(Башталышы өткөн санда)
Балдарын бала бакчага жеткиргиче Карлыгач жумушуна кечигип калды. Таксиге акчасы жетпейт, айла жок маршруттук каттамга түштү. 10 мүнөттүк жол тыгындан улам жарым саатка созулуп, улам телефонунан саатты карап чыйпылыктаган бойдон жумушуна бара жатты. “Таң атпай кайдагы урушуңду баштабаганда мен кечикпейт элем” деп ичинен жолдошуна ушунчалык жини келди. Жумушка жаңы эле кирсе, минтип кечигип келе жатканы үчүн абдан кыжаалат болду. Маршруткадан түшөрү менен кафени көздөй чуркап жөнөдү. Чакан кафе болгондуктан эки эле официанты бар. Жашыраак эле бала ачыптыр, аты Байыш, өзү кассада отурат. Карлыгач күйүгүп кирип келип кийимин шаша-буша алмаштырып Байыштын жанына келди. Ушул жаш баладан уруш укпасам болмок деп заарканып турду эле. Байыш өзү учураша салды.
– Кандайсыз?
– Жакшы, эме...- деп кечиккенинин себебин айтайын деди эле.
– Киши келди,- колу менен жаңсап четтеги столду көрсөтүп койду Байыш. Кечиккендерди жаман көрө турган Байыш эмнегедир Карлыгачка унчуккан жок.
– Өх,- оор улутунуп жеңилдей түшкөндөй Карлыгач менюну алып жаңы келип отурган кишилерге жөнөдү.
– Саламатсыздарбы?- жылмая учурашып менюну таштап кетип баратты эле:
– Чоң кыз, дароо эле буюртма ала кетсең.
– Макул,- калем сап менен кичинекей блокнотун алып чыгып жазганга даярданды.
– Манты, босо лагман, нан, чай, компот.
– Анан сизден бир жылмаюу,- деп тийишти бири.
Карлыгач унчуккан жок, буюртманы алып басып кетти.
– Көздөрү балбылдайт го, ыя?
– Болду эми, сени ар кимге эле суктантып койсо.
– Менин көзүм менен карай алганыңда сен деле суктанмаксың,- деп экинчиси өзүнчө маашырканып койду.
Карлыгачтын чырайы чынында жолдошу кызгангыдай эле бар. Бул кафеге келген адамдардын көз жаздымында калбайт.
Карлыгач бат эле буюртманы көтөрүп келип калды.
– Даамдуу болсун,- деди тамактарды алдыларына коюп жатып.
– Сиз алып келген тамак даамдуу болот го.
– Ушундайыңды токтотчу, тиги кызды да уялттың,- бири тыйып калды.
xxx
Карлыгачка азыр иш керек. Кафенин кардарлары кандай мамиле жасаса дагы туруштук берүүгө өзүн даярдаган. Бул кишиге окшоп ар кайсыны сүйлөп тийишкендер күндө болот. Билинбей эле жумуш күнү дагы аяктап калыптыр, кечки кезектегилерге ордун өткөрүп берип кетейин деп жатканда жанына Байыш келди.
– Карлыгач, сиз жакшы иштеп жатасыз. Бүгүн күндөгүдөн көп столду тейледиңиз.
– Аракет кылып жатам,- деди ыңгайсыздана.
– Меңиз, бул сизге аванс болсун, айлыкка чейин керектеп туруңуз,- деген Байыш 1000 сомдуктан экини сунду.
– Кой, ишке жаңы эле кирбедимби, иштейин.
– Алыңыз, ишке жаңы киргендерге керек болот да акча.
– Рахмат,- акчаны алып Карлыгач бала бакчага жөнөдү. Албайм деп ыңгайсызданганы менен, ичинен кудуңдап сүйүнүп турган. Чын эле ага акча керек болчу. Жол киреге күндө жолдошунан сурабай, колуна акча тийип калганына кубанды.
Балдарын бакчадан алып дүкөнгө жөнөдү. “Кой, жетпейт, жөн” деп балдарын тыя бербей алардын көздөрүн тойгузуп ар нерсе алып бергиси келди.
– Апа, могуну.
– Мага дагы.
– Чупа-чупс, киндер, алалычы.
– Мага тапанча,- биринен бири өтүп ызылдап ар нерсени айтып кубанычтарында чек жок.
– Дагы дүкөнгө көп ээрчитип келем, азыр буларды алалы,- деп балдарын көндүрүп, үйүнө дагы бир аз азык-түлүк алды. “Муну үнөмдөп жол кире кылып турайын” деп ойлоно арткан 800 сомун чөнтөгүнө салды.
xxx
– Тах, тах, тах,- кызыл-көк жарыктары күйүп-өчкөн тапанчалары менен атышып ойноп жаткан балдар сырттан кирип келген атасына тапанча кезеп тосуп алышты.
– Ой, ий, атып саласыңарбы?
– Атпайбыз, ата, алсаң, экөөбүз атышалы деп улуусу кичүүсүнүн тапанчасын алып атасына сунду.
– Тах-тах-тах,- Марат да балдары менен ойноп кетти.
Карлыгач ашканада тамак жасап жатат. Экөө эртең менен урушкан бойдон сүйлөшө элек. Марат балдары менен ойноп Карлыгачка ооз ачпады, Карлыгач да ашканада бошобой жаткан киши болуп Маратка көңүл бурбады. Экөө тымызын бири-бирин коркутуп отурган кербездери.
Үйдү үч көтөрүп ойноп жаткан жолдошун, балдарын көрүп Карлыгач бир чети сүйүнүп жатты. Бирок анысын билдирген жок.
– Тимеле бала болуп кетесиң да, үйдү жыйнай турган кишиңер бар да, ээ?- деп кеп баштады.
– Бир ойноп койсок эч нерсе болбойт, азыр сага биз деле жыйнашып коёбуз,- Марат өзүнчө жайдары.
– Сага эмне болгон, чаалыгып келчү элең го.
– Акча алдык, ме, насыяңды төгүп сал,- Карлыгачка сунду.
– Азыр акча болбойт деп койду дедиң эле го?
– Өткөндө сураганда ошентип койгон, бүгүн беребиз деп калышыптыр.
– Мага дагы аванс берди, ошого дүкөнгө бара келдик. Тапанча эле деп жатышты эле, ойноп көксөөлөрү суусунчу.
– Ушул айлыктан алып берели деп жаттым эле мен дагы.
– Тамак бышты, балдарды чакыр тамак ичели, мен да сөзгө алаксып кеткен турбаймбы,- Карлыгач дасторконду көздөй жөнөдү.
Акча экөөнү тең жайдары кылды, чукчуңдап бирин-бири сүйбөй урушуп турган эрди-катындын көңүлү бүгүн жай.
xxx
Мындай белектердин далайын алган Айсара кутучага көп деле маани берген жок. Бирок кутуну берип кеткен мырзаны элестеткиси келди, бирок анын кебетеси эстегидей деле көзүнө сүртүлбөптүр. Клубдун баш айланткан жарыгынан тыңыраак көрө деле алган эмес.
– Адаттагыдай эле браслет, чынжырдыр, кыздарды чурулдатпай үйгө барганда ачайын,- деп сумкасына салып койду да, кайра бийлеген бойдон ортого кирип кетти.
Кызга белегин берип чыгып кеткен жигит шефи отурган барга жөнөдү. Шефи мурдагыдан кыйла мас болуп калыптыр. Кээде ушинтип жалгыз отуруп алып ичип калмайы бар. Ичкенде шефи аларды сөгүп калат. Жигиттер шефинин сөккөнүнө деле кайыл, ээрчип жүрүп акча алгандарына эле ыраазы.
– Санжар аке, кеч болду, үйгө барып эс алыңыз.
– Мен эс алышты сенден сураймбы, мадыра баш?
– Булар жабылат экен.
– Андан көрө сен айтчы, сулуу кыз Айсара, эмне болду?
– Бир-эки күндө баары сиз ойлогондой болот.
– Аа, болуптур, анда кеттик,- Тимур тамтаңдай ордунан тура баштады. Эки жигити эки жагынан жөлөп, эсепти жаптырып бардан чыгып кетишти.
Түн бир оокум болуп калгандыктан шаарда кыймыл жайлап калыптыр. Аппак Гелендваген зуулдап жолун улады. Артынан капкара Майбах коштоп келе жатты. Тимур Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаалардын сүйүүчүсү, унаасын алмаштырса дагы башка үлгүгө алмаштырбайт. Мерседести түрлөп айдагандан ырахат алат. Акчасын болсо самандай чачат, шаарда ижарага берилген мекемелери көп, базарда дагы орундары бар. Ижара акыларын чогултуп көңүл ачып жүрө берет.
xxx
Клуб жабылганда араң үйүнө келген Айсара баягы кутуну ача баштады. Чоң деле белек күткөн эмес. Бирок кооз кагазды айрыгандан кийин кутучаны көрүп көздөрү жайнай түштү.
– Айфо-о-он 13?,- Кыз кубанычка мас болду да, калды.
– Кайдан билди экен менин Айфон менен ооруп жүргөнүмдү, кандай жигит алып келди? Элестеткиси келет же элестете албайт.
– Кайдан табар экенмин? Кайра кечээки клубга барсамбы же ал мени тааныйбы?- деп сүйлөнүп жаткан кыздын колуна Тимур деп бадырая телефон номери жазылган кагаз урунду.
– Мына,- кыз кагазды алып көкүрөгүнө басып койду. Терезени караса таң сүрүп келе жаткан экен.
– Чыда, Сара, чыда. Чалууга жетишесиң, азыр укта...- кыз Айфонду кучактаган бойдон керебетине кулады...
(Уландысы кийинки санда)