«УШУЛ ЫР МАГА СЕНИ ЭСТЕТЕТ»

Өттү мезгил, сен өчпөдүң, сен өчпөдүң көңүлдөн,

Жүрөгүмдөн орун алдың, орун алдың өмүрдөн.

Недир билбейм, түштө бирге, түштө бирге жашайсың,

Эске салып күндөрүмдү, эске салып күндөрүмдү, эске салып күндөрүмдү көрүндүң...

Унаамда адаттагыдай бул ырды жаңыртып, өзүм да үнүмдүн барынча кошулуп ырдап бүгүн дагы тоо тарапка жөнөдүм. Бул ыр биздин сүйүү гимнибиз эмес беле. Угуп калганыңда сен мени эстээр бекенсиң деп көп ойлоном. Биз ал кезде бул ырды Султан Каримов менен Каныкей Эралиеванын аткаруусунда укчубуз. Сен текстин жазып келип, экөөбүз жаттап, бирге ырдап калчу эмес белек. Андан бери көп убакыт өтсө дагы ал күндөр кечээгидей эсимде, бүгүнкүдөй көз алдымда.

Мен деп тээ алыскы кыштактан борборго барган чабандын уулу, сен болсо шаарда өскөн мамлекеттик кызматкердин жалгыз кызы. Бир карасаң ал кезде кайнаса каныбыз кошулбай турган көрүнүш. Бирок бизди студенттик күндөр табыштырды. Досум менен окуу жайыңарга барган сайын сыртыңдан карап суктанып алар элем. Атыңдын Жанара экенин билчүмүн. Бир күнү досумду издеп аудиторияңарга барсам сен сабак жазып жалгыз отуруптурсуң. Жаныңа бардым.

– Жанара?- үн каттым.

– Эмне керек эле?- деп мени сустая карадың.

– Алибек...

– Аа, ал бүгүн келген жок,- деп кайра китебиңе үңүлдүң эле, мен бир нерселерди сурап жатып сенин тилиңди таап алдым. Ошол күндөн кийин себепсиз эле силердин окуу жайга каттай баштадым. Майда кадамдардын аркасында биздин сүйүү баяныбыз башталды. Ойлосом, жакшы күндөрдү өткөрүптүрбүз. Мамилебиз 3 жылга созулду, мен окууну бүтүп сени айылга алып кетем дедим. Ата-энең көнгөн жок, үйүңө мени ээрчитип барганыңда атаң “бизди танда же тоодон кечээ эле түшкөн ушул жигитти ээрчип кет да, бизди унут” деди менин көзүмчө. Көп узабай сенин каршылыгыңа карабай өздөрү теңдүү үй-бүлөгө турмушка берди, мен болсо айылыма келип мектепке мугалим болуп кирип, айылдаш кызга баш коштум. Ошентип тагдырга моюн сунуп ар кимибиз өз арабабызды тартып калдык. Кийин көрүшүп калсам деп шаарга келген сайын сени издей берчүмүн. Тайпалаш, досторуңдан көп эле сурадым. Алар менен катташпай калыптырсың. Анан эле жолдошуңдун ишине байланыштуу орус жергесине кеткениңди эшиттим.

“Сен менин түшүмсүңбү?” деген ырдын азыр телефонумда 3 варианты бар. Кайталап угуудан тажабайм, жалгыз болгондо кошулуп заңкылдап ырдап алам. Унаама түшкөндөр менин бул ырды уга бергениме көнүп деле калышкан. Талант Кадыров менен Айя Садырова, анан эле Токтобек Асаналиев менен Миргүл Асаналиева ырдабадыбы. Ушунчалык кубандым. Өчүп бара жаткан сүйүүбүз тутангансып жаш баладай кудуңдап сүйүнүп, кайра-кайра кайталап угам. Уккан сайын биздин баягы бактылуу күндөрдү шурудай тизмектеп көз алдымдан өткөрөм. Жаңыланып ырдалганда элдин баары эле бул ырды угуп калбадыбы, ошол кезде сен деле угуп мени бир эстесең керек, ээ?.. Балким, сен дагы ушул күндөрдө мага окшоп бул ырды көп угаттырсың.

Сүйүү деген ушул көрүнөт. Үй-бүлөм, бала-чакам, бактылуу турмушубуз бар. Сенин дагы башка бирөөнүн бүлөсү экениңди билем. Бирок жүрөгүмдөн чыгарып сала албайм. Сени дайыма өзүм менен алып жүргөнүмдү ойлогонумда Элмирбек Иманалиевдин “Жар болуп жашап андасың, жан болуп жашап мендесиң” деген эки сабын эстейм. Жашоодо адамдын адамдан айрылуусунун эки жолу бар эмеспи, убактылуу кандайдыр бир убакытка чейин же түбөлүккө кайра кайткыс болуп ажырашасың. Балким, бир күнү жүз көрүшөрбүз, балким, түбөлүк көрүшпөйбүз. Биз турмушта бирге болбосок дагы, ырларда, жүрөктөрдө биргебиз...

“Супер-Инфонун” сайтын Орусиядагы мекендештер көп окушат дегенди угуп, бул катты атайын сага жаздым. Бул жазганымды окуганыңда сөзсүз мени эстээриңе ишенем, анткени катка ошол кездеги кат алышкан белгибизди калтырдым.

Ж+Ж.
Жайдарың

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Turdueva
2022-02-14 18:39:27
Даааа
-1
№ 1001, 11-17-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан