Акындык Жараткандан келген белек деп билген, өмүр бою аздектеген акын эжебиз Жыпара Исабаева маек төрүбүздө. Эженин баскан жолу, талантка болгон ышкысы, акындык тагдыры тууралуу кеп кылдык.
– Саламатсызбы, колуңузга калем алып, акындык жолго аттангандан бери канча жыл өттү?
– Саламатсыңбы? Бүгүн эле ушул тууралуу ойлодум эле, эң биринчи ырым гезитке чыккан кезде 12-13 жашта экенмин, 40 жылдан ашыгыраак убакыт болуптур.
– Ырларыңызда “апам” деген кызыктуу персонажыңыз бар, билишимче, чоң энеңиз...
– Ооба, чоң энем мени 2 айлык кезимден баштап баккан. Мендеги чыгармачылык көрөңгө ошол чоң апамдан го. Чоң эне эмес, апа дейм. Апам үйгө кирип чыккан кишинин сүрөтүн сөз менен тартып койгон, сөз баккан адам эле. Тамга таанып, билимдүү болсо, тил илимине бир салымын кошот беле деп ойлоп калам. Эл оозуна акын болуп алынганымды көрбөй кетти. Өзүмдүн атам да акын болчу. Гезитке биринчи ырым чыккандан кийин ыр жазган калың дептерин мага берип, “болду, кызым, эми мен ыр жазбайм, калем сабымды сага бердим” деген боюнча жазбай койду.
– Алыкул Осмоновго аябай таасирленген экенсиз, түшүмө кирчү деп айтканыңызды укканым бар...
– Манасчылар аян алган сыяктуу, түшүмө Алыкул акын көп кирчү. Кадимкидей сүйлөшчүмүн түшүмдө, бир жолу “менин ырларымдын көбүн уурдап кетишпедиби” деп аябай кейиди. Анда мен 10-класста окучумун. Мунун жандырмагын кийин, студент болгондо билдим. Көрсө, акын каза болгондо бир топ ырлары жоголуптур. “Маркумдун бөлмөсүнө биринчи кирген адам алып койгон” деген имиш бар.
– Күмбөзүнө келгениңиз чынбы?
– Чын. Адамдын көкүрөгүндөгү талант, шык топтолуп жүрүп, бир күнү жанар тоодой атылып чыгат окшобойбу. Ошондо эргүү менин да көкүрөгүмдү жарып чыга албай турган абалым экен, жолдошумдан суранып, Алыкул Осмоновдун көрүстөнүнө келдим. Анда 23-24 жашта элем, Нарында жашачубуз. Көрүстөнүн таап, чоң атамдын төрүндө отургансып бутту сунуп отуруп алып аябай ыр окудум, сүйлөштүм. Кадимкидей жеңилдеп калгам. Туура, Кудай бербесе окуп акын боло албайсың. Ошол эле убакта, талантты да багыш керек экен. Акындыкты сүйдүм, байлыкка да, бийликке да эмес, ыр жазганга кумарландым. Өнөр аябай чоң сыноо, чыдаган гана анын туу чокусуна жетет.
– Аял болуу өзү кыйын нерсе, акын аял болуу андан да кыйын болсо керек?
– Бир колумда калем сабым,
Бир колумда казаным,
Жондо бала, жолдо түйшүк,
Көкүрөктө казалым... – деп ырымда айтылгандай, бала, казан, калем сап, көкүрөгүңдө удургуган талант, ушунун баарын көтөрүп алып жолдо эрбеңдеп келесиң. “Мунун баарын көтөрө албайм” деп чачып ийбейсиң да. Баары баалуу, баары сеники, кыйбайсың. Чыдайсың, мен үй-бүлөмдү да, акындыгымды да сүйдүм, сабырдуу болдум окшойт.
– Бир кесиптешиңиз “Жыпара эже аябай кыйын, аз маяна менен үй салды” деди эле...
– Рахмат, бирок мен жалгыз салган жокмун да. Менин кыйындыгымдан акын болдум деп да айта албайм. Турмушта, чыгармачылыкта ийгиликке жетиш үчүн сөзсүз жолдошуңдун колдоосу керек. Туура, журналист элем, айлыгым 6 миң сом болчу. Жолдошумдун Москвич унаасы бар эле, такси кызматында иштечү. Жолдошумдун тапканын үй-тиричиликке, балдардын окуусуна жумшап, менин азын оолак айлыгыма курулуш материалдарын алчубуз. Эсимде, бир жолу 10 миң сом калем акы алып, абдан кубанганбыз. Ошого дароо цемент алып, үйүбүздүн пайдубалын куюп баштаганбыз. Үй-бүлөдө ынтымак болсо, сабыр болсо, баарын жеңсе болот. Кыйынчылык болгондо эртеңдин да эртеңдерин ойлоп, балдарым чоңойгон кездерди элестетип чыйралып алып анан жолумду улантчумун. Азыр неберелердин бактылуу чоң ата-чоң апасы, таята-таенесибиз.
– Адатта жубайлар окшошуп калат дешет. Окшошсуздарбы?
– Ооба, экөөбүз сыртыбыз да окшош, ичибиз да окшош. Барга-жокко каниет кыла билип, адамдардын көңүлүн оорутпаган жагдайларыбыз окшош. “Экөөңдүн бириң катуураак болбойсуңарбы?” дешет кээде.
– Сабырдуу, ыймандуу болуу тарбиядан келдиби же мүнөзбү?
– Тарбия менен мүнөздүн айкалышы. "Энесин көрүп кызын ал" деген да чын. Эсимде, мен анда сендей жаш кезим эле, балдарымды алып төркүлөп ата-энемдин үйүнө барсам, өзүмдүн төрөгөн апам кайненесине ыйбаа, тик карабай, чай куюп отурат. Ошондо бир “Анын кызы мен минтип эне болдум, өзү таене болуп туруп, кайненеден дагы эле ийменет” деп таң калганым эсимде. Мунун баары өз турмушуңда сабак болот экен да.
– Ыр дүйнөңүздү түшүндүбү жолдошуңуз?
– Түшүнбөсө бул даражага кайдан жетет элем. Бир жолу чогуу иштегендери ага “Жыпар сүйүү ырларын жазганда кызганбайсыңбы?” дешсе, “Ал ырларды экөөбүз бирге жазып келе жатсак, эмнеге кызганам?” деп тамашалаган экен.
– Сүйүү ырларын башыңыздан өткөргөндөй жазасыз...
– Акын сезимтал болот да, бирөөнүн көзүнөн эле абалын рентген сымал көрө алат. Мисалы, азыр мен бул жерден чыгып эле “Мен сени ушунчалык сүйүп жүрөм” деп ыр жазып кетишим мүмкүн. Мен ал сүйүүнү сенин көзүңдөн көрүп турам. Адамдын көзү – күзгү. Ал көп нерсени жашыра албай, сыртка айтып коёт.
– "Канча эне калды бала “өңөрбөй”?
Канча бешик турат бала бөлөбөй?
Кайран кыздар азып-тозуп кеткенде,
Калды бекен Манастай эр төрөлбөй?"- деген саптары бар “Аялга” деген поэмаңыз жагат. Тарыхы барбы?
– Таалайгүл Ташманбетова деген кесиптеш сиңдим “бүгүнкү күндөгү аялдын образын чагылдырган моноспектакль жазып бериңизчи” деп суранып калды. Жаңы жылда бир ырымым бар, дасторкон жазылып даярданып жатканда компьютеримди ача калып ыр жаза калам. Кийинки жылга да ыр менен кирейин деген ырым, тилек бул. Бир Жаңы жылда кызым, келиним стол даярдап жатканда “өзүңөр жасай бергиле, балдарым” деп отура калып ыр жазмай болдум. Эмне жазсам деп ойлонуп жатып баягы буюртма эсиме түшүп кетти. Тема көкүрөктө өзү эле бышып, жетилип жүргөндүктөн, кеминде 20 мүнөттүн ичинде жазылып калды. Ушундай бактылуу болдум, дасторкондо отуруп алып да окудум. Балдарыма окуп бердим. Өзүмдүн башымдан өткөн окуя деле эмес, бирок жүрөгүмдө жүргөн тема. Аялдардын жашоо турмушун, алардын психологиясын, кубаныч-кайгысын аялдардан артык ким билет?
– Акындык сизге эмне берди, байлыкпы, атакпы, наамбы?
– Эң биринчи кезекте, акын катары мен элиме эмне бердим? Ыр бердим. Акындык өнөрдөгү максатым – адамдардын жан дүйнөсүнө кичине болсо да жарыгымды тийгизүү. Миссиямды аткарып келе жатам деп ишенем. Анткени элдин сүйүүсүнө ээ болдум. Ырларым менен байлык топтобосом да, балдарым, элим мени менен сыймыктанат, эң негизги байлык ошол. Мен ыр берем элге, эл мага ыраазычылык берет. Былтыр Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын ыйгарышкан. А бул адамга канат менен бирге эле жоопкерчилик берет экен. Элдин ишенимин дагы кантип актасам экен деген түйшөлүү берет экен. Жаратканымдын жардамы менен дагы да жарата турган эмгектерибиз алдыда болсун.
– Калемиңиздин сыясы кургабасын, маегиңизге рахмат!
Нуржамал Жийдебаева