүп, анан ал кандай турушу керек деп ойлонуп локацияга барганда иштей баштайм. Процесс учурунда шык пайда болот.

– Жакында үйлөндүң, келинчегиң менен фотосессия жасап жүрүп таанышып калгам дедиң эле...

– Келинчегим Айсулуу фотосессия жасата турган болуп байланышып калды. Бир көргөндө сүйүп калдым десем болот. Каалабаса деле сүрөткө тартып баштадым (күлүп). Ошентип 5 жыл сүйлөшүп жүрүп, баш коштук.

– Кесибиң тууралуу кызыктуу окуя айтып берчи...

– Бир жолу буюртма түштү. “Европадан келе жаткан поездди ландшафт менен кошо сүрөткө тартып бер” деп калышты. Туристтер экен, аларга Ысык-Көлдү көрсөтүшкөнү алып бара жатышыптыр. Бизге “ошолор бара жаткан поездди тартып бергиле” деген тапшырма беришти. “Ар бир сүрөткө 50 доллардан төлөп беребиз, андан тышкары 300 доллар беребиз” дешти. Мен үч жигитти алдым, бирөөнү тоого чыгарып, бирөөнү дрон менен иштетип, өзүм машине менен тарта турган болдум. Поезддин Кыргызстандын кооз жерлеринде кетип бара жатканын кубалап тартышың керек. Боомдон чыгып бараткандагы Кызыл-Көпүрө деген жерден тарта турган болгонбуз. Тосмодон ашып түшүп эле жайгаша баштадык. Ал жер кайтарылган аймак экен, биз билген эмеспиз. Бир кезде эле солдат мылтыгын кезеп келе жатат. Жанымдагы "дыр" коюп эле качып кетти. Тигиге басып барып түшүндүрөйүн десем эле мылтыгын кезейт. Кыйкырсам же үнүм угулбайт. “Сүрөтчүмүн” деп фотоаппаратты көрсөтүп коём (күлүп). Эптеп жакындап барып жайыбызды түшүндүрүп уруксат алдык. Телефон чалсам “азыр Боомдон 10 мүнөттөн кийин өтөбүз” деди. Биз даяр турабыз. Анан так 10 мүнөт өткөндө бир поезд чыкты. Терезеден туристтер кол булгалап жатышат, биз тартып кирдик. Тоодон дрон менен тарткан жигит, мен болуп кара терге түшүп шакылдатып тартып жатабыз. Укмуш сүрөттөр болду. Ошентип Балыкчыга жеттик. Поезд токтоду, мага буюртма бергендер поездден түшпөйт десеңиз (күлүп). Телефон чалсам биз эми жакындап калдык десе болобу?! Көрсө, биз такыр эле башка поездди тартып салыптырбыз да. “10 мүнөттөн кийин дебедиңер беле?” деп урушуп жатам. Көрсө, алар кыргыздар шашпай кечигип келишет деп атайын эрте айтып коюшуптур. Кайра артка Боомго келип тиги поездди тарттык. Аны деле жакшы тарттык, бирок биринчисиникиндей чыккан жок. Биз күткөндүй акча болбой калды (күлүп). Ошол окуяны эстеп азыркыга чейин күлүп калабыз.

– Кесибиңде эң негизги эмне керек?

– Тактык керек, мен өзүмдүн да, бирөөнүн да убактысын сыйлайм. Анан образды чыгарып берүү чеберчилиги керек.

– Маегиңе рахмат, ийгиликтериң көп болсун!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1001, 11-17-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан