ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

Европа

КАРДЫН АЙЫНАН АВИАКАТТАМДАР ТОКТОТУЛДУ
Европада суук болуп, кардын оор түшкөнүнө байланыштуу жүздөгөн авиакаттамдар токтотулду. 1-декабрдагы маалыматка караганда, 29-ноябрдан бери кардын жаашы токтой элек. 1-декабрда Лондон, Варшава, Эдинбург, Мюнхен, Амстердамдын аэропортторунан учактар учкан жок. Франкфурттун өзүндө эле 300 рейс артка жылдырылган.
Бурганактуу калың кар Испания менен Португалияда да жаап жатат. Англиянын түндүгүндө мектептер 2 күнгө жабылып, 1-декабрда гана окуу улантылды. Катуу шамал менен кардын айынан Европада автокырсыктар да көбөйдү.

Перу

ПЕРУДА ЖАПАЙЫ УРУУЛАР ТАБЫЛУУДА
Перунун антропологдору Улуттук парктын үстүнөн учуп баратып, жапайы адамдарды байкашкан. Буга чейин аларды эч ким билген эмес. Изилдөөчүлөр жерге конгондо тигилер анык жапайы экенин көрүшкөн. Урууда 12 адам бар жана алар илгеркидей жаа колдонуп, чөптөн жасалган 3 хижинада жашашат.
Изилдөөчүлөр "Перуда цивилизациядан алыс жапайы уруулардын саны 15ке жетет, дагы табылышы мүмкүн" дешет.

Америка

2010-ЖЫЛДЫН ЭҢ МЫКТЫ ОЙЛОП ТАБУУЛАРЫ
Америкалык "Time" журналы 2010-жылдын 50 мыкты ойлоп табуусун жарыялады.
Мисалы, “Мыкты унаа” наамына учуучу Terrafugia Transition автомобили көрсөтүлдү. Муну башкаруу үчүн айдоочулук укук менен учкучтун күбөлүгү керек.
“Мыкты камерага” болсо кулакка бекитилип коюлуучу Looxcie камерасы илинди.
Тизмеге илинген ойлоп табууларга: күн батареясы менен иштеп, 15-25 чакырым жүрүүгө ылайыкташкан эң жеңил Antro Solo машинасы; 8 миллион 700 миң желим бөтөлкөдөн курулган парустуу яхта; реактивдүү кыймылдаткычы бар асма сумка (ээсин 2,5 чакырым бийиктикке дейре көтөрүп, 30 мүнөт уча алат); лабораторияда өстүрүлгөн өпкө (кадимки өпкөгө 95 пайыз окшош) жана башкалар кирет.

МЕДВЕДЕВ МЕНЕН ПУТИН ЛАКАП АТТУУ БОЛУШТУ
Америкалыктар ички өкмөттүк документтерге таянып, Медведев менен Путинге жагымсыз лакап аттарды коюшкан. Бул үчүн Вашингтон учурда экөөнөн кечирим суроодо. Алып айтсак, Медведевди "бозоргон, чечкинсиз", ал эми Путинди "башкы эркек" ("альфа-самец") деп аташкан.
Мындан тышкары АКШнын дипломаттары Медведевди "Путиндин саясий барымтасы" деп эсептешери жарыя болгон.

Англия

ЖОГОЛУУ АЛДЫНДА ТУРГАН ӨЗГӨЧӨ ЖАНЫБАРЛАР
Британиялык окумуштуулар жоголуп кетүү коркунучу алдында турган 100 түрдүү жаныбардын тизмесин түзүп чыгышты. Алардын окшош “туугандары” да жок болгондуктан, кокус жоголуп кетишсе, анда келечектеги муундар аларды сүрөттөрүнөн гана көрүп калышат. Бул адамзаттын табиятка жасаган дагы бир кыянатчылыгы болот.
Тизмедегилер: узун мурундуу ехидна, кыска бойлуу, 3 манжалуу жалкоо саола (Азия бир мүйүздүүсү), вари лемуру, Азия тапири, кичине бойлуу галаго, кытай кескелдириги, кыска бойлуу гиппопотам, ичке лори, эки өркөчтүү төө (бактриан) жана башкалар бар.
Булардын ичинен эң эле кызыктуусу – дарыя дельфини. Ичке, узун мурундуу бул дельфиндер сокур болушат жана сууда капталынан, чалкасынан сүзүшөт.

Кытай

ХИРУРГДАР КЫЗДЫН КОЛУН БУТУНА ТИГИП, САКТАП КАЛЫШТЫ
9 жашар кыз Мин Ли 2010-жылдын июлунда мектептен үйүнө келе жатып трактор алдында калган. Натыйжада сол колу түбүнөн жулунуп кеткен. Кызды Чжэнчжоу шаарынын ооруканасына алып барышкан. Оор жаракатка кабылган колду ошол замат ордуна коюп, жашоого мүмкүн эмес эле. Андыктан кол жаракаттан айыгып, калыбына келсин үчүн аны хирургдар кыздын оң бутуна, кан тамырларга бириктирип тигип коюшкан. 3 айдан соң колду ордуна салышты. Учурда кыз колун бир аз кыймылдата алат. Эмки жылы кызга дагы 2 операция жасалат: колдун кыймылын толугу менен калыбына келтирүү жана тырыктарды жок кылуу (пластикалык операция) максатында.

Египет

АКУЛА ОРУСИЯЛЫК 4 ТУРИСТТИ ТЫТЫП КЕТТИ
Египеттин Шарм-эль-Шейх курортунда орусиялык туристтер акулалардын кол салуусуна дуушар болуп, натыйжада экөө колсуз калышкан. Оор абалдагы экөөнү тезинен Каирдеги мыкты делинген ооруканага жеткиришкен. Күбө болгондордун айтымында, акула чоң болгон жана окуя пляждан 5 метр алыстыкта эле өткөн.

Германия

КЫЗЫКТУУ ЭНЦИКЛОПЕДИЯ
Германиялык окумуштуу Герхардт Мюллер дүйнөдөгү кызыктуу делинген жер-суулардын, тоолордун энциклопедиясын түздү. Анда аталыштар эмнени билдирери да камтылган.
Мисалы, "Арктика" темасына кайрылсак, бул аталыш байыркы гректердин "арктос" – "аюу" деген сөзүнөн келип чыкканы белгиленген. Андан ары "байыркы грек деңиз саякатчылары түндүккө саякат жасаганда, Чоң жана Кичи Аюу жылдыздарына (бизде бул жылдыздар Чоң жана Кичи Жетиген деп аталат) карап багытты аныкташкан. "Арктос" аталышы ошондон калган болсо керек. А мүмкүн, аюулар көп болгондуктан ошондой аталып калгандыр" деп кошумчалайт.

Финляндия

ЭКИНЧИ "ТИТАНИК" ЖАСАЛДЫ
"Royal Caribbean" компаниясында жасалган "Allure of the Seas" саякат кемеси октябрдын аягында колдонууга берилген. "ХХI кылымдын "Титаниги" атка конгон кемеде жүргүнчүлөр үчүн 16 палуба, 2700 каюта, сырткы оюн аянтчасында чоң корт бар. Анда волейбол, бадминтон, баскетбол ойноого болот.
Лайнер бортуна 6300 жүргүнчүнү жана команданын 3000 мүчөсүн батыра алат. Кемеде муз айдыңы да, мюзикл жана акробатикалык шоу көрүүчү жай да орун алган.

Айганым Байдөөлөт кызы
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Mellisa
2010-12-04 23:27:28
Kap,byltyry ele kurulganda ushu keme,"Ekinchi Titanik" menen sayakattap kalmak belem.Sonun
0
ultramarynA
2010-12-05 13:40:17
Мюнхенди Мюнхень деп, коаланы соала деп туура эмес жазышыптыр...
0
Jekintay
2010-12-06 10:16:27
Сага окшогон кыйындар иштебейби анан!
0
sulusha
2010-12-07 00:42:17
tuura ele jazylyp turat go,Muenchen,koalalar?je ongdop koiuwtubu?
0
№ 422, 3-9-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан