Эки кызын жалгыз баккан ата: «ӨКҮНГӨНҮМ – 8 ЖЫЛ КҮТҮП ТӨРӨГӨН КЫЗЫН ЖУБАЙЫМ КӨРБӨЙ КЕТТИ»

Эки кызын эки канатына калкалап багып келе жаткан Данияр Сыдыков аянычтуу тагдырдын ээси. Каарманыбыздын келинчеги Мээрим кичүү кызы 3 айлык кезинде көз жумган. 4 жылдан бери кыйын турмушта күн кечирип келе жаткан атанын арманы көп экен. Макалага көз чаптырыңыз.

“КЕЛИНЧЕГИМ ЭКИНЧИ КЫЗЫМДЫ ТӨРӨГӨН СОҢ КАЗА БОЛДУ”

– Аты-жөнүм Данияр Сыдыков, 40 жаштамын. Нарын облусунун Чолпон айылынан болом. Келинчегим Мээрим экөөбүз сүйүшүп, арзышып жүрүп чакан үй-бүлөбүздү түптөгөнбүз. Жаңы баш кошкон үй-бүлөлөрдүн баары башында кыйналат эмеспи, биз деле кыйналып оор турмуштун айынан Кара-Балтада батирде жашап калдык. Келинчегим башталгыч класстарга сабак берип мектепте мугалим болуп иштечү, мен курулуш иштеринде жүрдүм. Тун кызыбыз төрөлгөндө маңдайыбыз жарыла кубанганыбызды сураба. Бирок биздин кубанычыбызды көп өтпөй кайгы тооруду, дарыгерлер кызыбыз тубаса майып төрөлгөнүн айтышты. Ал кезде кызыбызды айыктырып алабыз деген ишеним күч болчу. Башыбыз ооруканадан чыккан жок, көптөгөн дарыгерге кайрылдык, тапкан тыйыныбызды кызыбыздын дарылануусуна коротуп жаттык. Бирок көбү “тубаса ДЦП экен, айыгышы күмөн” дешти. Улуу кызыбыздан кийин балалуу болбой 8 жыл жүрдүк. “Айыгып калабы, адам болуп кетеби?” деп үмүт кылганбыз. Бир күнү келинчегиме “экинчи баланы төрөй берчи, Кудайдын буюрганы болор” дедим. Ошентип, 2018-жылы кичүү кызыбыз төрөлдү. Келинчегим төрөгөндөн кийин эле жакшы боло албай ооруканага түшүп калды. Кызымды 10 күн эмизгенден кийин эмчектен чыгартып алдым, бөтөлкөдөгү сүткө көндүрдүм. Аялымды дарыгерлер “тез дарыланышың керек” деп шаштырып туруп алышкан болчу. Тилекке каршы, кичүү кызым 3 айлык болгондо келинчегим жүрөк оорусун көтөрө албай ажалга моюн сунуп кете берди. Асманым түшүп, үйүмдүн куту учуп, эки чиедей кыз менен жалгыз калуу бул дүйнөнүн чыдагыс түйшүгү эле. Көпкө өзүмө келе албай жүрдүм. “Кой, эки кызым үчүн чыйралышым керек, күчтүү болушум кажет” дедим.

“4 ЖЫЛДАН БЕРИ КЫЗДАРЫМДЫН АТАСЫ ДА, ЭНЕСИ ДА МЕН”

– Кичүү кызым учурда 3 жаштан өттү, бардык нерсени түшүнөт. “Тигини-муну алып кел” деп жумшасам кылат баарын. Дүкөнгө азык-түлүк алганы чыкканда эжесин карап турат, ага сүйлөп, ырдап берет. Айтор, эжесин ыйлатпай алаксытканга жарап калды. Себеби майып кызым көп ыйласа талмасы кармап калат, азыр ал 12 жашта. Төрөлгөндөн эле баспайт, сүйлөбөйт, көзү көрбөйт, мен тамак берем. Тамак берсең чайнай албайт, дароо жутат, ошого тамакты да эзип берем. Ботконун түрлөрүн жасап жедирем. Камыр тамактарды жакшы көрөт, оромо, манты дегендерди бат эле даярдап салам. Күндө кечинде кызымды тазикке отургузуп жуунтам, кичүү кызым суу куюп берет. 4 жылдан бери кыздарымдын атасы да, энеси да болуп жүрөм. Башка түшсө баарын кылат экенсиң. Кичүү кызым апасынын көчүрмөсү, өкүнгөнүм – 8 жыл күтүп көргөн кызынын кылык-жоруктарын көрбөй эрте кеткени. Тыкылдаган кызым бар, мени менен айтышат, таарынат, “апам качан келет?” деп сурайт, айтор, кээде чоң адамдар бербей турган суроолорду бергенде мукактанып, көзүмө жаш тегеренип отуруп калам.

“КЫЗЫҢДЫ БАЛДАР ҮЙҮНӨ БЕР, ӨЗҮҢ ҮЙЛӨН ДЕШЕТ”

– Менин кыйналганымды көргөн айрымдар “кызыңды балдар үйүнө бер” дешет. Өз каныңдан жаралган баланы балдар үйүнө берүүгө батына албайт экенсиң. Ал жакта баары бир мендей карабайт да. Кароосуз калабы деп корком, кыя албайм. Майып болгону менен, кызымдын сезүү туюму абдан күчтүү, мен бир жакка жөнөөрдө ээрчип ыйлайт. Апасы каза болгондо кайгырганын сезгем, 3 күн тамак ичпей шылкыйып жатып калган. Бир жолу карасам көзүнөн жашы агып жатыптыр. “Апаңды жоктоп жаткан экенсиң, периштем” деп кызымды кучактап мен да ыйладым.

Апасынын жоктугун сездирбей кыздарымды чоңойтсом, ата-эне мээриминен өксүтпөсөм дейм. Бир жылдары үйлөнөм деп да жүрдүм, жакшы эле келиндер турмушка чыгам деп таанышышат, келип кызымды, үйдөгү абалымды көргөндө эле кайра жок болуп кетишет. Азыр үйлөнгөнгө деле каалоом жок. Кыздарымды какыс-кукус кылып коёбу деп да кооптоном.

Бир жолу кичинекей кызым 1 жаш кезинде үйдө жегенге эч нерсе калбай калды, барып дүкөнгө карызга жазылып келейин деп эшикти бекитип чыксам, эки кызым тең бакырып ыйлайт. Кирип улуусун бир аз алаксытып кайра чыксам, эшикти жабарым менен кайра чыңырып ыйлашат. Ошондо “ачкадан өлөт деген ушул окшойт” деп эч жакка чыкпай отурсам, Кудай буюруп, жардам берем деп бир киши келип калыптыр. Үйдө ачка отурганыбызды билгендей эле эт, таттууларды, азык-түлүктөрдү көтөрүп келиптир. “Кандайсың, абалың жакшыбы, бекем бол, баары жакшы болот” десе эле мукактанып ыйлап жибердим. Ошого чейин топтолгон бугумдун баарын ошондо чыгардым окшойт, байке мени менен кошо жашып, бир топ кеңештерин айтты, жубатты.

“ҮЙ ЭМЕС, ЖЕР ТИЛКЕСИ БОЛСО ДА АЛСАМ ДЕЙМ”

– Учурда менин башкы маселем – каржы көйгөйү. Азыр Военно-Антоновкада кыздарым менен 5 миң сом батирге төлөп жашайм. Кызымдын майыптыгы үчүн, кыздарды жалгыз бакканым үчүн 10 миң сомдон ашык жөлөк пул алам. Ошол акчага күн кечиребиз. Эгер өзүмдүн үйүм болсо, жок дегенде жер тилкем болсо кепедей болсо да там салып алмакмын. Майып кызыма такай памперс сатып алабыз, дары ичип турат. Бир айлык азык-түлүгүбүзгө кээде алган жөлөк пулубуз жетпей калып, дүкөнгө карызга жазылып калам. Апам айылдан келгенде жакыныраак жакта 2-3 сааттык жалданма жумуш болсо барып иштеп, “шабашка” кылып турчумун. Азыр апам айылда, мен кыздарым менен үйдө болуп иштегенге мүмкүнчүлүк жок болууда. Ошого элден жардам сурап кайрылууга аргасызмын. Ажобуз Садыр Жапаровго да жолугуп акыбалымды түшүндүрсөмбү деп көп жолу аракет кылдым, бирок жолугайын дегенде эле пикет-митингдер болуп калат. Өлкөнү башкаруу деле оңой эмес, кээде 6 миллион эл эмес, мен эки кызыма ээ боло албай калам. Акыркы сөзүм, учурда ажырашып же таарынышып жүргөн түгөйлөргө кеңешим, бул жашоодо сыйлашып, түшүнүшүп жашагыла, өмүр кыска экен, көзү өткөндөн кийин аттиң кылуу пайдасыз экен.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Тел.: 0706 886669

Банктык эсеби:

4177490148463542 Кыргызстан банк, 9417088597661258 РСК банк

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
sumaya
2022-02-14 10:00:55
Козумдун жашы токтобой ыйладым, эх колумдан келсе жардам берсем кана, декреттемин... Колунда барлар карап турбайт деп ойлойм, кыргыз Элим боорукер, жардам беришет деп умут кылам
+17
Naimankaravat
2022-02-15 11:04:19
sumaya,ооба менда ыйлап окудум,аялдын орду башка барибир Аллахым кошкондорду бири биринен ажыратпасын балдар бактылуу болушсун .
+5
serche
2022-02-15 18:36:55
Кудайым сизге куч-кубат берсин. Ылайым 2 кызыныздын убайын корунуз.
+4
Sakubek
2022-02-16 00:37:13
ЭЛСОМ же Мбанк ачсаңар. Эл телефондон эле которгудай кылып. Банкка барганга көбүнүн убактысы жок да
+4
№ 1001, 11-17-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан