Эльвира Сурабалдиева: “БИЛИМ, ТАЖРЫЙБАМДЫ ЭЛДИН ЖЫРГАЛ ЖАШООСУ ҮЧҮН ЖУМШАЙМ”

– Урматтуу Биринчи Май районунун тургундары!

Баарыбызга маалым болгондой, 2021-жылдын 28-ноябрында өткөрүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоосунда Биринчи Май районунун шайлоочуларынын басымдуу бөлүгү “Баарына каршыга” добуш берип, мыйзамга ылайык, кайра шайлоо дайындалган. Алардын бул тандоосунда кандайдыр бир негиздүү себептер бар деп эсептейм.

Ушундан улам тарапташтарымдын колдоосуна таянып, 2022-жылдын 27-февралында боло турган кайра шайлоодо Биринчи Май округунан өз талапкерлигимди көрсөтүүнү чечтим. Белгиленген үгүт иштеринин алкагында убакыттын аздыгына карабай шайлоочулар менен жолугуп, программамды жеткирүүгө, максаттарым менен бөлүшүүгө, баарлашууга болгон аракетимди жумшайм.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты жана вице-премьер-министр катары иш алып бардым. Бул аткарган кызматтарымда парламенттен элдин көйгөйүн көтөрүп, аларды чечүүгө, элдин турмуш шартын жакшыртууга аракет кылдым. Өлкө үчүн оор мезгилде аткаруу бийлигинде иштеп жүрүп мамлекетибиз олуттуу өзгөрүүлөргө муктаж экенине ынандым.

Азыркы күндө элибиз аткаминерлердин куру убадаларына ишенбей калган кез. Алар чындыкты айтышат жана башкалардан да ошону талап кылышат. Эл алдында чынчыл болуу – менин мүнөзүмө дал келген негизги принцибим. Бул эң туура багыт экенин турмуш далилдейт. Демек, адилеттүүлүккө жетебиз десек, чынчыл болуубуз керек. Ошондо гана өлкөдө жана жашообузда оң өзгөрүүлөрдүн эшиги ачылат.

Учурда мекенибиз өнүгүүнүн татаал жолун басып өтүүдө. Жарандарыбыздын көйгөйлөрүнө, жашоо турмуштун оордугуна, кирешесинин аздыгына жетиштүү көңүл бурулбай, эл менен бийликтин ортосундагы тыгыз байланыштын жоктугу ажырымдын күн санап чоңоюшуна себеп болууда. Андыктан саясий ишмердүүлүгүмдөгү бир аз тыныгуудан кийин кайра адилеттүүлүк үчүн күрөштү улантууну чечтим.

Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын коргоого келгенде четте карап туруу менин табиятыма төп келбейт. Дүйнө өнүгүүдө. Кыргызстандыктардын да кыялдары, үмүттөрү орундалып, жарандарыбыз татыктуу жашоодо күн кечирерине мен терең ишенем.

Депутат – бул, биринчиден, элдин тандоосу менен келген бийлик бутагындагы элдин өкүлү. Ал ар бир жаранды баалап, урматтап, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп, элге чынчыл, адилет кызмат кылууну өзүнүн милдети деп эсептеши керек. Тактап айтканда, мен парламент трибунасын элдин, шайлоочуларымдын кызыкчылыгы үчүн гана колдоном.

Урматтуу Биринчи Май районунун шайлоочулары!

Парламенттик шайлоого катышуу чечими мен үчүн жоопкерчиликтүү кадам болду. Билимимди, топтогон тажрыйбамды, энергиямды жана күчүмдү айкалыштыруу менен натыйжалуу иш жүргүзүп, аны элдин жыргалчылыгына жумшоону максат кылып, бул чечимди кабыл алдым.

Андыктан алдыга кадам таштап, коррупцияга каршы күрөштү улантып, парламенттин ишин жакшыртуу жана ал жактагы конструктивдүү күчтөрдү бириктирүү үчүн сиздердин колдооңуздарга таянам! Сиздердин тандооңуздар өлкөбүздүн өнүгүшүнүн биринчи кадамы.

Ошол эле маалда убадаларыма бекем туруу менен сиздердин ишенимиңиздерди актоого болгон аракетимди жумшайм!

Терең урматым менен, бир мандаттуу №27 Биринчи Май шайлоо округунан
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер

Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
xnurgul_gul
2022-02-14 23:19:55
Базарына эле бар,сен базар адамысынго
+1
№ 1001, 11-17-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан