КЫЛМЫШТАР: СОТ ЧУУЛУУ ИШТЕРДЕ КАНДАЙ ЧЕЧИМ ЧЫГАРДЫ?

Буга чейин гезитибизге кылмыштуу окуялар боюнча бир топ макалалар жарыяланган. Бул жолу ошол окуялардын айрымдарына кайра кайрылып, чуулгандуу иштердин аягы эмне болуп бүткөнүнө кызыктык. "Баягы окуянын аягы эмне болуп бүттү экен?" деген суроо сизде да болсо, анда жооп төмөнкү макалада.

13 ЖАШАР КЫЗЫН 2 ЖЫЛ ЗОРДУКТАП ЖҮРГӨН АТА 15 ЖЫЛГА КЕСИЛДИ

“Супер-Инфонун” №984 санында “Мурун аялын өлтүргөн эркек эми кызын зордуктады” деген аталышта макала жарык көргөн. Анда 54 жаштагы киши 13 жашар кызын 2 жыл бою зордуктап жүргөнү, ал киши мурда өз аялын өлтүрүп 16 жылга кесилгени, бирок жазасынын 8 жылын өтөгөндө апасы “мен карып калдым, атасы балдарын өзү баксын” деп тийиштүү документтерди чогултуп баласын абактан бошотуп алганы жазылат. Кыздын зордукталганын алгач эжелери билип калып, укук коргоо органдарына кайрылышкан. Аталган окуя боюнча күнөөлүү аныкталып, мыйзам алкагында жазага тартылды. Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы буларды билдирди: “Жумгал райондук сотунун 2021-жылдын 29-ноябрындагы өкүмүнө ылайык, шектүү Кылмыш кодексинин 161-беренесинин 4-пункту боюнча аталык укугунан ажыратылып, күчөтүлгөн тартипте 15 жылга эркинен ажыратылды".

“СУТЕНЁРУМ ЭКӨӨБҮЗ ЖИГИТТЕРДИ “ПОДСТАВА” КЫЛЧУБУЗ” ДЕГЕН КЫЗДЫН ИШИ КЫСКАРДЫ

Гезитибиздин №994 санында “Сутенёрум экөөбүз жигиттерди зордуктады деп “подстава” кылчубуз” деген аталышта макала жарык көргөн. Макалада 23 жаштагы Айдай 14 жашынан бери сойку болуп иштегенин, Г.Ш. аттуу аял экөө бейкүнөө жигиттерге “зордуктады” деп доо коюп, акча өндүрүп жүргөнүн айтып чыккан. Ал бир нече жигитти тузагына түшүрүп, сутенёру “кыздын таежеси болом” деп, айыпталган жигиттердин ата-энесинен акча өндүрүп иштегенин да жашырган эмес. Зордуктады деген жигиттердин бири күнөөсүз эле 1 жылдан ашык абакта отуруп чыкканын ачыктаган. Бул иш боюнча Айдайдын жактоочусу Шердор Абдыкапаров: “Ленин РИИБинин тергөөчүлөрү "кылмыш ишинин эскирүү мөөнөтү аяктаганына байланыштуу материал токтотулууга жатат" деген негизде ишти кыскартып коюшту. Бейкүнөө абакта отуруп чыккан баланын ата-энеси да “Кудайга койдук, баарын Кудай жазалайт” деп арыз жазуудан баш тартып коюшканынан иш кыскарып кетти”,- деп билдирди.

КЫЛМЫШКА ШЕКТЕЛГЕН АДАМ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГЫП КЕТҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛЫП ЖАТАБЫ?

Гезитибиздин №983 санында “АКШ, Европада жумушка орноштурабыз деген шылуундардын торуна түштүк...” деген аталышта макала жарык көргөн. Анда чет өлкөдөн жакшы маяналуу иш убадалап, акчасын алган соң аларды сызга отургузуп кеткен ортомчу фирмадан жабыр тарттык дегендер тууралуу сөз болот. Айрым жабырлануучулар ортомчу фирма жасап берген жасалма документ менен чет өлкөгө барып абакта отуруп, кайра өлкөсүнө депортация болуп кайтышканын айтышкан эле. Окуя боюнча Ленин райондук соту учурда териштирүүнү улантып жатканы белгилүү болду. Жабырлануучулардын бири редакциябызга кайрылып “сот иши бүтө элек, бирок шектүү Улан мырза үй камагына чыгып кетүүгө аракет кылып жатат, соттун адилеттүү чечимин күтүп жатабыз” деген нааразы пикирин билдирди.

