Максат Сайнидинов: “ЖҮНДӨН ЖАНА ЫШТАН СҮРӨТ ТАРТУУДАН ЭРГҮҮ АЛАМ”

Бүгүнкү каарманыбыз Кыргызстанда кездешпеген өнөр жана хоббинин ээси. Ал – Максат Сайнидинов. Эмне болгон өнөр экенин өзү айтып берсин.

– Менин кичи мекеним – Жумгал районунун Баш-Кууганды айылы. Ысык-Көлдөгү Касым Тыныстанов атындагы Мамлекеттик университеттин көркөм сүрөт жана моделдештирүү факультетин бүтүргөм. Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээсимин. Учурда туулган айылымдагы мектепте көркөм өнөр предмети боюнча мугалим болуп иштейм. Эмгек тажрыйбам – 18 жыл. Мектепте балдардын көркөм сүрөт ийримин жетектейм.

Мектепте сабак бергенден тышкары 2 хоббим бар. Негизи эле көркөм сүрөт өнөрүнүн бардык түрүнө кызыгам.

Биринчиси – жүн менен адамдардын портретин тартам, пейзаж, паннолорду жасайм. Бул “фальцевания” ыкмасы деп аталат. Муну 10 жылдан ашык убакыттан бери өздөштүрүп келе жатам. Алгач андай ыкма менен жасалган портретти Бишкектеги эстетикалык тарбия берүүчү “Балажан” балдар борборунан көргөм.

Портрет жанры татаал болгондуктан аталган ыкма менен иштегендер дээрлик жокко эсе. Бирок менден окуп-үйрөнүп жаткан окуучуларым бар.

Сүрөт, портрет үчүн жүнү кылчык эмес, башкача айтканда, меринос породасындагы койдун даяр боёлгон жүнүн сатып алам. Кээде өзүм боёгон учурларым болот. Капталдарында майда быдырлары бар ийне колдонулат, аны менен жүндү кийиздин бетине ширелиштирип киргизем. Бир портретти жасоого, мисалы, анын узундугу 1 метр, туурасы 75 сантиметр болсо, 1 аптадай убакыт кетет. Баасы орточо эсеп менен 6 миң сомдун тегереги.

Жүндөн тарткан сүрөттөрдү сактоодо күбөгө каршы каражаттар колдонулат. Жүн өзү да күбөгө каршы каражат болгон эрмен, уксус сыяктуулар менен иштетилип коюлат. Сүрөттөрдүн арасында паннолор да бар.

Менин жасаган портрет, паннолорума кызыккан чет элдиктер бар. Айрымдары сатып алышкан.

Экинчи хоббим – ыштан сүрөт тартуу. Бул ыкманы Караколдо иштеп жүргөн учурумда ал жакка улуту япон, америкалык Патрик Хаяши деген адам келген эле, ошондон көргөм. Ал көркөм сүрөт искусствосун 50 жашынан өздөштүрүп баштаптыр. Ыш менен сүрөт тартуу жаатында барган жерлеринде мастер-класс өтүп жүрөт экен. Ошондон көрүп мен да ушинтип тартсам деп калгам. Ал мындай ыкманы кокустан ачкан экен. Бир ирет өзү тарткан сүрөттөрү өзүнө жакпай, чогултуп өрттөптүр. Бир кезде караса астындагы күйүп жаткандардын ышынан үстүндөгүлөрдө сүрөт тартылгандай болуп жатыптыр. Ошондо ушундай ыкма менен сүрөт тартса болот экен деп, өздөштүрө баштаптыр. Мен бул ыкма менен Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтүн жана башка сүрөттөрдү тартып көрдүм. Бирок жакшы окшошпой жатат. Аракет кыла берсем окшош тартып кала турган учур алыс эмес.

Мен жүндөн жана ыштан сүрөт тартуудан ырахат, эргүү алам.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1001, 11-17-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан