САХНА ЖЫЛДЫЗДАРЫ КӨК БӨРҮ ТАЛААСЫНДА

Акыркы жылдары көк бөрүгө кызыккандардын саны арбыды. Профессионал көк бөрүчүлөр эле эмес, ар бир чөйрөдө көк бөрү командалары түзүлдү. Алардын бири – чыгармачыл чөйрөдөн түзүлгөн “Маданият” көк бөрү командасы. Бул команда көк бөрү сүйүүчүлөр арасында мелдештерде алдына атаандаш чыгарбай келет. Жума сайын оюн уюштурган команда 9-февралда Бишкекте кар жаап, күн суук болуп турганына карабай оюнду үзгүлтүккө учураткан жок. “Кар эмес, таш жааса дагы ойнойбуз” деген маданият өкүлдөрүнүн оюнуна күбө болуп, команданын түзүлүү тарыхына кызыктык.

“МАДАНИЯТ” КОМАНДАСЫ ТАР ЧӨЙРӨДӨ МЕЛДЕШТЕРДИ УТУП КЕЛЕ ЖАТАБЫЗ”

Команданы түзүү идеясын көтөргөндөрдүн бири ди-джей Нурел Султанов:

– Мен улакчы Майрамбек Рысбек уулунун агасы болом. Өзүм ипподромго көк бөрү көргөнү көп келчүмүн. Ошондон кызыгып 2017-жылы маданият өкүлдөрүнөн көк бөрү командасын түзбөйлүбү деп Бактыбек Нурматов экөөбүз идея көтөргөнбүз. WhatsApp’тан тайпа түзүп баштадык, башында “Музаман” тобунун балдары бар болчу, азыр алар ойнобой калышты. 2018-жылы команда жакшы түптөлдү. Тойдон Аалы Туткучев, Чыңгыз Мырзаев, Рустам Сагыналиевге жолугуп калып айтсам, дароо эле макул болушту. Ошону менен чогулуп ойной баштадык. Учурда өкүл атам Чыңгыз Мырзаев экөөбүз ипподромдон ат сарай алып, оңдоп-түзөп алганбыз. Ат багуучу, мал доктурубуз бар. Кээде башка оюнчулар дагы аттарын ошол сарайда бактырышат. Бизде 80 пайызы өздөрүнүн аттары менен ойношот.

Кудайга шүгүр, “Маданият” командасы көк бөрү сүйүүчүлөр арасында өткөн мелдештерди утуп келе жатабыз.

“ОЮНДУН ДЕҢГЭЭЛИ БАШТАГЫДАН ЖАКШЫРДЫ”

Чыңгыз Мырзаев, алпаруучу:

– Ырчы, акын, манасчы, тамада, айтор, маданиятка салымы бар отуздай жигит топтолгонбуз. Арабызга дагы да кошулуп жатышат. Аттын үстүндө ойноп чер жазып, ынтымакты бекемдеп, ата-бабадан келе жаткан жакшы оюнду улап жатканыбыз өзүбүзгө жагып жатат. Улакты жаңы ойноп баштаган кездеги видеолорду көрүп уялып бир тобун өчүртүп салгам. Бара-бара такшалат экенсиң. Балдардын оюнунун деңгээли азыр чындап өстү. Ынтымагыбыз бекемделди, көрүшпөсөк сагынабыз дегендей. 9-майга чейин апта сайын ойнолот. Күзгө чейин катташпай калбай чогулуп турабыз.

Бүгүн Ак Бакай деген ат менен ойноп жатам. Бизде өтө деле кымбат эмес,
150-200 миң сомго чейинки аттар. Учурда эки атым бар. Бирөөсү үйдө, бирөө ипподромдо багылып жатат. Бул арыктаганда аны алып келем. Атты жакшы көргөндүктөн чыгымын деле ойлобойбуз. Динде дагы “атты караган жана жубайыңды эркелеткен убакыт текке кеткен убакыт эмес” дейт экен.

“ЭМНЕ ЖУМУШ БОЛСО ДА ЖЫЙЫШТЫРЫП КОЮП ОЮНГА КЕЛЕБИЗ”

Бутун оорутуп алып тыныгууга чыккан ырчы Рустам Сагыналиевди кепке тарттык:

– Биз кезектешип улак чыгарабыз. Бүгүн жигиттерден бата алып улакты мен чыгарып жатам. Оюн жакшы болуп жатат, тилеги актын жүзү ак дейт го, ошондой болуп кар дагы сонун жаап жатат. Башында жаракат алып калбайлы деп коркчубуз. Бирок улакка киргенден кийин жаракатсыз болбойт, азыр дагы бутумду оорутуп алдым. Жигит болгондон кийин чыдаш керек. Азыр кайра эле оюнга кирем. Кээде оюндан кийин тойго барып калганда микрофон, аккордеон кармай албай кыйналган учурлар болот. Бул күндү күтөбүз, эмне жумуш болсо дагы баарын жыйыштырып, оюнга келебиз. Кечинде куурдак жеп бүгүнкү оюн тууралуу талкуулайбыз. Ал жерде манасчыбыз манас айтып, ырчыбыз ырдап, Аалыкеме окшогон төкмөлөр төгүп берет дегендей.

Чыгармачыл көк бөрүчүлөрдүн курамын төкмө акын Аалы Туткучев, манасчы Замир Баялиев, ырчылар Токтобек Асаналиев, Өктөм Сапар уулу, Рустам Сагыналиев, Мелис Абдрашитов, алпаруучу Чыңгыз Мырзаев, ди-джей Нурел Султанов, кыргыз циркинин директору Фархат Бекмамбетов, актёр Бактыбек Нурматов жана башкалар түзөт.

Маданият өкүлдөрү аба ырайына жараша кийинип, бет каптарын тагынып келишкен экен. Бет каптарынан кимдин ким экенин айрып билүү чынында кыйын болду. Бул оюнда оюнчулар алгач үч-үчтөн бөлүнүп жер улак ойношсо, андан кийин эки командага бөлүнүп улак тартышты. Бүгүнкү ынтымак оюнду аламан улак менен жыйынтыкташты.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1001, 11-17-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан