(Башы өткөн сандарда)
Көздөрү жашка толуп турган кызын кучактай калып Анвар күбүрөй берди.
– Сенин ар бир көз жашың үчүн баары жооп берет...
– Мен эмне кылам, ата?
– Жашайсың, кызым, сен күчтүү кызсың. Тескерисинче, бактылуу болуп жашайсың. Кана, мага сөз бер, кандай болсо да башыңды бийик көтөрүп жашайсың.
Айсулуу ушул окуяны кийин көп эстеди. Жашоосунда кара тилке болгондо атасынын “жашайсың, эч нерсеге карабай күчтүү болуп жашайсың” деген кебин эстечү. Ошол сөз жардам бергендей сезилчү.
ххх
Эриктин атасынын кырылдаган жагымсыз үнү бар эле. Капкара кийинчү, алдыңдан чыга калса Америка кинолорундагы ганстерлерди элестете турган бир адам эле. Анвар акырындап анын аркасынан изилдөө жүргүзө берди. Эриктин айткандарына эч бир далил таба албагандан ошондой кылды. Эриктин атасынын жинине тийсе, ал Аскар тууралуу ачыктайт деген ой болду. Бир күнү Анвар кабинетине бастырып кирип келди. Мындайды күтпөгөн тиги олурая тиктеп калды.
– Сөз бар,- деди ал.
– Макул, кел, отур. Сүйлө. Эмне керек сага? Уулум жазасын алды, дагы эмне керек?
– Уулуң жалгыз болгон эмес, жанындагы ким эле?
– Доктор, уулум кылмышты моюнуна алды. 10 жылга соттолуп кетти, дагы эмне керек сага?
– Сенин уулуң менин кызымды биринчи жолу көргөн. Ошол окуяга чейин көргөн эмес. Жөндөн-жөн эле бир кызга кол салбайт болчу. Ал бирөөнүн заказын аткарган...
– Детективсиңби сен?
– Балким...
– Унут, доктор, ушул боюнча токтоп калбасаң кызыңа дагы зыян тарттырасың.
– Чачынан бир тал түшүрө албайсыңар...
– Сен ажалыңа шашып жатасыңбы, доктор? Антпе, али жаш экенсиң, менимче, 50 жашка да жете элексиң.
– Депутат Аскар... Сен, менимче, аны коргоп жатасың. Эмнеге?
Тиги тиктеп отуруп калды. Оңой неме эмес көрүнөт. Кыжырын араң басты.
– Сен катыныңды тарттырып ийген адам менен өзүңдүн маселең бар чыгар, мен кайдан билейин? Балким, үчөөң отуруп алып чече турган маселеңер бардыр.
Анвардын жүзү былк этип койгон жок. Мындай сөз болорун билип өзүн даярдап келген окшобойбу. Тиктеп тура берди. Тиги көзүн ала качты.
– Мен баары бир чындыкка жетем!- деди да Анвар ордунан жеңил туруп басып кетти.
– Терминатор өзүнчө эле...- нааразы боло күңкүлдөгөн Эриктин атасы кала берди.
ххх
– Кызым, быйыл окууга тапшырышың керек. Сен минтип жата берсең окуу сага өзү келмек беле?- деди Альфия.
– Эмне кыл дейсиң?
– Жогорку окуу жайга тапшыр, юридикалык багытта билим алып ал, менин тааныш курбум бар. Сүйлөшүп киргизип коёбуз. Контрагын да өзүм төлөйм. Сен болгону...
– Апа, мен юрист болгум келбейт. Быйыл эч нерсе кылбай эле үйдө болоюнчу, кийинки жылы деле тапшырам.
– Андай болбойт, Айсулуу, минтип жата берсең оорукчан болуп калышың мүмкүн. Жок дегенде курбуларың менен сыртка чык.
– Ммда, баары мага боору ачыган көз караш менен карашат. Баары ошол окуяны билгиси келишет. Апа, мен такыр эле ушул райондон, ушул шаардан кетким келип жатат. Балким, Стамбулга таежемдикине барып келсемби...
– Качып жашоону жеңе албайсың, кызым. Жашоону улантыш керек.
– Кантип уланат, мен сүйгөн кесибимди уланта албайм. Мен ал тургай сырттан нан алып келиш үчүн деле кара көз айнек тагып, кепка кийип чыгып жатам. Жанымдан өткөн эркектердин баарынан корком. Мындай учурда кантип жашоону улантууга болот? Сага жеңил, апа. Мага канчалык оор билбейсиң.
Альфия эмне дээрин билбей калды. Ошол учурда Анвар келип калды.
– Салам...- деди ал суз.
– Кандайсың, экөөбүз сүйлөшүп алалычы.
Башка бөлмөнүн эшигин жаап алып кыжы-кужу болуп жатышты. Апасынын бышактап ыйлаганы угулду. Айсулуу тыпылдап жааган жамгырды карап турду. “Бул экөөндө эмне айып? Ансыз да кыйын болду экөөнө, айрыкча атасына. Чын эле жашоо уланып жатат. Мына жамгыр жаады, эртең күн ачылат. Бир жерде бир бала төрөлүп жатса, бир жерде бирөө каза болгондур. Баары өтөт, күндөр алмашат. Мен тагдырыма таарынып эзиле бергенде эмне? Болду, ал күндү эч артка кайтара албайм. Ошол күнү ошол каргашалуу жерде болбогондо мындай окуя болмок эмес. Машыктыруучум менен кете бергенде эмне? Же балет менен машыкпай койгондо мындай болмок эместир, же балким, такыр эле төрөлбөй койсом эмне? Уф, өзүмдү колго алышым керек. Экөөнүн жашоосун ого бетер татаал кыла бербейин”.
Чечкиндүү турду да, атасы менен апасы кыжылдашып жаткан бөлмөгө кирип барды.
– Мен үчүн урушпагылачы, ата.
– Жок, кызым, сен үчүн эмес,- деди атасы.
– Мен макулмун, апам айткан юридикалык бөлүмгө тапшырам.
Альфия жаштуу көздөрү менен кызына карады.
– Апа, сен кейибе, сүйлөшө бер. Документтерди тапшыралы.
– Кызым, сен бул кесипти каалабайсың го? Дагы ойлон, убактың бар...
– Мага азыр алаксыш керек, ата. Сен да өзүңдү кыйнай бербе, мени өлүп калат деп да коркпо. Уктап жатканда келип демимди текшерип кетесиң, билбейт дейсиңби, мен үчүн коркуп жүрөсүң. Экөөң мындан ары мен үчүн урушуп-талашканыңарды каалабайм. Мен экөөңдү тең жакшы көрөм.
Кыз экөөнө тең мээрим менен карады. Эмнегедир экөө тең карый түшкөндөй сезилди. Атасынын чачтары аппак болуп кеткен эле, ал эми апасы... Альфия мурункудай сулуу болгону менен, убайымдан жүзүндөгү бырышы көбөйүп кеткендей.
ххх
– Эй, Эркин!- деп университеттин коридорунда кетип бара жатканда Санжар чуркап жетип Эркинди каруудан алды.
– Эмне?
– Коё турсаң...
– Жаныма жолобо деп айтпадым беле сага!
– Мени укчу, эй, тиги баягы кыз...
– Кайдагы кыз?
– Балерина... Айсулуу...
– Энең, атын оозуңа алба дедим беле сага?!
– Эй, келесоо, ал кыз ушул жерде окуп жатыптыр.
– Эмне-е?
– Ооба. Маңдайымдан чыкты кечээ. Мен көзүмө көрүндүбү корккондон деп ойлосом... Бүгүн дагы жүрөт. 1-курстар менен.
Эркиндин оозу кургап кетти.
– Жаныңды жеп жатасың?..
– Калп айтып эмне кылмак элем? Азыр кафетерийде отурат.
– Жүрү...
Эркин менен Санжар студенттик кафетерийге киришти. Айсулуу бурчта жалгыз отурган экен. Капкара чачтары жүзүн калкалай жаап алыптыр. Телмире терезени тиктейт. Эркиндин жүрөгү дүкүлдөп кетти. Коркуусу, уяты чогулуп келип жонуна тайраңдап минип алгандай сезилди. Көзүн ала албай тиктей берди. Кыз сүрөттөгүдөн да сулуу болчу. Эч бир боёксуз, эч бир жасалмасыз периштеникиндей таптаза жүзү бар. Кыздын капталындагы орун бош экен. Санжар түрткүлөсө да болбой ошол жерге барып отура кетти.
– Мен кеттим,- деп шыбырады Санжар коркконунан калтырап.
– Кете бер.
Кыз бир топко отурду. Алдындагы кофеси муздап калгандай, бир ууртап алып ордуна койду. Жеңил кара курткасын, кепкасын кийди да туруп кетти. Жанынан өтүп бара жаткан кызды узата карады. Аркасынан жүткүнө берип аргасыз токтоду. Кыздын карааны узай берди. Аскар уулу тууралуу эмне болуп жатса да кабарлап тур деп Санжарга тапшырма берген. Ал дароо телефон чалып болгон окуяны айтып жатты.
– Аскар байке, барба десем болбой койду. Жанындагы столдо отура берди. Кыз кеткиче отурду. Мен берки жакта жашынып турдум.
– Санжар, рахмат, макул.
Телефонду койгон Аскар столун бир муштап алды. Так Эркин окуган окуу жайга тапшырганын айт. Дал келүүбү же... Ичине курт түшкөндөй кыйнала берди. Ой токтотуп, Альфия окуу жайдын ректору менен жакшы тааныш экенин эстеди. Бул жагы логикага сыя турган нерсе. Ошол учурда Эриктин атасы телефон чалып калды. Жолугуп сүйлөшмөй болушту.
ххх
Эркин алдындагы тамакты тиктеп отура берди. Көз алдында Айсулуу. Апасы ага бир нерсе деп жатканын укпай калды.
– Эркин дейм...
– Ии...
– Сага эмне болгон?
– Эч нерсе, бирдеме дедиңизби?
– Машинемди карап койчу, башкача бир үн чыгып жаткансыйт.
– Макул.
– Мени карачы, өңүң эмне мынча купкуу, ооруп калган жоксуңбу?
– Жок, жакшы элемин.
Эркин туруп сыртка чыгып кетти. Кайсы бир иштерди кылды, ага алаксыды, буга алаксыды. Эч эле болбой кафетерийдеги кызды эстей берди. Алаксыш үчүн колуна тийген иштердин баарын кылды, атасынын машинеси келип токтогондо гана кеч болуп кеткенин сезди. Атасы аны сынай карады. Жүзүнөн бир нерсе издеп жаткандай.
– Эркин, окуу кандай, жакшыбы?
– Болот.
– Сен эмне бүгүн шымаланып эле жумуш кылып калгансың?
– Өх, иш кылсам да жакпайм...
– Жагасың, эртең эрте кел, ээ? Алмаз деген досум келет конокко, балдарың менен кел дедим. Таанышып алсаң кереги тие турган балдар. Түз жүргөн балдар менен дос болчу, уулум.
Эркин атасына таң кала тиктеп калды. Деле мындай жылуу сүйлөп көргөн эмес эле...
(Уландысы кийинки санда)