Өктөм Сапар уулу, ырчы: “ТАРТЫНЧААКМЫН, ЫРДАП ЧЫГУУГА БАТЫНА АЛБАЙ ЖҮРДҮМ”

“Актриса”, “Эч кимге теңебейм”, “А мен пенде” жана башка эл жакшы көрүп уккан ырлардын аткаруучусу, бир топ ырчылардын ырларына обон жазып, аранжировкасын жасап чыгармачылыкта талыкпай эмгектенип келе жаткан Өктөм Сапар уулун кепке тарттык. “Уялчаакмын, ошон үчүн көп жерде көрүнбөй калам” деген ырчы ырларынын жаралуу тарыхы, чыгармачылыкка аралашуусу, жеке жашоосу тууралуу айтып берди.

– Өктөм байке, кандайсыз? Канча жылдан бери чыгармачылыктын казанында кайнап жүрөсүз, канча ырыңыз бар?

– Жакшы, рахмат. Мен чыгармачылыкка алгач аранжировкачы болуп аралашып баштагам. Азыр да аранжировка жасап иштейм. Кичине кезибизде үйдө кичинекей пианино турчу. Аны таятам апама алып бериптир. Бирок апам ага такыр кызыккан эмес экен. Бирок ошол пианинонун аркасы менен байкем экөөбүз музыкант болуп калдык. Үйдө 8 бир тууганбыз. Арасынан менден 5 жаш улуу байкем экөөбүз музыкант болдук. Каныбызда деле жок болчу экен, чоң ата-чоң апамдар, таята-таенемдер деле чыгармачыл болушкан эмес. Байкем экөөбүз үйдө турган пианиного кызыгып ойноп ырдай берчүбүз. Бул кызыгуубуздун арты менен мектептеги иш-чараларга катыштык. Мектепти бүтөр кезде экөөбүз тең кадимкидей музыкант болуп калдык. Байкем мектепти бүткөндөн кийин айылда калды. Музыкант болуп, тойлордо кызмат кылып жүрдү. Ошондо тойлордо Ильяз Абдыразаков экөө жүрчү. Ильяз менен таяке-жээнбиз. Мен болсо музыкалык билим алуу үчүн Ош мамлекеттик-педагогикалык колледжинин музыкалык бөлүмүндө окуп калдым.

Ошентип жүрүп аранжировка жасоону үйрөндүм. Башында белгилүү адамдарга бекер эле жазып берүү мага сыймык болчу. Кийин бул менин жумушум болуп калды, эмгегим үчүн акча ала баштадым. Кийин өзүм да ырдап чыктым. Азыр өзүм обонун жазып, аткарып чыккан 40-50 чакты ырым бар. Башкаларга жазып берген обондорумду кошкондо аябай көп болуп кетет.

– Кандайча ырдап калдыңыз, алгачкы ырыңыз кайсы болду?

– Ырдап чыгайын деген оюм бар болчу. Бирок өзүм тартынчаакмын, батына албай жүрдүм. Алгачкы ырымды да капыстан ырдап калгам. Бир ырчыга аранжировкасы менен обон жазып бергем. “Жолдор башка” деген чыгарма болчу. Ырчыга обонду үйрөтөм деп ырдап койсом жанымдагылар “өзүң эле ырдабайсыңбы” дешкен. Анан ал ырчыга ыр жакпай калды. “Өзүң ырдабайсыңбы” деген сөз дем бердиби, ырдап, радиолорго бердим. Эл жакшы кабыл алды. Дагы бир ыр ырдап көрөйүн деп “Актриса” деген чыгарманы жазып ырдап чыктым. Ал да жакшы алынып кетти. “Актрисаны” башка ырчылар да жактырып, ыр талашка түшкөн. “Бизге бериңиз, акчасын 2 эселеп төлөп берели” дегендер болду. Алардын бири Нурлан Насип экени эсимде, анда ал жаңы чыгып жаткан ырчы эле. Бирок өзүм жаздырып чыгардым. Анткеним жакшы болгон экен. Элге ошол ырым жакшы тарады. Ошондон кийин ырчылык карьерам башталып кетти, концерттерге чакыра башташты. Бирок мен тойлорго көп барбайм. Башка ырчылардай болуп тамадалар менен сүйлөшүп алып тойлорго буюртма албайм. Той ээси атайын мени издеп чалып чакырса барып ырдап коём.

– Кайсы ырларыңызды көп суранышат?

– Көбүнчө “Актриса”, “А мен пенде”, “Эч кимге теңебейм” деген ырларымды көп суранышат. Ушул ырларым элге жакшы тарады көрүнөт. “Эч кимге теңебейм” деген ырымды кийин Замир мырза да ырдап чыкты, анын ырдаганы да жакшы тарады. Ошол эле учурда 10дон ашык ырымды казактар да ырдап жүрүшөт.

– Динара Акулова менен ырдаган “Өмүр” деген ырыңызды да эл жакшы көрүп угат экен.

– Ооба, бул ырды анчалык популярдуу болот деп такыр ойлогон эмесмин. Бек Борбиевдин “Суранам” деген ырын Бек байке экөөбүз ырдаганбыз. Динара эже “ушул ырды дуэт ырдайлы” деп сунуштап калды. “Мен аны ырдагам да, анын үстүнө сөздөрү экөөбүзгө төп келбейт. Башка ыр жазайын. Жакса ырдайсыз, жакпаса ырдабайбыз” деп ушул ырды жазгам. Шашылыш түрдө бир күндө даяр болгон ыр бул. Элге жакты. Динара эже кийин “эл сурап жатат” деп өзүнчө жаздырып кеткен, ырдап жүрөт.

– Көк бөрүгө кызыгат экенсиз...

– Мен кичинемден ат мингенге кызыгам. Жакшы ат көрсөм айланчыктап жанынан кете албай калмайым бар. Кичинемде өзүмдө ат болгон эмес. Кийин мүмкүнчүлүгүм жетип ат сатып алып, азыр көк бөрү ойноп жүрөм. Маданият өкүлдөрүнөн түзүлгөн атайын командабыз бар.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз.

– Мен 20 жашымда үйлөнгөм. Ушул жылы үйлөнгөнүмө 20 жыл болот. Жубайым экөөбүз 1 уулду тарбиялап жатабыз. Уулум Канат 18 жашта. Ал да чыгармачылыкка жакын, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда 4-курста окуйт. Келинчегим Баткендин Боз-Адыр айылынан болот. Учурда мектепте кыргыз тили, кыргыз адабиятынан мугалим болуп иштейт.

– Кайдан таанышкансыздар?

– Ошто окуп жүргөндө гастроль менен Баткенге барып калдык. Барсак, Маданият үйүндө аранжировка жасай турган кымбат баалуу аспап туруптур. Ал кезде андай аспап өлкө боюнча саналуу гана, 3-4 даана эле бар болчу. Өтө кымбат, ошол кезде 3 үйдүн баасынча турат эле. Баткен жаңы облус болуп бөлүнгөндө мамлекет Маданият үйүнө белек катары алып берген экен. Ал аспапты колдонгонду билчү эмесмин, бирок ал бардык музыканттардын кыялы болчу. Айланчыктап кете албай калдым. Алар да “эч ким түшүнбөй жөн эле турат, келип иштетпейсиңби” деп калышты. 3-курсту бүтүп жаткам. Эмне кыларымды билбей калдым. Ошко кайтып келгенден кийин ойлонуп туруп окууга барбай, Баткенге кетип калгам. Өздөштүрүп, баягы аспапты иштетип, Маданият үйүндө иштеп калдым. Бир учурда жигиттер жана кыздардан өз-өзүнчө топ түзөбүз деп калышты. Ошондо кастинг болуп кыздардын тобуна келинчегим өтүп кеткен. Ошол жактан таанышып, 6 ай сүйлөшүп баш коштук. Минтип үй-бүлө куруума да чыгармачылыгым себеп болгон.

– Чыгармачылыгыңыз жакшылыктарга гана себеп боло берсин. Маегиңизге рахмат!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Muzik
2022-02-16 23:11:56
Азаматсыз ,мен сыйлаган инсан.
+1
№ 1001, 11-17-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан