Пекин Олимпиадасында муз үстүндө бийлөө боюнча спортчуларды сыйлоо аземи орусиялык спортчулардын допингге шек жаратканынан улам кечеңдеп жатканы маалым болгон. Кийинчерээк кайсы спортчу экени айтылып, 15 жаштагы муз үстүндө бийлөөчү Камила Валиеванын аты аталды. 10-февралда Валиева Олимпиада оюндарына катышууну улантарын чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Валиева Олимпиададан четтетилген эмес жана буга чейин машыгуу өткөрүүгө жетишкен. Валиева 16 жашка чыга элек, андыктан антидопинг эрежелерин бузуу фактысы боюнча сот процесси өзгөчө режимде өтүп, ага жактоочулардын катышуусу талап кылынат.