Саади Кожобеков, блогер: “АКТЁР КАТАРЫ ТААНЫЛГАН ЭКИ ЭСЕ ЖАГЫМДУУ ЭКЕН”

Саади Кожобеков. Каарманым учурда популярдуу болуп жаткан “Акыркы сабак” сериалына тартылган. Бирок ал сериалга чейин эле жаштарга таанылып калган блогер болчу. “Сериалдан кийин катталуучуларым 20-50 миңге чейин өстү” деген Саади мырза өзү жөнүндө айтып берди.

– Салам, Саади, өзүңдү тааныштырсаң.

– Салам, достор! Мен “Акыркы сабак” сериалында Алтуханын ролун аткарган баламын. 19 жаштамын. Өзүм Ош шаарында төрөлгөм. Учурда студентмин, экономика жаатында билим алып жатам. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчисимин. Атам университетте мугалим, апам кесиби боюнча врач, бирок азыр иштебейт.

– Блогерликке качан кызыгып баштадың?

– Мен кыска видеолорду, вайн тартканга кызыгам. Өзүмө жакканы үчүн видео тартып, Инстаграмга жүктөп турчумун. Кийин Тиктокко өттүм. Тиктокер болгонума 2 жылдай болуп калды. Ал жактан эл кандай видеолорду тартат экен деп карап, мен да тартып жүктөй баштадым. Учурда Инстаграмда 295 миң, Тиктокто 362 миңден ашуун катталуучум бар. “Акыркы сабакка” тартылгандан кийин катталуучуларым Инстаграмда 20 миңге, Тиктокто 50 миңге өстү. Олуттуу платформага өтөйүн деп жакында Ютубдан канал ачтым. Эми силердин Ютуб каналыңарга атаандаш болгум келет. Силердин атаандашыңар жок да азыр.

– Азаматсың! Баракчаларыңдан жакшы акча түшөбү?

– Ооба, түшөт. Инстаграмда 30 миң катталуучу топтогондон кийин эле кызматташуу боюнча сунуштар түшүп баштаган. Мен анда түшүнчү деле эмесмин, бир аз таң калгам. Кафелерге барсам “бизди белгилеп коёсуңбу, бекер беребиз” дешсе, ал да башкача көрүнгөн, азыр көнүп калдым. Азыр айына орточо эсеп менен миң доллардай табам.

– Окууңду бүткөндөн кийин кайсы багытта ишиңди улантасың?

– Окууну бүтүрүп диплом алышым керек деп өзүмө максат койгом. Азырынча ушул багытта эле ишимди улантам. Эртең Ютуб иштебей калса же интернет жок болуп кетсе, “жөн окубаптырмын” деп диплом менен иштейм да. Интернет иштеп турган кезде кайсы жакка барсам да видео тартып, баракчаларымды иштете берем деп ойлойм. Көпчүлүк “кошумча иш үчүн убактым жок” деп айтышат го. Менимче, каалоо болсо баарына убакыт тапса болот.

– “Акыркы сабакка” кантип тартылып калдың?

– Биз Кутман Айылчиев экөөбүз Тикток хаус ачып, ошонун иштери менен жүргөнбүз. Бир күнү Кутман “кастинг болуп жатыптыр, барып келбейлиби” деп калды. Мен болсо “мени атайын чакырышса гана барам” деп койгом. Кийин Инстаграм баракчамды көрүшүп, мени Алтуханын ролуна жарайт деп чечишкен экен, чалып чакырып калышты. Бардым, камерага тартып көрүштү. Кийин режиссёр менен жолуктум. Руслан байкени (ред.: кинонун режиссёру Руслан Акун) таанычу эмесмин. Барсам, бир сакалчан киши “мен алсызмын, сен менден акча талап кылып алышың керек” деди. Аткарып бердим. Аягында “режиссёр ким?” деп сурап коём. Баары каткырышкан.

Мурда мени Саади деп таанышса, азыр көчөдөн көргөндөр Алтуха деп калышат. Актёр катары таанылган эки эсе жагымдуу экен.

– Киного тартылган кандай экен?

– Киного тартылган өзүнчө иш сыяктуу экен, баары өз убактысы менен болушу керек экен. Мен шашпай барат экенбиз деп ойлогом. Эртең менен саат 6да туруп жаттык. Ошого көнүп калдым азыр. Биринчи кыйынчылык-камеранын артында 30 чакты адамдын сени карап турганы болду. Аткара албай калсаң кайрадан тартыш керек. “Ушунча адамдын маанайын түшүрбөйүн” деп аракет кылат экенсиң, жоопкерчилик пайда боло баштайт экен.

– Азаматсың! Алдыга кадам таштай бер.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1001, 11-17-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан