ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 21-февралдан 27-февралга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Аптада күтүүсүз жагдайларга даяр болуңуз, сизди кубанткан да, капаланткан да кабар угушуңуз мүмкүн. Чөйрөңүздөгүлөр сиздин тарабыңызды жактабай коюшу күтүлөт, андыктан абалдан өз күчүңүз менен чыкканга аракет кылыңыз. Каржы маселесинде тартыштык сезилет. Эс алуу күндөрүн үй-бүлөңүзгө арнап, алар менен көңүлдүү өткөргөнгө аракет кылыңыз, үйдөгү мындай атмосферадан болуп көрбөгөндөй күч, энергия топтойсуз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Көп жылдык карызы барлар, узак убакытка насыя алгандар карызынан кутулуп жеңилдеп калышат. Таасирдүү тааныштарыңыздын жардамы менен буга чейин жабык турган көп эшиктер ачылат. Ишиңиз алдыга жылат. Аптада түрдүү келишимдерге кол коюудан сак болуңуз. Документ иштерине байланышкан жумуштарыңызды кийинкиге жылдырып турганыңыз оң. Үй-бүлөлүү букачарлар түгөйүнө өзгөчө камкор болуп, анын мурун ачыла элек жакшы мүнөздөрүн таап, мамилесин жаңы тепкичке көтөрүшөт.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Бир нерсени демилгелөөдөн чочулабаңыз, жыйынтыгында дал сиз сунуштаган демилге ишке ашат. Аптада өзүңүздү аяп иштебесеңиз, кийинки аптада дээрлик энергия жетишсиздиги байкалып, бат чарчап калышыңыз мүмкүн. Жашооңузда сизге колдоо көрсөткөн адам пайда болот. Апта башында жакындарыңыз менен мамилени солгундатып албайын десеңиз жумшагыраак, сабырдуураак болуңуз. Аларга катуу сын айткандан карманыңыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Аброюңузду түшүргөн ушак-кеп же дарегиңизге айтылган жөнсүз сындарды угасыз. Тууган, тааныш, кошуналар менен баарлашып өзүңүз тууралуу айтылган кептер жөнүндө билүүгө кызыгасыз. Бирок жылдыздар убакытты жөн эле сөз териштирүүгө коротпоону сунушташат. Жакындарыңызга көйгөйүңүздү гана айтпастан, алардын көйгөйүн да угуп койгон туура. Болочоктогу түгөйүн издеген бөйөндөрдүн аракетин аптада ийгилик коштойт.


АРСТАН (23.07-23.08)

Жол эрежесин бузбаганга аракет кылыңыз, бул кеңеш жөө жүргүнчүлөргө да, жеке унаасы барларга да тиешелүү. Каржы маселесинде кризис күтүлөт, акчаңызды үнөмдөп иштетип, үйгө чоң буюм сатып албай турганыңыз оң. Пландарыңыз ишке ашпай, сиз ойлогондой болбой жатса башыңыздагы чар-жайыт ойлорду иретке келтириңиз. Бирөөгө карыз берүүдөн же ортомчу болуп таанышыңыздан акча сурап берип ага жоопкерчилик алуудан оолак болгонуңуз туура.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Акчанын айынан түгөйүңүз менен талашып-тартышпаңыз. Бул маселеде ким көбүрөөк акча тапса, ошонун пикири үстөмдүк кылышы мүмкүн. Жалгыз бой бийкеч айымдар сырдуу мырза менен таанышат, бирок ал мамиле узакка созулбайт, андыктан ага көнүп калбаганга аракет кылыңыз. Үй-бүлө маселесинде сизди тынчсызданткан көйгөйлөр бар, баарын сабырдуулук менен жеңесиз. Эс алуу күндөрү көңүл ачуучу жайларга, кино, концерт, кечелерге баруу сунушталат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Үйдө техника буюмдары бузулуп калса өз билемдикке салып оңдобой, устага көрсөткөнүңүз туура. Болбосо өзүңүз жараат алып калышыңыз мүмкүн. Оңдоп-түзөө иштерин баштабай турганыңыз оң, сизди жумушуңуздан алаксытчу көйгөйлөр чыгат. Апта соңунда суук тийгизип, оору жуктуруп алуудан сак болбосоңуз, дарыгерлердин жардамына муктаж болуп каласыз. Уктоо режимиңизди өзгөртүңүз, жашооңуз дароо жакшы нукка бурулат.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Үй-бүлөлүү чаяндар балдарынын жүрүм-турумуна көңүлү чыкпай, үйдө жаңы тартип орнотууга аракет кылышат. Интернет аркылуу таанышуудан сак болуңуз, сиз таанышкан адам такыр сиздин критерийлерге дал келбей калышы мүмкүн. Аптада сүйүүсүн билдирүүнү, колун суроону, үлпөт той берүүнү пландап жаткан чаяндарды ийгилик коштойт. Эс алуу күндөрүн өзүңүз менен өзүңүз болуп жалгыздыкта өткөрсөңүз, мээңиз сергип, моралдык жактан эс аласыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Каалабаган жумушту жасап көңүлүңүз чөгүшү мүмкүн. Бирок капа болгонго шашпаңыз, ал жумуш үчүн көп акы төлөнүп материалдык абалыңыз жакшырат. Апта ортосунда жумушта да, үйдө да көйгөйлөр жаралып эки жакка чачырап каласыз. Жакын адамдарыңыз сыркоолоп сиздин жардамыңызга, жылуу сөзүңүзгө муктаж болушат. Жалгыз бой жаачылар бул аптада “кызматтык сүйүү” бар экенине ынанышат. Үй буюмдарын сатып алып, бөлмөлөрдөгү эмеректерди жылыштырып үйүңүздү иретке келтиресиз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Мамлекеттик ишканаларда бүтүрчү жумушуңуз болсо кийинки аптага жылдырып турганыңыз оң, себеби көп убакыт керек болот. Студенттер окуусунда мугалиминин сынына кабылышат. Бирок мугалимдин эскертүүсүнө карабай жаңы окуу сабактарын өздөштүрүүнү уланта бергени туура. Өзүңүз бүтүрчү жумушту бирөөгө ишенип тапшырып ага үмүт артып албаңыз, жыйынтыгында ал баары бир өзүңүздөй жасабай турганына ынанасыз. Үй-бүлөлүүлөр жакындарынын колдоосун, жылуулугун сезип, аларга болгон сый-урматы эселеп күчөйт.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Алыска сапар тартканы жаткандардын иши ийгиликтүү болот. Баштаган иши оңунан чыгып, келечекке чоң бизнес ресурсун түптөп алганга жетишет. Аптада сиз жолдуусуз, каалаган жумушуңузду баштап көп киреше тапсаңыз болот. Ата-энеңиз каржылык колдоо көрсөтөт. Кубанычтуу абалдан көккө учуп кетпей, сүйүнүчтү да сабырдуулук менен кабыл алганыңыз туура. Эс алуу күндөрү сизди ийгиликке жетелеген адамдарды ыраазы кылууну унутпаңыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Тобокелчиликке барчу иштерди жасабаңыз, жыйынтыгы сиз күткөндөй болбой калышы мүмкүн. Апта ортосунда түгөйүңүз менен келишпестиктер орун алат, талашып-тартышууну чоң ызы-чууга жеткирбөөгө аракет кылыңыз. Ошондой эле бул апта жарашуу, түшүнүшүүгө ылайыктуу, буга чейин жакыныңызды капа кылып кечирим сурай албай жүрсөңүз аракетти баштай бериңиз. Жалгыз бой айымдар көз кырын салып жүргөн мырза болсо, биринчи сөз баштай берсеңиз болот, анткени ал сиздин белги берүүңүздү күтүп жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1002, 18-24-Февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан