Көңүл чордонунда
Өлкөбүздүн көзгө басар эки шаарынын жашоочулары бул аптаны түйшөлүү менен өткөрүштү. Түштүктүн борборунда жүргүзүлгөн операция элди дүрбөлөңгө түшүрсө, ал эми түндүктүн борборундагы жардыруу боюнча кептердин аягы деле сууй элек.
ОШТОГУ ОПЕРАЦИЯ ЭМНЕНИ КАҢКУУЛАЙТ?
29-ноябрь күнү ИИМ башчысы Зарылбек Рысалиев Кыргызстандын айрым аймактарында теракт даярдап жаткан топтун кармалганын билдирген. Маалыматтар боюнча, топ 9 кишиден туруп, арасында кыргыз, өзбек жана орус улутундагылар болгон. Кармоо учурунда алардан жардыргыч заттар жана тапанча алынган. “Бул топтун эл аралык террордук уюмдар менен байланышы жок. Мен өзүм алар менен сүйлөшүп чыктым”,- деген эле министр.
Жогорудагы маалыматты журналисттер дурустап айтууга жана жазууга жетише электе, Ош шаарында 29-ноябрь күнү атайын кызмат менен белгисиз адамдар ортосунда атышуу болуп кетти. Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери кезектеги операция учурунда куралдуу каршылыкка туш келишкен. Анын жыйынтыгында үч террорчу өлтүрүлсө, бирөө өзүн граната менен жардырып жиберген. Расмий маалыматтар боюнча, алар Түркмөнстандын ислам кыймылынын мүчөлөрү болгон. Айтмакчы, граната жардырылган үй мечиттин имамы Фархат Нурматовго таандык болуп чыкты. Ошондой эле операция учурунда үч “альфачы” жана УКМКнын бир кызматкери жаракат алды.
Октун үнүнөн чочуп калган Ош шаарынын тургундары бул күнү дүрбөлөңгө түшүп, “өзбек-кыргыз согушу башталыптыр” деген ушак сөз заматта таркап кетти. Дүрбөлөңдү токтотуу бийликтин, күч органдарынын бир топ убактысын алды.
БИР КҮН ӨТПӨЙ БИШКЕКТЕ ЖАРДЫРУУ
Ош шаарындагы операциянын ызы-чуусу аяктабай жатып, анын эртеси Бишкек шаарында апрель соту өтүп жаткан Спорт Ордосунун жанында жардыруу болду. Кудай сактап, буга чейин саат 9да башталып келген сот иши ошол күнү 1 саатка артка жылдырылган эле. Спорт Ордосунун жардыруу болгон түндүк тарабынан соттолуучулар жана адвокаттар кирип жүрүшчү. Сот иши мурункудай эле саат 9да башталса, жабырлануучулар көп болмок.
Расмий маалыматтар боюнча, жардыруу уюлдук телефондун жардамы менен ишке ашкан. Анын күчүнөн люктун жапкычы 300 метр алыска учуп кеткен. Бул окуянын жыйынтыгында милициянын 2 кызматкери, “Тез жардамдын” 1 жана УКМКнын 1 кызматкери жаракат алды.
Мындай кооптуу окуялар Кыргызстанга АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон келерде биринин артынан бири болуп жатканы шектендирбей койбойт. Бул окуялардын кошуна Казакстанда ЕККУнун чоң жыйыны өтүп жаткан маалга туш келгени да шектүү. Күч структураларынын өкүлдөрү кылмышкерлерди бир туруп “террорчу” аташса, бир туруп “бакиевчилер” дегени да толгон-токой суроолорду жаратат.
Эльвира Караева
politika@super.kg