Жылдыз төлгө. 14-ФЕВРАЛДАН 20-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИН

КОЙ (21.03-20.04)

Бул апта сизге бүдөмүк болуп, кайсы эшикке баш бакпаңыз баары жабыктай туюлат. Дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү түгөйүңүз менен мамиледеги эң талаштуу маселелерди чечүүгө ыңгайлуу учур. Талашууда эмоцияга алдырбай, жөнөкөй аргументтерди келтиргенге аракет кылыңыз. Эс алуу күндөрү өзүңүздү изилдөөнү көздөп жатсаңыз психологиялык адабияттарды окуңуз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Ушакты тактоо иретинде бирөөдөн “ушундай маалымат уктум эле, чынбы?” деп сурагандан жаа бою качыңыз. Чоң жалаага кабыласыз. Эски ооруларыңыз өөрчүп, жаңы оорулардын жаралышына шарт түзүшү мүмкүн, андыктан дарыгердин көзөмөлүндө болуңуз. Алыста жүргөн жакындардан жагымдуу кабар угуп сүйүнөсүз. Сиздин демилгеңиз менен көп жакындарыңыздын жумушу бүтөт.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Адамдар менен бат тил табышуу жөндөмүңүз сизди ийгиликке жетелейт. Сиздин кеңешиңизге муктаж болгон адамдарга туура жол көрсөтүүдөн баш тартпаңыз. Түгөйүңүз менен мамилеңиз жакшырат, ортодогу алыстыкты жакындатып, бардык тоскоол болуп жаткан чектерди алып саласыз. Чет өлкөгө окууга, саякатка чыккысы келген эгиздер үчүн да апта ийгиликтүү болот.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Аптада үйүңүзгө эмерек же тиричилик техникасын сатып алуу боюнча идеяларды ишке ашырасыз. Ыңгайлуу шарттарда насыяга буюм сатып алууга эң сонун учур. Үй-бүлөлүү болсоңуз, анда өнөктөшүңүздүн каржылык абалы бир топ жакшырат. Бул жагдайдан улам сиз жашоо шартыңызды өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк аласыз. Шаршембиде сүйүктүүңүз менен курч маселелерди талкуулабаңыз, тутанып кетиши мүмкүн.


АРСТАН (23.07-23.08)

Аптада сүйүктүүңүздөн мурда байкабаган жакшы сапаттарды ача аласыз. Узак убакыт сүйүү мамилесинде болуп, бирок мамилесин нике менен беките электерге үйлөнүү сунушу түшүшү мүмкүн. Билим алып жаткан студенттерде окуусунда көйгөй жаралат. Айымдар кошумча жумуш таап материалдык абалын жакшыртып алышат. Үй-бүлөлүүлөр балдарына тарбия берүүгө дыкат көңүл бурбаса алардын келечеги үчүн кооптуу болгон учурду өткөрүп жибериши ыктымал.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Убактыңыздын көбүн жакындарыңыздын жана досторуңуздун иштерин бүтүрүүгө жумшайсыз. Каржы маселесинде көйгөй болбойт, баары ойдогудай болору күтүлөт. Бийкеч айымдар аптада ашыкча тазалык, иреттүүлүк кылам деп айланасындагы кемчиликсиз тартипти да оңдой башташат. Диета кармагандардын аракети аптада натыйжалуу болуп, каалаган салмагына жетишет. Сүйүү мамилесинде түгөйүңүз менен чыр-чатактар болушу мүмкүн.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жашооңузду романтикага бөлөгөн жаңы таанышуулар орун алат. Таанышар замат ачык мүнөзүңүздү көрсөтпөй, табышмактуу көрүнүп койсоңуз ал адам менен экинчи жолу жолугушуу мүмкүнчүлүгү буюрат. Эгерде балдарыңыз болсо аларга демейдегиден көбүрөөк көңүл буруу сунушталат. Педагогикалык талантыңыз ойгонуп, балаңыз менен өз ара түшүнүшүү оңой болот. Апта ортосунда үй-бүлөлүк таарынычтар орун алат, бирок бул көрүнүш узакка созулбайт.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Чаяндар аптада каржы маселесине байланышкан көйгөйлөрүн ийгиликтүү чечип алышат. Муктаждыктарыңызды, керектөөлөрүңүздү азайтсаңыз кирешеңиз бир топ жогорулайт. Үй жумуштарынан качпаңыз, үйүңүздү тазалап иретке келтирсеңиз үй-бүлөдөгү психологиялык атмосфера жылуу жана ыңгайлуу болуп калат. Алыстан күтүүсүз коноктор келиши мүмкүн. Берешен болуңуз, анткени бергениңиз эселеп кайтат.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Бүгүн бүтүрчү жумушуңузду эртеңкиге калтырбай убагында жасаңыз. Аптада энергияңыз ашып-ташып, он адам бүтүрчү жумушту жалгыз кыласыз. Сиздин кеңештериңиз айрым адамдарга пайда алып келет. Алыс сапарга чыгуу жана жаңы таанышууларга ылайыктуу жума. Бирдей көз караштагы адамдардын айланасында болуп, шаңдуу кампания сизге эргүү тартуулайт. Балдарды обу жок эркелетүү, оюндагысын аткаруу келечегине зыянын тийгизерин унутпаңыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Апта сизден тартипти, сабырдуулукту жана чыдамкайлыкты талап кылат. Сиздин жасаган эмгегиңиз үчүн башка кесиптешиңиз сыйга ээ болушу мүмкүн, бирок бул сыноо сизге мыкты сабак болот. Жакындарыңыздан материалдык колдоо күтпөй өзүңүз гана аракет кылыңыз. Апта ортосунда жакындарыңыздын бири менен мамилеңиз бузулушу мүмкүн. Дем алыш күндөрү көңүл ачуучу жайларга барыңыз, жылдыздар концертке же театрга барууну сунушташат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жылдыздар суу куярларга жеке өнүгүүгө жана муктаждыктарын канааттандырууга көбүрөөк убакыт бөлүүнү сунуштайт. Бул сиздин имиджиңизди өзгөртүүгө, ошондой эле көз карашыңызды кеңейтүүгө ыңгайлуу мезгил. Кесиптештер арасында өзгөчө кадыр-баркка ээ болосуз, жетекчилигиңиз сизди жаңы кызматка бекитет. Аптада сүйүү мамилесиндеги жаңы таанышуулардан баш тартуу сунушталат. Мындай байланыштар ушактарды ээрчитип келиши мүмкүн.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Бул жума балыктарга тынч, бир калыптагы жашоо ритми керек. Өзүңүздүн ойлоруңуз жана сезимдериңиз менен көбүрөөк убакыт өткөрүүгө аракет кылыңыз. Жеке мамиледе сүйүктүүңүз экөөңүзгө убактылуу эки бөлөк жашоо керек болушу мүмкүн. Аралык эки адамдын сүйүүсүн сынаганга жардам берет. Апта ортосунда чоң буюм сатып албаганыңыз туура. Дем алыш күндөрү жаңы адамдар менен таанышып, жаратылыш коюнуна саякатка чыга аласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1001, 11-17-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан