КЫРГЫЗДАР БАЛАНЫ КӨЗ МЕНЕН ТАРБИЯЛАГАН

Учурда “баланы япончо, еврейче тарбияла, 5 жашка чейин урба, анын каалоосу менен сөзсүз эсептеш, кокуй” деген ар түрдүү түшүнүк, көз караштар жайылууда. Бирок деген жери бар... Башка бир элдин тарбия ыкмасын кыргыздын дилине жуктуруу кыйын нерсе. Анысын да, мунусун да кылып көрүп чарчап отуруп калган ата-энелерге сунуш кылайын дедим. Түпкүлүгүбүзгө кайтып, кыргыздар баланы кантип тарбиялаганы тууралуу кеп кылып көрсөк кантет? “Бала тарбиялоодогу кыргыз керемети” деген китептин авторлорунун бири, педагогика илимдеринин доктору Абдыкерим Муратов ушул жаатта ой бөлүштү.

“ТУКУМГА ЧОҢ МААНИ БЕРИЛГЕН”

– Кыргыздар үчүн тукум улоо, бала тарбиясы өтө ыйык озуйпа катары бааланган. Мисалы, “Манас” эпосунда Жакып балалуу боло албай жүрүп, Манас төрөлөт. Илгери төрөлө турган баланы боюнда көтөрө турган энесине маани берилген, демек, жар тандоонун мааниси чоң болгон. Дени сак, жакшы тукум алуу үчүн ар бир кыргыз жети атасын сөзсүз түрдө билиши керек болгон. Жети атанын биринен тараган тукумдар бири-бирине үйлөнсө, бала майып болуп төрөлүп калат деген кооптонуу болгон.

БАТА

«Бул бала батадан жаралган» деген кептер да жөн жерден эмес. Бойго бүткөндөн баштап, төрөлүп, өспүрүм куракка чейин бала бата менен чоңойгон. Тамак желип бүткөндө, колго суу куйганда сөзсүз түрдө бата берилген. Кыргыз үй-бүлөсүндө өскөн балдар жаштайынан бата алууну гана эмес, бата берүүнү да үйрөнгөн. Бата жөн гана айтыла турган сөз эмес, анын аткарыла турган магиялык күчү бар экенине ынанышкан.

БЕШИК

– Бала төрөлгөндөн кийин бир жума өтүп-өтпөй эле бешикке салынган. Учурда бешикке бөлөнгөн балдар аз. Бешик философиясы балдарды сабырдуулукка үйрөтөт. Анткени буту-колу бекем байланып турган бала апасы бешиктен чечип аларын күтүп сабырдуулукка үйрөнөт. Бешикте жаткан баланын денеси түз калыптанат. Бешик ырлары, эненин баласын бешик ыры менен соороткону, уктатканы баланын дилин тазалайт.

КЫРГЫЗ ТАРБИЯСЫНДАГЫ КЕРЕМЕТТЕР

• Кыргыздар “андай бол, мындай бол, муну туура эмес кылдың” деп көп айта беришкен эмес. Вебралдык тарбиялоо болгон, башкача айтканда, ымдоо, жаңсоо менен тарбиялашкан. Мисалы, үйгө кирип келген бала же кыз атасы же чоң атасы бирөөлөр менен сүйлөшүп отурса аларга сөзсүз карайт. Атасы жактырбай кабагын түйүп койсо, анда “сыртка чыгып тур” деген белги. Кабагы ачык болсо, демек, сөзгө аралашууга уруксат бар. Жаман-жакшы иш кылса ата-эненин жактырбаган көз карашы, же ыраазы боло тиктеген көз карашы эле жетиштүү болгон.

• Бала тарбиялоодо уруп-согуу ыкмасы колдонулган эмес, жаңсоону түшүнбөй жатса сөз менен айтканга аракет кылышкан. Анда да түшүнбөсө, тап берип коюу гана жетиштүү болгон. Такыр эле болбой баратса сырттан чыбык алып келип керегеге илип койгон. Какыс-кукус кылуу чанда болгон.

• Улуулардан мурун аяк албоого, тамакка кол сунбоого, озунуп сүйлөбөөгө тарбиялашкан.

• Үзүлүп түшүп өөп-жыттап эркелетүү аз болгон, гигиеналык жактан туура эмес деп эсептешкен. Баланын башынан сылап, кучактап эркелетишкен.

• Балдарды жомок, эпостор, акындардын айтышы, көк бөрү, улуттук оюндар аркылуу тарбиялашкан. Бул баланын фантазиясын өстүргөн.

• Боз үйдү, жайытты таза кармап, экологияны булгабоого жашынан үйрөтүшкөн. Мисалы, күлдү көрүнгөн жерге төгүшкөн эмес. “Булактын көзүн тазалап жүр” деген сөздөрдү көп айтышкан.

