Идиш жууган губканы микротолкундуу мешке салып, 2 мүнөт эң жогорку градуста ысытыңыз. Жыйынтыгында губкадагы 99 пайыз микроб-бактериялар “өлөт”.
Электр мешинде эт азыктарын бышырууда эт күйүп кетпесин жана ширелүү болсун десеңиз, чакан идишке суу куюп табадагы эттин ортосуна коюп коюңуз.
Көмөч казандагы ысыган май чачырап тегеректи булгап жана колду күйгүзбөсүн десеңиз, казандагы майга бир аз туз себелеп коюңуз.
Ачыткыга камыр жууруп баштаганда сууга бышкан картошканы майда сүргүчтөн өткөрүп камырга кошуп жиберсеңиз, камырыңыз жумшак болуп, оңой көтөрүлөт.
Нан жасоо үчүн жуурулган камырга түтүк түрүндөгү макарондон 4-5 даана сайып койсоңуз, камыр эрте көтөрүлөт.
Чайнек кебер болуп тажаттыбы? Аны тазалаш үчүн теңме-тең өлчөмдө суу менен уксусту аралаштырып, чайнекке куюп, бир түн коюп коюңуз. Эртең менен чайнекти жууган жеңил болуп калат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.