РОМАН КОСТОМАРОВ

Коньки менен муз үстүндө өзүн эркин сезген мырзалар көп, бирок дүйнөнү багындырганы аз. Алардын катарында муз үстүндө бийлеген Роман Костомаров бар. Жакынкы күндөрдө ал “ата болом” деп кубанып турган чагы.

Толук аты-жөнү – Роман Сергеевич Костомаров
Туулган жылы –
1977-жыл, 8-февраль
Туулган жери –
Орусия, Москва шаары
Бою – 183 см, салмагы –
80 кг
Муз үстүндөгү шериктери –
Татьяна Навка, Анна Семенович, Екатерина Давыдова
Машыктыруучулары –
Александр Жулин, Наталья Линичук, Геннадий Карпоносов, Елена Чайковская, Наталья Дубова.
Жашаган жери – Москва

РОМАН КОСТОМАРОВ...

  • "ДДТ", "Наутилус", "Кино" топторунун ырларын сүйүп угат.
  • 16 жашында кулагын тештирип, сөйкө салдырган. Анткени Марина Климова менен бийлеген, кулагында сөйкөсү бар атактуу Сергей Пономаренкого окшошкусу келген.
  • Конькини сол бутунан баштап кийип, муз үстүнө сол буту менен чыкканды унутпайт. Мунун сыры эмнеде экенин айтпайт.
  • “25 жаштан кийин дос табуу кыйын” деген ойдо. Анын эң жакын достору – Марат Башаров жана Михаил Галустян.
  • Актёрлук да таланты бар. “Ысык муз” (“Жаркий лёд”), “Жакын душман” (“Близкий враг”) “Чыккынчылыкта” (“На измене”) сыяктуу тасмаларда роль жараткан.
  • Муз үстүндөгү бий жаатындагы түрдүү теледолбоорлордо Екатерина Гусева, Чулпан Хаматова, Алёна Бабенко, Юлия Ковальчук сыяктуу атактуу айымдар менен бийлеп келген. Учурда Орусиянын 1-каналындагы “Муз жана от” (“Лёд и пламень”) теледолбоорунда “Фабрика” тобу аркылуу таанылган сулуу Сати Казанова менен биргеликте бийлеп жатат.
  • Жалгыз бийлебегенине узак убакыттар кайгырып келген. Анткени ал “муз үстүндө шерик менен бийлөө – өзүнчө эле “Санта-Барбара”, түрдүү интрига, ызы-чуу, ушактар” деген пикирде.

КАРАПАЙЫМ ҮЙ-БҮЛӨДӨН ЧЫККАН
Дүйнөгө ысымы таанымал муз үстүндөгү бийчи Роман Костомаров жөнөкөй үй-бүлөдө туулуп-өскөн. Анын атасы электрик, апасы ашпоз. Ал эс тартып калгандан баштап эле апасына “мен спортчу болом” дей баштайт. “Спорттун кайсы түрү менен машыгасың?” деген энесинин суроосуна ийинин куушуруп, “билбейм” деп жооп берип тим болчу. Ошондо энеси аны гимнастикага алып барса, жаш курагынын өтүп кеткенин айтышат. Анда Рома 9 жашта эле. Сууда сүзүү боюнча секцияга алпарганда, ал жактагылар да эмнегедир албай коюшат. Ошол күндөрдө апасы “АЗЛК” муз сарайында дарыгер болуп иштеген таанышын эстейт. Ошентип, Рома апасынын таанышы аркылуу муз үстүндө бийлөөчү театрга кирип калган.

ЧЕМПИОН – ӨСПҮРҮМ
Спорттун кайсы гана түрү болбосун машыгууну дегдеген кичинекей Рома муз үстүндөгү бийди тез эле өздөштүрөт. Буга устаттары да таң калган. Эки жыл өткөн соң таланттуу, шыктуу бийчини адис – Лидия Караваева байкап, тарбиялоо милдетин моюнуна алат. Ошондо машыктыруучусуна "муну түгөй менен бийлетсе болот" деген идея келип, кызы Катя Давыдованы шерик кылып кошот. Экөөнүн эмгегинин жыйынтыгы катары 1996-жылы өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугундагы жеңишин айтсак болот.

“ОРУСИЯ ЭМЕС, АМЕРИКАНЫ ТАНДА”
Костомаров менен Давыдова 10 жыл муз үстүндө жүрүп, кол үзүш­кө­нү­нө эмне себеп болду дебейсизби? Машыктыруучу Наталья Лини­чуктун көз кызарткан сунушу. Ал сунуш – шеригин алмаштырып, мындан кийин бийчи Татьяна Навка менен Америкада ишин улантуу эле. Роман бул сунуш боюнча көпкө ойлонгон. Жыйынтыгында жашоосуна жаңылык, өзгөрүү киргизүүнү туура көрүп, макулдугун берген. Анда 1998-жыл болчу.
Костомаров Навка менен бийлеп көнө баштаганда машыктыруучусу “сен Татьяна эмес, Анна менен алтынга жетип, дүйнөнү багынтасың” деп айтып, макул болууга мажбур кылат. Роман Татьянага “бири-бирибизге ылайыктуу эмес экенбиз. Мен мындан кийин Анна Семенович менен бийлегим келет” деп кетип калат. Күтүүсүздөн мындай кабарды уккан Таня "шок" абалга туш болуп, стресске кабылып, “мындан кийин бийлөө маанисиз” дегенге чейин барган.

СЕМЕНОВИЧТЕН НАВКАГА
Романдын Анна менен дүйнөнү багынтуу кыялы орундалган жок. Экөө бирге Орусия чемпиондугунда 2-орунга, Европа чемпиондугунда 10, ал эми Дүйнөлүктө 13-орунда калышкан. Ошондо Костомаров: “Аннанын муз үстүндө эмоциясын башкара албаган сапаты ийгиликке жеткире албады”,- деп кайра Татьянага кайтат. Навка, албетте, аны кучак жайып тосуп алган эмес. Бирок машыктыруучу Линичук мажбур кылганын айтканда, аргасыздан кечирген. Анткени Линичук ага “Костомаров Анна менен бийлөөнү өзү чечти” деген экен. Ошентип Линичук менен болгон келишимди да бүтүрүп, машыктыруучу Александр Жулин менен иштеше башташат. (Романдын Навка менен биргеликте жеткен ийгилиги таблицада көрсөтүлгөн).

ҮЙДҮН ЧАТЫРЫНДА ЖАШАГАН КЫЙЫН КҮНДӨР
Романдын АКШда жүрүп машыктыруучу алмаштырганы материалдык жактан кыйынчылык туудурган. Жашай турган жери болбогондуктан, Жулиндин үйүнөн түнөк табат. Бирок көп өтпөй өзүн ыңгайсыз сезип, ал жактан кетүүгө аргасыз болот. Кесиптеши Евгений Плющенконун агенти Ари Закаряндын үйүнүн чатырында күн кечирген убагы да болгон. Айына тапкан 150 доллары эч нерсеге жеткен эмес. Бирок ал “мындай кыйынчылыкты жеңишим керек. Чыдабай Орусияга кетип калсам, буга чейинки эмгегимди жокко чыгарганым” деп чыдайт. Оор кырдаалдарда аны моралдык жактан сүйгөн кызы Юлия Лаутова колдоп келет. Юлиянын колдоосу менен гана жашоосундагы кыйынчылыктарды жеңгенин бүгүнкү күнгө чейин баса белгилейт.

ЖАКЫНДА АТА БОЛОТ
Рома менен Юлия 4 жыл кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. Бирок баш кошкондон 1 жыл өткөн соң ажырашып кетишкен. Себебин ал жубайынын кызганчаактыгы менен түшүндүргөн. Расмий түрдө 2007-жылы ажырашышкан. Учурда Оксана Домнина аттуу сулуу менен жарандык никеде жашайт. Ал да муз үстүндө бийлеген пери. Жарандык никеде жашагандарына көп болгондуктан, аларга “качан үйлөнөсүңөр?” деген суроо көп берилет. Анда Костомаров “паспорттогу мөөр эч нерсени чечпейт. Эгер балалуу болуп калсак, ал мыйзамдуу төрөлүшү үчүн гана үйлөнөбүз” деп жооп берип келет. Эми жигит сөзүнө турабы, жокпу, аны көрө жатарбыз. Дегенибиз, Оксана учурда кош бойлуу.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 422, 3-9-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан