Жакырлыгына карабай эли бактылуу НЕПАЛ өлкөсү

Намасте! Окурманым, бүгүн сиз менен непалдыктарча учурашкым келди. Анткени азыр чогуу Непал өлкөсүнө саякатка чыгабыз. Бул өлкөдө дээрлик ар бир жаран өлгөндөн кийин сөөгүнүн өрттөлүшүн кыялданат, бул өлкөдө кыздар 3 күйөөгө тийишет, кыскасы, ушундай кызыктарды камтыган, айрым салттары таң калтырган Непал өлкөсү тууралуу айтып беребиз.

Борбору – Катманду шаары

Аянты 147 миң 516 чарчы чакырым

Калкынын саны30 миллион (2022-жылга карата)

Башкаруу формасы парламенттик республика

Акча бирдиги непал рупийи

Расмий тилинепал тили

АЛЬПИНИСТТЕРДИ ӨЗҮНӨ ЧАКЫРГАН ӨЛКӨ

Непал – Гималай тоо системинин борбордук бөлүгүндө жайгашкан Түштүк-Азиядагы тоолуу мамлекет. Индия жана Кытай менен чектешет. Өлкөнүн аймагынын 40 пайыздан ашыгы 3000 метрден жогору жайгашкан. Өлкөдө банан, пальма, кактус, бамбук, акация жана башка өсүмдүктөр өсөт. Жакыр мамлекеттердин катарына кирет. Экономикасынын негизин айыл чарбасы түзөт. Кирешенин башкы булагы – туризм, анын ичинен альпинизм. Туристтик өлкө болгондуктан көпчүлүгү англисче сүйлөй алышат. Көпчүлүк коноктор Индиядан, Кытайдан, Евросоюзга кирген өлкөлөрдөн, АКШ, Австралиядан барышат. Бул өлкөнүн бай жаратылышы, салттары жана маданияты гана туристтерди кызыктырбастан, булутка оролгон тоолор, бийик чокулар дүйнөнүн бардык бурчунан альпинисттерди өзүнө чакырат.

Непал текстиль буюмдарын, чай, төө буурчак, дары чөптөр, имбирь, сувенирлер жана башка буюмдарды экспорттойт.

Жашоо шарты боюнча эл байлар, кедейлер, орто жашагандар болуп бөлүнөт. Орто жашагандар калктын 60 пайызын түзсө, кедейлер 25 пайызды, байлар 15 пайызды түзүшөт.

ҮЙДӨ БИРӨӨ КАЗА БОЛСО ЭРКЕК КИШИ ЧАЧЫН КЫРДЫРАТ

Непалдыктардын айрым салттары бизди таң калтырышы мүмкүн. Мисалы, дээрлик ар бир непалдыктын кыялы – өлгөндөн кийин сөөгүнүн өрттөлүүсү. Өлкөдө калктын басымдуу бөлүгү индуизм динин тутушат. Индуисттер реинкарнацияга ишенишет. Ишенимге караганда, өлгөндөн кийин ал кайрадан жаныбар же өсүмдүк болуп жаралып калуусу мүмкүн. Ал эми анын сөөгү ыйык делген Пашупатинатх храмында өрттөлсө, ал кайрадан адам болуп жаралат деген кепилдик бар. Бир адамды өрттөө үчүн болжол менен 20 миң непал рупийи (14 миң сомдой) керектелет. Бардык эле непалдыктар кайрадан адам болуп жаралууга кепилдикти сатып ала алышпайт.

Үй-бүлөдө бирөө каза болсо үйдөгү бир эркек киши чачын кырдырып салат, бирок кежигесине бир тутам чач калтырып коёт. Атасы каза болсо, анда үйдөгү улуу уулу, апасы болсо, кичүү уулу, аялы өлсө, күйөөсү чачын алдырат. Бул аза күтүүнүн белгиси.

КУДАЙ ЖАШ КЫЗДАРДЫН ДЕНЕСИНЕ КИРИП КЕТЕТ ДЕП ИШЕНИШЕТ

Непалдыктар ачык, боорукер адамдар. Бул өлкөдө адамдар кедейлигине карабай бактылуу. Эч ким урушпайт, алдабайт, жинденбейт, кылмыштуулуктун саны аз. Мунун себеби алардын дининде. Алар бул жашоодо жакшы иштерди кылса, кийинки жашоодо жакшы шарттарда төрөлүп жашаарына ишенишет. Ошондукткан непалдыктардын жашоо маңызы – карьера же пентхаус, яхталар эмес, кийинки жашоосун камсыздоо.

Непалдыктар Талежу Кудайы жаш кыздардын денесине кирип алат деп ишенишет. Денесине Кудай кирип алгандар кумари деп аталат. Кыздар этек кири келери менен кумари болбой калышат. Анткени денесинен кан чыкканда Кудай ал денеден чыгып кетет деп эсептелет. Ошол себептүү дагы кумарилердин бутун жерге тийгизбей дайыма көтөрүп жүрүшөт. Кумарилер 3-6 жаштардагы кыздардын арасында невари элинин шакья уруусунан тандалат. Аларды дин кызматкерлери денесинен эч качан кан чыкпаганына, кыздын бардык тиштери толук болушуна, жылдыз белгиси, үнү, сырткы келбети жана башка сапаттарына карап тандашат.

Индуист үй-бүлөлөрдө сати аталышындагы салт болгон. Салтка ылайык, күйөөсү өлгөн аял күйөөсү менен кошо өрттөлгөн. Ушундан качуу үчүн невари эли кыздарын 3 күйөөгө бере башташкан. Кыздар 5-11 жаштарында Баэль аталышындагы дарактын мөмөсүнө, күнгө күйөөгө тийишет, андан кийин гана эркек кишиге турмушка чыгышат. Мөмөгө тийгенинин себеби – Вишну Кудайы ошол дарактын кейпин кийип алган деп эсептешет.

Кызыктуу фактылар

  • Непалда унаа сатып алуу үчүн өтө бай болушуң керек. Индияда 10-15 миң доллар турган унаа Непалда 60 миң доллар турат. Анткени унааны өлкөгө алып кирүү үчүн 222 пайыз бажы пошлинасын төлөө керек. Мындай мыйзамды непал бийлиги жолдордогу тыгынды азайтуу үчүн киргизген. Бирок тыгын азайган эмес, эл унаа ордуна мопеддерди тээп башташкан.
  • Желеги төрт бурчтук болбогон жалгыз өлкө.
  • Непалдагы Лукла аэропорту дүйнөдөгү эң коркунучтуу аэропорттордун бири катары таанымал. Ал деңиз деңгээлинен 2845 метр бийиктикте жайгашкан. Аэропортто учуп-конуучу тилке 527 метрди түзүп, тоонун эңкейишинен башталып, бийиктеп кетет. Экинчи жолу айланууга мүмкүнчүлүк жок. Аба ырайы бул аймакта тез өзгөрүп тургандыктан конуу же учуу дайым эле жеңил боло бербейт.
  • Уйдун этин жешпейт, анткени уй Индиядагы сыяктуу эле ыйык жаныбар деп эсептелет.
  • Непалда Жаңы жыл 14-апрелде белгиленет. Өздөрүнүн календары боюнча азыр ал жакта 2078-жыл.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1002, 18-24-Февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан