“Салам, Нью-Йорк!”, “Көк бөрү”, “Апамды издеп” тасмаларын жараткан Руслан Акундун “Акыркы сабак” тасмасы дүң болуп жаткан учур. Ар бир тасмасы өзгөчө бир ойду камтыган режиссёр менен кызыктуу маектештик.
– Руслан мырза, саламатсызбы? “Сүйүү керемети” тасмасынын бет ачары менен куттуктайбыз.
– Саламатсыздар, рахмат! Бул тасмада мен креатив продюсер болдум. Буюрса, жакшы тасма болду деп ишенем.
– “Акыркы сабак” өспүрүмдөр арасында популярдуу болду, башыңыздан өткөндөрдү тарттыңыз окшойт...
– Ооба, башымдан сериалдагы көпчүлүк окуялар өткөн, менин эле эмес, өспүрүм балдардын 99 пайызынын башынан өткөн болушу керек. Кичинемде тентек бала болчумун, бирок бирөөлөрдү сабап, тамеки чегип, арак ичип, балдарга салык салган эмесмин. Ата-энем катуу тартипте кармачу, сөгүнчү да эмеспиз. Бир орунга тура албаган кыймылдуу, анан “жүргүлө, тиги жакка барабыз, бул жакка барабыз” деген тентек болчумун.
– Чыгармачылыктын түпкүлүгү ата-энеңизде бар чыгар...
– Атам инженер эле, апам медицина кызматкери. Чоң атамды ыр, аңгеме жазган чыгармачыл адам болгон деп айтышат. Чоң атам, таятам экөөнүн тең аттары Акун болчу. Апамдын айтуусунда, мен боюнда бар кезинде Индия кинолоруна көп барчу экен. Кийин мен 6 жашымда сарык болуп ооруканага 6 айдай жатып калдым. Өзүм бир орунга отура албаган бала болчумун дебедимби, ийне сайып, тамчылатма дары алып жатканда да тынч тура алчу эмесмин. Апам мени алаксытыш үчүн жомокторду айтып, китептерди окуп берчү. 2 айда апамдын жомоктору түгөндү. Андан кийин медайымдар, палатада чогуу жаткандар айтып бере башташты. Кийин өзүм да жомокчу болуп кеттим, мектепке кайтканда балдар сабактан кийин үйлөрүнө тарабай менин жомок айтып беришимди күтүп турушчу. Балдар кызыгып угуп жатканын көрүп оюмдан чыгарып айтып бере берчүмүн. Менимче, ушул нерседен чыгармачылыгым күч алды.
– Өспүрүм куракта Америкада окуган бир айылдаш кызга таасирленип, чет тилдерди өздөштүрө баштадым дегениңизди уктум...
– Ал кыздын аты Мээрим Жапарова, социалдык баракчадан жазышып, “рахмат” деп айткам. Өзү да интервьюларымды окуп калчу экен. Окуя мындай болгон, 1999-жылы болсо керек, мектепте линейкада туруп тентектик кылып жатсам, завуч “Акунов, дагы сенби?” деп калды. Линейкада бизден улуу бир кыз Америкага барып окуп жатканын айтышты. Аябай таасирлендим, анткени Америка мен үчүн жомок болчу. Элестетсеңиз, менин эле айылдашым ошол жакта жүрөт. “Мен кыйратам” деген максат деле болгон эмес ал убакта, “Америкада жашасам сонун болот” деген эле балалык кыял болчу. “Окусаң болот турбайбы” деп анан окуп, чет тилди өз алдымча үйрөнүп баштагам.
– Кинорежиссёр болом деген ой качан келди?
– Ал кезде нарындык мен курдуу балдардан “ким болосуң?” деп сураса, “бажычы болом” дешчү. А мен эмнегедир “режиссёр болом” дечүмүн. Бирок мектепти бүткөндө Ишеналы Арабаев атындагы университеттин экономика бөлүмүнө тапшырдым. Эки жылдан кийин “кой, мен жашоомду минтип өткөргүм келбейт, режиссёр болом” деп чечип, окуумду таштап салып, ушул кесибим менен кеткем.
– Кино тартуу ар дайым тобокелчилик менен коштолот эмеспи, кайсы бир убакта кесибиңизди таштайм деген ой болду беле?
– “Салам, Нью-Йоркту” тартуу аябай оор болгон. Үч айда 16 килограммга арыктагам. Ошол учурда түндө тиштеримди кычырата берген адат пайда болгон, ал ушуга чейин бар. Командабыз 4 гана киши болчу, акчаны үнөмдөө үчүн өзүм түшкү тамак жасап берип турчумун. Улам бир америкалыкка, мексикалыкка, индуска жалдырап “тартылып берип койгулачы” деп суранасың. Жүдөп-какап депрессия болгом. Тажаганда “эмнеге бул кесипти тандап алгам, эмне мынча жанымды кыйнайм, эмне эле болуп жатам?” деген ой келген. Бирок досум Нурбек Айбашов анда 24 жашта эле, биринчи иштеп тапкан чоң акчасын мага ишенип берген. Мага ишенгени үчүн өзүмдү токтотуп, аягына чейин чыдап тарткам.
– Кыйналып туруп, ийгилик келгенде “вау” деген сезим пайда болдубу?
– Бардык кинону тартууда кыйналасың, түйшүк тартасың. Бирок тартып бүтүп, эл күлүп-жайнап көрүп жатканда түйшүктүн баары унутулуп калат.
– Тасмаларыңызда өзгөчө бир ойду айтканга аракет кыласыз, бул билимдин жыйынтыгыбы же?..
– Мен жашоодон эмнени көрсөм, эмнеге кейисем, ошону тартам. Андай болбогондо эбак эле байып кетмекмин деп ойлойм. Анткени “ха-ха, хи-хи” тартсаң көбүрөөк эл келет экен. Режиссёрго сөзсүз билим керек деп айта албайм. Ал ар тараптан кызыктуу адам болушу керек. “Камераны минтип карма” дегенге гана эмес, жашоонун түрдүү кырларына кызыгуусу керек.
– Кинолоруңузда максатка умтулуу идеясын тартасыз, сиз өжөрсүзбү?
– Өжөрмүн. Көздөгөн нерсемди ишке ашырмайынча эс албайм (күлүп). Көздөгөнүмдүн баарына эле жетип келе жатам. Мен каалагандай тез болгон жок, бирок болду.
– Америкада режиссёрлукту окуп келген аз эле режиссёр болсо, ошонун бири сиз, ал жактын таасири болдубу?
– Албетте, болду. Батыштын көп жакшы жагы бар. Мен мурда эле тырышчаак, өжөр болчумун. Америкадан ушул сапаттарым дагы да өнүгүп, кыялымдын артынан түшкөндү үйрөндүм десем болот. Жаман да жактары бар, аларды албаш керек. Батышчыл, ал-бул деп бөлүнгөн туура эмес. Ар тараптуу өсүшүбүз керек.
– Көп учурда чет өлкөдөсүз, Кыргызстандын эмнесин сагынасыз?
– Элди, кыргызча сүйлөгөндү сагынам. Кыргызча чер жазганды, кыргызча ыр укканды сагынам.
– Кино тартып чоң акча жасаса болобу?
– Байып кетпейсиң го, бирок өзүңдүн наныңды таап жейсиң. Мен машиналардын маркасын деле жакшы билбейм, өзүм кичинекей эле машина айдайм. Жашаган үйүм деле 2-3 кабат эмес. Балдарымдын билиминен, ден соолугунан, тамагынан аябайм. Көп акча табышым керек деп деле ойлобойм, көбүрөөк убакытты үй-бүлөм, жакындарым менен өткөрсөм деп ойлоном.
– Акчанын кулу болбоону, бар акчадан ырахат алып жашоону, туура колдоно билүүнү кантип үйрөнсө болот? Өзгөчө өспүрүм балдар...
– Кудайга шүгүр, мени өзү жакшы жолго салыптыр, эч кимге көз карандысызмын, кайдан болсо тамагымды таап кете алам. Ошол үчүн мен көп жутуна бербейм. Мисалы, бир чиновникти кызматынан алып койсо чүнчүп кетет, же “мындай учур бир эле келет, жеп алайын” деп жатып какап, арты жаман бүтөт. Кызматы менен жакындары да, достору да, сый да кошо кетет. Адам туура кесипти тандаса, өзүнө ишенсе, эч качан акчанын кулу болбойт.
– Дагы деле ошол өспүрүмдөр үчүн сурагым келип жатат, ийгиликке жетиш үчүн күндөлүктөгү баа маанилүүбү?
– Баа анчалык маанилүү эмес. Биз балдарга туура ой жүгүртүүнү, өзүнө-өзү жоопкерчилик алганды, эл менен мамиле түзүүнү үйрөтүшүбүз керек. Күчтүүлүк, адилеттүүлүк ар дайым жеңет дегенди үйрөтсөк жакшы болсо керек деп ойлойм.
– Маегиңизге рахмат!
Нуржамал Жийдебаева