ОРУСИЯДА БЫЧАКТАЛГАН КЫРГЫЗ КЫЗЫНЫН ИШИ СОТКО ӨТТҮ

Гезитибиздин №977 санында “Абадан кере-кере жутуп жан бериптир...” Москвада бычакталып каза тапкан 19 жаштагы кыздын апасы адилеттик издейт” деген баш сөз менен макала чыккан Окуянын жыйынтыгы боюнча маркум кыздын апасына байланышканыбызда буларды билдирди: “Тергөөчү менен байланышып турам, иш сотко өттү. Бирок кайсы күндөрү отурум болору азырынча белгисиз. Тергөөчүгө “мен кызымды өлтүргөн зөөкүрдү көрүшүм керек, сүрөтүн жибергиле” десем “көрөсүз, сот башталганда көргөнгө жетишесиз” деп койду. Күтүп жатабыз”.

“ӨЗ КЫЗЫМ ТАРАБЫНАН САБАЛДЫМ” ДЕГЕН ЭНЕ КАЗА БОЛДУ

Гезитибиздин №990 санында “Майып эне өз кызы тарабынан токмоктолдубу?” деген аталышта макала жарык көргөн. Анда биринчи топтогу майып, 71 жаштагы Айганыш Жапарова аттуу эне “кызым мага тирүүлөй тозокту көрсөттү” деп айтып, денесиндеги көк ала тактарын көрсөткөн эле. Аталган иш боюнча Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы 75-берене (үй-бүлөлүк зомбулук) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын билдирген. Жабырлануучунун сиңдиси Гүлганыш Жапарова: "Эжекем 13-декабрь күнү ковидден ооруканада жатып каза болуп калды. Сот иши Жоруктар кодекси менен каралды, эски мыйзам боюнча, Жоруктар кодекси менен катталган иштерге кылмыш иши козголбойт экен. Ошого кылмыш ишине кирбейт деп ишти жаап салышты",- деп билдирди.

2 ЖАШАР БАЛАНЫН САБАЛЫШЫ: АТА-ЭНЕЛИК УКУК ЧЕКТЕЛДИ

Гезитибиздин №1001 санында “2 жашар бала сабалып, ооруканада жатат. “Балабызды кожоюн буга чейин да сабап жүргөн” дейт ата-энеси” деген аталыш менен макала жарыяланган. Анда 2 жашар бала аёосуз сабалып, ооруканага түшкөнү тууралуу айтылат. Наристенин атасы баласы буга чейин да иш берүүчүсү тарабынан кордолуп жүргөнүн ачыктаган эле. Көп өтпөй баланын энеси Алёна Чумакова редакциябызга шектүүнү жактап, күйөөсүн күнөөлөп сүйлөп видеокайрылуу жөнөттү. Ал: “Жолдошум калп айтат, баламды биздин кожоюн урган эмес, тескерисинче, ал бизге каржылык жактан колдоо көрсөтүп турду. Баламды ооруканада карап жатсам Өзбекстандан кайненем учуп келип, жолдошум экөө мени палатадан кууп чыгышты”,- дейт. Балдардын укуктарын коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова: “Баланын мындан аркы жашоосун аныктоо үчүн Сокулук районунун балдар иштери боюнча комиссиясынын жыйыны өттү. Биз анда сабалган баланын ата-энесинин жана чоң энесинин пикирин уктук. Жыйынтыгында анын ата-энесинин укутарын чектөө жана балдарды убактылуу чоң энесинин карамагына өткөрүп берүү чечими кабыл алынды”,- деп билдирди.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1002, 18-24-Февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан