Пекинде өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарында Кыргыз өлкөсүнүн намысын талашкан жалгыз спортчу, лыжачы Максим Гордеев болду.
Ал 16-февралда слалом дисциплинасы боюнча жарышка түштү. Тилекке каршы, оюн башталгандан көп узабай жыгылып түшүп, андан ары жарышты уланта албай калды. Ал машыгуу учурунда бутун оорутуп алганын, ага карабай мелдешке чыкканын, бирок бут оорусу марага жетүүгө мүмкүндүк бербегенин билдирди. Муну менен Кыргызстан Олимпиада оюндарында ийгилик көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарды.
Максим Гордеев төрт турнирдин көрсөткүчү менен кышкы Олимпиадага катышуу укугуна ээ болгон эле.
Мекендешибиз 1995-жылы Ысык-Көлдүн Каракол шаарында туулган. Лыжа тебүү спорту менен 2010-жылдан бери машыгып келет. Кыргызстандын чемпиону жана спорт чебери, бир нече эл аралык мелдештердин катышуучусу.