• Балдарга экономиканы өздөштүрүшү үчүн “убал” деген түшүнүктү канына сиңиришкен. “Нанды таштаба, убал болот, аңчылыкта жаныбарды ашкере кырба, убал, сууну корото бербе, убал” деген кеңештерди айтып отуруп балдарды ысырапкорчулуктан алыс болууга үйрөтүшкөн.

КЫЗ БАЛАНЫ ТАРБИЯЛОО

– Кыздардын кичинесинен чачын өстүрүшкөн. Анткени кызга жашынан беш көкүл өрүү керек болгон, беш көкүлдүн философиясы – кыздын желкесин жаап туруу болгон. Беш көкүл менен жүргөн кыз башы ачык, сөйкө салууга даяр дегенди билдирген. 4-5 жашынан эле кыз балага үкү топу даярдалган. Азыр үкү топуну фольклордук ырларды ырдаган ырчы кыздар гана кийип калбадыбы, түпкүлүгү таптакыр башка. “Талтаңдабай кадамыңды аяр, майда таштап бас, акырын ийил, назик бол” деген куру насааттын ордуна кыргыз энелери үкү топуну, тебетейди ойлоп табышкан. Үкү топунун көлөмү кичирээк болгон, кыздардын дал төбөсүнө кондурулуп кийилген. Топуну түрдүү-түстүү мончок менен кынаптап, сеңселген үкү тагып кызына белек кылат. Кичине кыз “назик бол же акырын бас” дегенди түшүнүп отурбай эле, топуну башынан түшүрбөө үчүн аярлап басууга, назик ийилүүгө үйрөнөт. Эң негизги функциясы – денесин түз кармаганга, койкоюп басканга көнөт. Азыркы гимнастика, балет деген ийримдердин ролун мурун үкү топу аткарган. Кыздарды кичинесинен кол өнөрчүлүк иштерине үйрөтүшкөн. Анткени колдун майда моторикасын өнүктүрүп, баланын көркөм фантазиясы өөрчүп, өңдөрдү айырмалоо жана айкалыштырууну кыздар эрте өздөштүрүшкөн.

ЭРКЕК БАЛАНЫ КАНТИП ТАРБИЯЛАГАН?

– Эркек баланы биринчи кезекте жоокер болууга даярдашкан. 4-5 жашында эле атайын тай энчилеп беришип, биринчи жолу тайга айырмач ээр токуп мингизишкен (айырмач – кадимки ээрге жабыштырылган стул сыяктуу жыгач).

Тай минген баланы сөзсүз таятасына,тайларына жөнөтүп, сүйүнчү алышкан. Алар “тай мингениң үчүн” деп улак, козу энчилеп беришкен. Тай минген бала чоң жолго аттанды деген түшүнүк. Жоого чыгабы, же жайчылыкта көк бөрү ойнойбу, же жайытка чыгабы, айтор, тай анын жашоосунун бир бөлүгү болуп калчу. 10 жаштан тартып жаа тартууга, боз үйдү тигүүгө, чечүүгө, жайытты тейлөөгө үйрөтүшкөн. 12 жаштагы эркек баланы кичине бала деп эсептешчү эмес, ошондуктан кыргыздын жигиттери эрте жетилген. 12 жашта жигит деп эсептелинип аңчылыкка, сапарларга чыгып көчмөн элдин жашоосуна көндүрүшкөн. Муну менен эркек баланы үй-бүлөнү коргогонго, жашоодон коркпогонго, тиричилигин тың кылганга көндүрүшкөн.

КЫРГЫЗ ТАРБИЯСЫ ЖАНА АЗЫРКЫ БАЛДАР

– Мурунку тарбиябызды учурда колдоно албайбыз, бул чындык. Муун алмашуу менен классикалык, илимий педагогика кризиске учурады, азыркы муунга алы келбей калды. Бул дүйнө жүзүндө болуп жаткан өзгөрүү. Ааламда ар бир улут учурда түпкүлүгүн издөөдө. Монгол, еврей, япон элдеринин баары түпкүлүгүн издеп жан талашып жатышат. Жан талашып издеген менен, түпкүлүгүн таба албай калган улуттар бар. Анткени улуттар өтө аралашып кетишти. Бизде азыр кыргыздын түпкүлүгүн алып жүрүүчүлөр бар, аларды пайдаланып калуу керек. Менин оюмча, мектеп программасына этнопедагогика сабагын киргизүү керек. Анда тарых, жети атанын мааниси, улуулук, нарктуулук, баалуулуктар үйрөтүлүшү зарыл. Дене тарбия сабагында кыргыздын чүкөсү, көк бөрүсү, кыргыз оюндарынын эрежелери үйрөтүлүшү керек.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Ryskulova
2022-02-16 14:28:25
Хорошие информации. Туура, азыркы апалар, чон энелер да башкача современныебиз деп калышпадыбы. Каада салт, ырым жырымдарды жаштарда уйротуп, корсопуп унуттурбай улап кетишсе.Калынсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт дегендей.
0
№ 1001, 11-17-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан