ДЕНЕГЕ ТАТУИРОВКА ЖАСАТУУНУН БААСЫ КАНЧА?

ТАТУИРОВКАНЫН ТАРЫХЫНАН
Адамдын денесинде татуировка мындан 6 миң жыл мурун пайда болуп, алгачкы татуировканын ээлери египеттиктер болушкан. Негизи, татуировканын жөнөкөй түрү мындан да мурун пайда болгон. Алгачкы общиналык коомдо жашагандар өздөрүнүн кайсы урууга таандык экенин дал ушул денесине тартылган сүрөт­төрүнөн билишкен.
Татуировканын экинчи мекени болуп Япония менен Кытай өлкөлөрү эсептелинет. Бул өлкөлөрдө татуировканы кылмышкерлердин эн белгиси катары колдонушкан: Кытайлар “ит” деген иероглифти кылмышкерлердин маңдайына, япондор ушундай эле белгини кылмышкерлердин ийининин ички бөлүгүнө ысытып туруп басышкан. Ал эми япон аборигендеринин аялдарынын эринине, жаагына оюм-чийимдер түшүрүлгөн. Бул сүрөттөр ал аялдын күйөөсүнүн бар-жогунан, канча баласы бар экенинен кабар берип турган. Татуировкасы жок аялдан төрөлгөн баланы төрөлөөр замат өлтүрүп салышчу.
90-жылдардын орто ченинде Бишкек боюнча бир гана салондо татуировка жасалса, азыр дээрлик ар бир экинчи салондо жасалат. Биз татуировка жөнүндө маалымат алуу үчүн Бишкектеги “Люкс” салонунун кызматкери Сергей Янкиге кайрылдык.

«СУУ МЕНЕН КҮНДҮН НУРУ –
ТАТУИРОВКАНЫН НЕГИЗГИ ДУШМАНДАРЫ»

– Сергей, бул өнөр менен алектене баштаганыңызга канча болду?
– Татуировканы мен алгач 1989-жы­лы аскерде жүргөндө тарткам. Ага чейин адамдын денесине эмес, кагазга ар кандай сүрөттөрдү тартуу менин хоббим болчу. Адамдын денесине сүрөт тартууну бир ротада кызмат кылган жолдош баламдын колуна сүрөт тартуудан баштагам. Анда албетте, эч кандай аппараттын жардамысыз эле кадимки ручка, сүрөтчү­лөрдүн тушун колдонуп тарткам. Ал баланы көрүп ротадагы жоокерлердин баары, өзүбүздүн ротабыз аз келгенсип башка ротадагы жоокерлер мага денелерине сүрөт тарттыруу үчүн кезекке тизилип калышчу. Ошентип, мен аскерден кеткенче 300дөй адамдын денесине сүрөт тарткам. Аскерден келген соң куруучулук жакка иштеп кеттим. Көп жылдардан кийин гана бирөө­лөрдүн кеңеши менен бул кесипке өттүм. Ал эми бул салондо иштегениме жети жылга аяк басты.
– Азыр аскердеги тажрыйбаңыз менен эле иштеп келе жатасызбы?
– Кайдан? Аппарат менен иштегенди атайын Москвага барып профессионалдардан үйрөнүп келгем. Татуировка жасоо үчүн анча-мынча медициналык түшүнүк да керек. Мен бул жагынан да атайын билим алгам.
– Өзүңүздүн денеңизде татуировка барбы?
– Менин денемде эч кандай татуировка жок. Тарттыргым келет, бирок, профессионал татуировкачы катары башка бирөөгө ишенбейм. Өзүм болсо каалаган жериме тарта албайм.
– Биздин белгилүү инсандарыбыз да денесине сүрөт тарттырууну каалашабы?
– Мен иштеген салондун кызматынан белгилүү ырчылардын дээрлик 60-70 пайызы колдонушат, бирок, эмнегедир татуировка жасатууну эч ким каалабайт. Жаңы чыгып келе жаткан ырчы Алекс жакында эле келип “бир аз толоюн, анан денеме татуировка жасатам” деп кетти. Мындан башка эч ким деле кызыккан эмес. Татуировканын эң жөнөкөй түрү, башкача айтканда, кадимки маркердин жардамы менен сүрөт тарттыргандар болгон. Андай сүрөт 5-6 күн гана өчпөй турат.
– Чыныгы татуировкалар түбөлүккө сакталабы?
– Түбөлүктүү эч нерсе жок. Анын сыңарындай, бул да түбөлүк­кө ушул калыбында турбайт. Убакыт өткөн сайын боёктун өңү бозомук тартып, өчө берет. Ошондуктан, он жылда бир жолу үстүнөн жаңы түс берип коюу керек.
– Кардарларыңыздын кызматыңызга нааразы болгон учурлары болобу?
– Бири-бирибизди тү­шүн­бөй калган учурлар болот. Бир жолу бир кызга тату жасасам, эртеси күнү эле Түркияга учуп кетиптир да, көлгө түшүп алыптыр. Суу менен күндүн нуру – татуировканын негизги душмандары. Татуировка жасалган соң кеминде бир жума суу тийгизбей туруу керек. “Сен туура эмес жасаптырсың”,- деп мага нааразы болуп келиптир. Мен анын өзү эрежелерди сактабаганын далилдеп бердим.
– Денеге бир сүрөт тартуу үчүн канча убакыт сарпталат?
– Бул нерсе тандалган татунун көлөмүнөн жана сүрөттүн оор-жеңилинен көз каранды. Ашып кетсе эки саат тынбай жасагандан кийин дене чарчайт. Анан ишти токтотобуз да, бир жумадан соң кайра баштайбыз. Орточо көлөмдөгү татуларды кардар эки жолу келгенден кийин эле бүтүрүп коём. Ошондой эле менин колумдан сегиз ай бою жасалган татуировкалар чыккан.
– Татуировка каражаттарын кайдан аласыздар?
– Менде жогорку сапаттагы 28 түстүү боёк бар. Буларды заказ менен түз эле Америкадан алдырабыз. Ийнелерден болсо Таиланд­дыкын колдоном. Аларды бул жактан деле тапса болот.
– Тату жасатып жаткан адамга оорусу канчалык деңгээлде сезилет?
– Бул ооруну өзүм сезген эмесмин. Тату дененин эң үстүңкү катмарына тартылат. Андыктан, албетте, жагымдуу эмес, бирок, өтө катуу оорутууну сездирбейт. Кардарларымдын айтууларына караганда, каштын бир талын жулгандагыдай эле болот экен.
– Эгер сыр болбосо баалары кандай?
– 500 сомдон башталат. Эң майда көлөмдөгү жөнөкөй иероглифтерди ушундай баага жасаса болот. Андан ары жогорулап кете берет.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

ТАТУИРОВКА КАНДАЙЧА ЖАСАЛАТ?

Денесине сүрөт тарттырууну каалаган кардар алгач калың каталогдон каалаган татуировкасынын түрүн тандап алат. Мастер менен кеңешкен соң мастер ал татуну кагазга ручка менен чиет. Дененин кайсы бөлүгүнө кандай көлөмдө тартылаары аныкталган соң алгач денеге карандаш менен тартылат. Күзгүдөн кардар сүрөттү көрүп, макулдугун берсе, ийне жана атайын боёк­тор колдонула баштайт.

ТАТУНУ КАЙСЫ УБАКТА
АСАТУУГА БОЛБОЙТ?

  • Сыркоолоп же температура көтө­рүлүп турган учурда;
  • Катуу мас болгон учурда;
  • Кандайдыр бир хроникалык оору козголуп турса;
  • Эгер психикалык жактан нормалдуу болбосо;
  • 18 жашка чыга электерге;
  • Аялдардын боюнда бар болсо.

Гезитибиздин өткөн санында денесинде татуировкалары бар чет элдик жылдыздар жөнүндө кабар берген элек. Бул жолу биздин жылдыздардын кимисинин денесинде татуировка бар экенине кызыгып сураштырсак, биздикилер мындай нерседен таптакыр алыс болуп чыгышты. «Мусулманчылыкта денеге так калтыруу чоң күнөөгө жатат» деген принцип менен көпчүлүгү тату жөнүндө тескери пикирлерин айтышты.
Сураштырып отуруп денесинде сүрөтү бар жылдыздардан жаш ырчы Микаэлди таптык. Микаэль татуировкаларын мындан үч жыл мурун моделдик агенттикте иштеп жүргөн кезинде тарттырган экен. Анын колунда, далысында жа­­на белинде чоң көлөм­дөгү татуировкалары бар. Бул сүрөттөрүн ырчы жөн гана кооздук үчүн тарт­тырганын айтты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 242, 22-28-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан