Дилшат Кангелдиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “ЭМИ ЫРДАБАЙ КАЛАМБЫ ДЕП КОРККОМ”

Дилшат Кангелдиева дегенде “Периштем”, “Насилет”, “Жакшы адамдар” деген ырлар дароо кулакка жаңыра баштайт эмеспи. Дал ушул ырларды ийине жеткире аткарган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, “Камбаркан” фольклордук ансамблинин, “Достор” тобунун эск-солисти, ырчы Дилшат Кангелдиева биздин маек төрүбүздө.

– Саламатсызбы, ден соолугуңуз жакшыбы? Кандай жаңылыктарыңыз менен келдиңиз?

– Саламатчылык, жакшы. Силер менен маектешип жатканыма кубанычтамын. Мен негизи 6 жылдан бери концерт бере элек болчумун. Буюрса, аялзатынын майрамын утурлай 5-мартта филармониянын кичи залында чыгармачылык концертимди бергени турам. Эл менен жакын болоюн деп атайын кичи залды тандадым. “Камбаркан” тобу менен биргеликте чыгармаларды аткарам, башка тилде дагы ырдайм.

– Чыгармачыл адамдын жан дүйнөсү концерт берип эл алдына чыгып турууну самап турса керек?..

– Эгер чыгармачыл адам өнөрүн элге тартуулабай калса, ал ооруп калат экен. Кудай ар бир адамга өзүнчө касиет берген. Бири элди дарылайт, бири ырдап элге жакшы маанай тартуулайт, бири билим берет, кыскасы, кесиптин баары адам баласына жөн эле келген эмес. Ырчы ырдабай калса бук болуп кетет экен. Мен муну өз башымдан өткөргөм. Тамагымдан операция болгон кезде үйдө отуруп калдым. Ушунчалык бук болдум, араң сүйлөп калгам. Жанымда эжем карап жаткан, аны “ырдачы” деп кыйнайм. Ал мен каалагандай ырдабайт. Кудайдан чыгармачыл дүйнөгө кайтып келейин, үнүм мурункудай болсун деп тилейм. Бир күнү досторубуздун бири телефон чалып “Дилшат, сенин үнүңдү сагындык, ушул ырды ырдап койчу” деди. Операция болгонумду эч кимге айткан эмес элем, ооруп жатам деп да айта алган жокмун. Акырын ырдап бердим, ошондон кийин этияттап ырдай баштадым. Ошол тыныгууда чыгармачылыктын баркын билдим. Жан дүйнөмдө эми ырдабай каламбы деген дүрбөлөң болгон. Өзүмдү жабык бир бөлмөгө камалып, кыйкырсам да үнүмдү эч кимге жеткире албагандай сезгем.

– Сиздин чыгармачылыгыңыздын түпкүрү “Камбаркан” ансамблине барып такалат. Өнөр жолунда жүргөнүңүзгө канча жылдын жүзү болду?

– Мен кичинемден пианинодо ойноого кызыкчумун. Бирок ата-энем комуз же аккордеонду танда дешти. Мен комузду тандадым, үйдө илинип турган комузду алып кол ойното баштадым. Анан мени музыкалык мектепке киргизип коюшту. Кийин консерваториянын дирижёрлук жана комуз бөлүмүндө окуп, Жоробек Султанмамытов, композитор Насыр Давлесовдон билим алдым. Ал мени айымдардан чыккан дрижёр кылам дечү. 3-курста окуп жүргөн кезимде “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли түзүлдү. Конкурстук негизде мени курамга кабыл алышты. Классика жаатында тарбияланып келе жатып эле фольклорго өткөндүктөн, башында бир жылдай кыйналдым. Бирок кызыгуум күч болгондуктан, бат эле фольклорго өтүп кеттим. Ал кезде кыргыздын маданиятын жайылтуу, унутулуп калган улуттук аспап, элдик ырларды жандардыруу негизги максат болчу.

Өлкө эгемендүүлүктү алгандан кийин жокчулук болду. Кичинекей маянага, ачка-ток жүрүп кыйналганыбызга карабай патриоттук сезим менен берилип иштеп, Европа, Азиянын көптөгөн өлкөлөрүнө барып, өнөрүбүздү тартууладык. Аларды өнөрүбүз менен суктандырып кайра-кайра чакыруу алып иштеген учурубуз болду. Японияга барганыбызда бизге жакшы гонорар төлөндү. Ошонун арты менен баарыбыз үй-жайлуу болуп калдык. Ал кезде арзанчылык болчу.

Чыгармачылыкта жүргөнүмө 33 жыл болду.

– “Камбаркандан” да, “Достор” тобунан да кетүүңүзгө эмне себеп болду?

– “Камбарканда” 25 жыл иштедим. Өзүмдүн идеяларымды ишке ашырып өз алдымча иштеп көрөйүн дедим. Анан чет өлкөгө ар кандай фестивалдарга чакыруулар дагы себеп болду. Топтон чыгып Англияга фестивалга бардым. Андан кийин Хоргосто жаңы этнотеатр ачылып, ошол жакта жакшы маяна менен иштеп келдим.

– Жолдошуңуз дагы “Камбаркандын” солисти эмеспи, чогуу иштегениңиздер үчүн бири-бириңиздерди жакшы түшүнсөңүздөр керек?

– 1988-жылы турмушка чыктым. Ошол эле жылы жолдошум Саадатбек Кендирбаев экөөбүз топко мүчө болуп кирип, чогуу иштеп жүрдүк. Бир уулдун ата-энесибиз, азыр небере чоңойтуп жатабыз. Неберебиз улам бир кылыгын чыгарса бизге майрам. Жаш кезимде “чын эле небере таттуу болот бекен?” деп сурай берчүмүн. Көрсө, чын эле таттуу болот экен.

Жолдошум экөөбүз бир жерде иштегендиктен бири-бирибизди ушунчалык түшүнчүбүз. Чогуу барып музыкабызды ойноп, үйгө чогуу келчүбүз. Ойлоп көрсөм, жаш кезде таарынышып деле урушпаптырбыз. Эч кандай маселе жок болчу. Жолдошум азыр да аталган ансамблде иштейт. Өз-өзүнчө иштеп калганы кээде түшүнүшпөй калган учурлар болот, анын дагы жан дүйнөсү башкача, мен ал дүйнөгө кире албайм. Азыр бири-бирибиздин чыгармачылыгыбызга киришпейбиз.

– Бир учурда дизайнерлик менен дагы алектенген учуруңуз болду көрүнөт...

– Ооба, келиним экөөбүз биргеликте кийимдердин топтомун чыгарганбыз. Ал чоң эмгекти талап кылат экен, баш-отуң менен ошол дүйнөгө кирип изденүү керек. Мага кечелерге чакыруу болуп калат, ал жакка барышым керек дейм. Анан балам “апа, эл сизден эмнени көп талап кылып жатат, ошол ишиңизди эле жасаңыз” деди. Ошентип мен ырчылыгым менен, келиним сүрөтчүлүк менен алектенип калды.

– Келин деп калдыңыз, кандай кайненесиз?

– Өтө жумшакмын, көп деле сүйлөбөйм. Муну-тигини кыл деп оорчулук деле келтирбейм. Келиниме түшүнүү менен мамиле кылам. Ал бирөөнүн кызы, башка жакка бүлө болуп жатат. Кандай сүрөт тартсам деп ойлонуп, кыялданып жүрсө “ай, идиш жуу” дегеним туура эмес болуп калбайбы.

– “Насилет” деген ырыңызга токтолгум келип турат. Эмнеден улам мындай аталышты тандагансыз?

– Бул ырдын текстинин автору акын Кыялбек Урманбетов. Ал абдан кыраакы киши, жан дүйнөңдү, эмнени каалап жатканыңды түшүнгүсү келет. Агайга оюмдагыны айтып түшүндүрдүм. Ал ошондой кылып текст жазып, акыры темасын тандоого убакыт келди. Насаат, санат ыры дейли дедик, бирок мындай ырлар абдан көп. Анан агай “өзгөчө, эч кимде жок аталыш болсун, “Насилет” деп коёлу” деди. “Эл түшүнөбү?” десем, “түшүнөт” деди. Акындар сөзгө бай келет да, башкалардыкына окшош ыр жазууну да каалашпайт. Негизи ырларымды жаздырып жатканда акындар менен түзмө-түз иштешем. Акыркы учурда күнүмдүк жашоодо колдонула турган жөнөкөй тилде жазылган ырларды ырдоого өттүм. Аны дагы байкап көрөйүн деп “Издешели”, “Сезим ыры” деген ырларымды элге сундум.

– Маегиңизге рахмат, буюрса, концерттен көрүшөлү.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Taalaibek.
2022-02-14 21:24:04
Насилет деген эмне?
0
Datka7777
2022-02-15 15:15:58
Taalaibek.,каада салт деген маанидеги соз
0
Taalaibek.
2022-02-15 20:58:53
Datka7777,Рахмат!
0
№ 1001, 11-17-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан