БЕТТИ ТУНУК, ЖЫЛМАКАЙ АЛЫП ЖҮРҮҮ ҮЧҮН...

Бет териңиз сезимталдуулугун жогорулатып кызарып, кургап, же майланышып безеткилер чыгып, каралжын тартып өңүн өзгөртүп жатса, демек, жардамга муктаж. Ушул учурда кандай ыкмаларды жасап тунук, жылмакай жүздүү болобуз? Бул тууралуу косметолог
Алина Орозова кеңеш берди.

Сууктан коргоо. Нымдаштыруучу кремдин ордуна азыктандыруучу кремди колдонуу кажет. Кремге чейин сөзсүз түрдө сыворотка жана көздүн айланасына коюлуучу крем колдонуңуз. Булар бет терисинин үстүнкү катмары болгон эпидермисти ысык, сууктан, чаңдардан коргоочу пленка болуп берет. Ошондой эле терини жакшы нымдаштырып, бырыштардын алдын алат.

Ысыктан коргоо. Ысык маалда нымдаштыруучу кремге өтүп, үстүнөн SPF крем коюлат. SPF кремди бет териңиздин өңүнө жараша тандап алыңыз. Ак жуумалдарга SPF 40-50, буудай ыраңдарга SPF 30, кара торуларга SPF 15-20 сунушталат.

Агрессивдүү тазалоодон качуу. Бетим майланышып жатат же кирдеп кетти деп кир жуучу самынды, жышыгычты колдонушат. Кир самындардын курамында щелоч көп, ал кийим же башка нерседеги кир, майларды кетирүүгө арналган. Бет териси назик болгондуктан мындай тазалоодо тери сезимталдуулугун жогорулатып ачышат, кургайт, анын коргоо функциясы начарлайт. Ошондуктан бетти жууп тазалоодо атайын көбүкчө, гидрофилдүү май, гелдерди гана бет терисинин тибине жараша тандап колдонуу кажет.

Үй шартында тазалоо, азыктандыруу, кам көрүү...

Аптасына бир жолу пилинг-скатка менен тазалап, маска коюп туруу кажет. Пилинг-скатканы теринин тибине жараша пайдаланабыз. Эгер бет териңиз кургак, аралаш болсо жука сүртүп бир мүнөттөй массаж жасап жууп салыңыз. Майлуу болсо көбүрөөк массаж жасап, анан жууп саласыз. Андан соң бет тибине жараша жасалган маскадан же кездеме маскасын 15 мүнөт коюп, жууп салуу керек. Кээ бирлер масканы коюп 1-2 сааттап жүрө беришет, күнүгө коюшат, бул туура эмес. Мындай кылуу менен бет терисине тескерисинче зыян келтирип алышат.

Картаюу биологиялык процесс, бирок эрте бырыш түшүп, бет терисинин шалбырап түшүүсүнө жол бербөө керек. Демек, кан айлануунун жакшырышы, жаңы клеткалардын иштелип чыгышы үчүн, бырыштардын алдын алуу жана кетирүү үчүн, теринин эрте шалбырап калбашы үчүн укалоону адатка айлантуу керек. Мындай укалоонун түрлөрүн социалдык тармактардан, сайттардан карап бет териңизге туура келген табигый майлардан сүйкөп жасап туруңуз.

Үй шартында кам көрүү менен жакшы натыйжага жетүүгө болбойт. Бет териңиз өзгөргөн-өзгөрбөгөнүн билип, абалына жараша кандай аракеттерге өтүү керектиги тууралуу кеңеш алуу үчүн косметолог, дерматологго кайрылып тазалатып, пилинг, массаж, маска жасатып туруу менен бет терисин жумшак, жылмакай, тунук сактай аласыз.

Профессионалдуу тазалоо. Бет терисин тазалатуунун сезону жок. Бет териси ашыкча майланышып, өңү бузулуп, тешикчелер май, кирге толуп, безетки чыгып жатканда эле косметолог, дерматологго кайрылып тазалатып туруу сунушталат. Ар бир адамдын бет териси индивидуалдуу, иштеген, жашаган жерине байланыштуу тазалоо убактысы ар кандай болот.

Тазалоонун түрлөрү бар, териңиздин тибине жараша косметолог алардын бирин жасайт. Алсак, аралаш тазалоо – мунун ичине механикалык жана ультра үндүү тазалоо кирет. Гидро тазалоо деген да бар. Аралаш тазалоо бардык типтеги териге жасала берет. Гидро тазалоо ыкмасы менен ультра үндүү тазалоо кургак жана көйгөйлүү типтеги бет терисине жасалат. Эгер безетки көп чыгып, аллергия болуп жатса алгач дерматологго кайрылып, себебин билип дарылануу кажет.

Пилинг. Теринин үстүнкү катмарындагы өлгөн клеткаларды кетирип, терини тегиздейт, теринин жакшы дем алуусун шарттайт. Пилингдин да тазалоочу пайыздык өзгөчөлүктөрү бар. 70, 50, 30 пайыздык пилингдер бар. Алсак, 30 пайыздык пилингди күн ысык маалда деле жасоого болот, бирок сыртка көп чыкпастан, бетти күндөн коргоп жүрүү сунушталат. Корей кыз-балдарынын беттери эмне үчүн тунук, жылмакай? Алар тазалоо, пилингди дайымкы адат катары кабыл алышкан, үй шартында да жасап турушат.

Кыска кеңештер

• Косметологиялык процедураларга 16 жаштан баштап баруу сунушталат.

• Өз курагыңыздан жаш көрүнүү үчүн тоналдык кремдин ордун ВВ, СС кремдер менен алмаштырыңыз.

• Сулуулук – бул жуунгандан кийин да сулуу калуу.

• SPF кремди тандоодо SPF + PA (PDD) белгиси барын тандасаңыз, терини көп тараптуу коргойт.

• Бетибиз – визиттик карточкабыз.

• Туура тамактануу – бул кулпурган жүз.

• Нымдаштыруу – жаштыкты сактоочу эң негизги этаптардын бири.

• Патчтарды муздаткычка сактоого болбойт.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1002, 18-24-Февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан